Баарлашуу:Баласагун

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кийинки маалыматтар пайдаланбагандыктан, Балыкооздун санжырасындагы (интернеттен табууга болот) түшүндүрмөнү көрсөтөлү (анда колдонулган адабияттар да берилиптир, ошондуктан аны көрсөткөн жокпуз, ошол жерден алууга болот): БАЛАСАГЫН (Баласагун) шаары биринчи жолу селжуктардын вазири Низам ал-Мүлктүн эскерүүсүндө жолугат. Ал боюнча каапыр-түрктөр (караханиддер) 943-ж. бул шаарды басып алып, кийин ислам динин кабыл алган. Макдиси боюнча берекеси төгүлгөн, көп элдүү чоң кыштак (населенный пункт) болгон. М. Кашкари аны «Күз-Улуш», «Күз-Ордо» деп да атап, «Баласагунда жашаган эл – сугдак» деп аталат дейт (анын шаар салынгандан бир нече кылым кийин көргөнүн эске алуу керек). 1130-ж. аралыгында Баласагунду кара-кытайлар алып, 1210-ж. хорезм шахы Мухаммед Текеш тарабынан таланган. 1218-ж. моңголдор басып алып, каршылыксыз багынып бергени үчүн «Гобалык» («Жакшы шаар») деп аталып калат. Андан кийин Махмуд ибн Валинин «Бахр ал-асрар» («Деңиздей терең сырлар») деген китебинде эскерилет. Негизи Баласагун шаары бөлөкчө аталуулар менен орто кылымдын авторлору аркылуу 8-к. бери тааныла баштаптыр. Анын биринде түркчө «Беклиг» (жөн гана чеп, же шаар, согду тилинде «Семекна») аталган шаар кезигет. «Беклиг» («Беклелиг») жана «Семекнанын» Баласагун (б. а. «Сенгундун шаары») менен дал келишин түрк сөздөрүн чечмелөө аркылуу окумуштуулар С.П. Толстов (моңг. Балгасун = Баласагун) менен С.Г. Кляшторный («бала» – «балык» = шаар; «сагун» – аскердик-акимчилик титулу) түшүндүрүшкөн. «Беклиг» шаарынын башчысынын аты Бадан Сангу болуп, «Бадан» деген кишинин (согдиялык же персиялык ак сөөктөрдүн бири) аты, «сангу» титул экени чечмеленген. Кляшторный аны 731-ж. Күлтегиндин кара ашына согдиялык Жети-Суудан келген Нек Сенгун менен Огул Тарханга салыштырып, «Сенгун» мураска кала турган титул экенин тактаган. Нек Сенгун Бадан Сангудан мурун бийлик кылган. Эң кызыгы Балыкооздун санжырасында Сыр-Дарыяга жакын жайгашкан Отор хан салдырган Отор (адегенде Ордо деген шаар болгон), Баласагын (киши) салдырган Баласагын ж. б. шаарлар тууралуу айтылат. Балыкооз бир нече жолу кайталап, Отор шаарын ордо (хан турган жер) экенин белгилептир: «Ордонун жайын айтуу керек. Отор шаары сырты чоң коргон, 12 капкасы бар экен. Ар капканын темирден кылган дарбазасы [жана] мунарасы бар. Ошол замандын кооз шаары болгон Отор», «Калмакты кууп, казак-кыргыз минтип үчөөбүз ортобуздан Сагынды кан көтөрдүк, Жети-Суу кандыгы кылып. Сагын шаар салды. Шаардын атын Баласагын койдук». В. Бартольд да Макдиси, Кудама, Якутка таянып, кээ бир жерде Баласагун шаары Орду шаарынан анча алыс эмес, Исфиджаб округунда ал Орду шаарынан кийинки экинчи орунда турган шаар экенин жана Аулие-Атанын (Тараз) түндүк-чыгышында жайгашканын эскертет. Ал эми П.Н. Кожемяко: «А.Н. Бернштамдын пикирине таянган Л.Р. Кызласов да Чүй отряды адеп иштей баштаган жылы Баласагун шаары Ак-Бешим болуш керек деп эсептеген. Бирок, 1953–54-ж. казуулардын жыйынтыгы жана 1938–40-ж. А.Н. Бернштам чогулткан материалдарды салыштырып көрүүнүн негизинде Ак-Бешим калк жашаган шаар катары 6–10-к. (мындан кийин эмес) тиешелүү экени аныкталды, демек анын 11–12-к. караханиддердин борбору болгон жана жазма даректер боюнча 14-к. чейин белгилүү болгон тарыхый Баласагун шаары болушу эч мүмкүн эмес» экенин кошумчалаптыр. Мындан тышкары Махмуд Кашгаринин эмгегинде Баласагын тоолорунда Кулбак деген такыба адам (дербиш) жашап, ал бир ташка «кудайдын кулу Кулбак» деп жазып койсо, ошол жазуу кийин Талас өрөөнүндөгү Кулан-Сай, Терек-Сай капчыгайынан табылган экен. Демек Баласагын шаарын Токмоктун жанына жайгаштыруу күмөн да. Эмне үчүн мындай маалыматтар эске алынбай калган?