Баарлашуу:Кыргыздар

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

1. Макала жазганда тарапсыздык негизи бузулган: "Улуу Түрк эли", "Түрк расасы" же "Кыргыз Түрктөрү Коомдук сайты" деген эч кимге тааныш болбогон жана жаңы "термин"дерди энциклопедияда колдонууга болбойт, өчүрүлсүн! 2. "Монголдордун ж-а турк элдери м-н болгон карым катнаштан кийин бугунку Кыргыздар келип чыккан" же "Кытай, Араб жазма булактарында"га окшош сүйлөмдөрдү жазганда сөзсүз түрдө жазма булактардын атын, жазуучусун, барагын, басма үйүн көрсөтүү керек. 3. Кыргыздар жөнүндө кыргызча макаланы туура жазгылачы!!! Ачыкча пан-тюркист жана расисттик биримдерди колдонбогулачы, айланайындар!!! Эптемей жазба! Жазганга жараша туура, орфографиялык жактан катасыз жаз!! Макала жазгандын кыргыз тили сабагы, мугалими барбеле өзү???? Уят!!! Сухроб!

Ушул макаланы карап көргүлө, балким алмаштырууга болот.....

Кыргыздар, улут, Кыргыз Респубилкасынын негизги калкы; Борбордук Азиядагы эң байыркы элдердин бири. КРда жалпы саны 3 674 395 (2009), Өзбекстанда (Фергана өрөөнүндө) 600 миң (2009); Тажикстанда (Тоолуу-Бадахшан АОдо) 81 миң (2006); Кытай Эл республикасында (Кызыл-Суу автономиялуу округунда) 200 миң (1995); Афганстан (Бадахшан провинциясы) 10 миң (2009); Турцияда (Адана, Анкара, Ван, Малатья вилайетинде 2,5 миңдей) жашашат. Кыргыз тилинде сүйлөйт, группасы боюнча түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна, антропологиялык жактан монгол расасынын Түштүк Сибирь бөлүгүнө кирет. Негизинен мусулман-сунниттер. Кыргыздардын этногенези өтө татаал маселенин бири болгондуктан, ага байланыштуу бири-биринен кескин айырмаланган бир нече көз карашты кезиктирүүгө болот. 1) Кыргыздар адегенде Түштүк Сибирде (Енисей) жайгашып, Тянь-Шанга кийин келген (В. В. Бартольд, К. И. Петров ж. б.). 2) Байыртадан бери Чыгыш Тянь-Шанды мекендеп жүрүшкөн (Н. Аристов, Ө. Караев, Ю. Худяков ж. б.). 3) Автохтондуу (жергиликтүү) эл (А. Маргулан). Көпчүлүк окумуштуулар кыргыз элинин негизги өзөгү Борбордук Азияда жаралып, этностук жагынан хунн, динлин, сак, усун сыяктуу байыркы уруулар менен байланышкан деген пикир басымдуулук кылат. Бирок «кыргыз» деген сөздүн анык этимологиясы так анытактала элек. Кээ бир изилдөөчүлөр кыргыздарды «кырк-гуз» («кырыг-огуз») = «кызыл огуздар» (Н.А. Баскаков); «кыргу(з)» = «кызыл» (К.И. Петров); «кыр(кыз[ыл])-гыз», б. а. «кызыл жүздүү гы-з» (А.Н. Кононов) деп эсептешсе, Ю.А. Зуев «karkasa» (индоиран тили), «kahrkasa» (авеста тили), «kargas» (пехлеви же орто кылымдагы фарси тили), «karges» (памир-иран тили), «carkas» (согду тили) аркылуу «cirgus» (осетин тилинде «бүркүт») менен байланыштырган. Ал эми синолог П. Пельонун (Pelliot) ою боюнча кытай транскрипциясы монгол тилиндеги «киркун» (алгачкы формасы «Kien-k'un», жеке түрүндө «Qirqun») аркылуу кабыл алынып, көптүк түрдө «киркизга» («Qirqis») айланган. В. Минорский болсо түрктөрдүн «40» деген санына салыштырып, көптүк түрү «киркиз» («Qirq-is») экенин көрсөткөн. Башка бир окумуштуулар (В. П. Юдин) кыргыз элинин келип чыгышын (этногенезин) окууда «кыргыз» деген терминдин артынан түшүү туура эмес экенин белгилейт. Ал эми С. Абрамзон «кыргыз» деген этнонимди анын бүткүл жашап келе жаткан мезгилинде бирдей этникалык мазмунга ээ болуп келген этноним катарында үстүртөн мамиле жасоо туура келбестигин, анткени, ал этнонимди алып жүргөндөр (эң болбогондо XVI—XVII к.к.) бир эле убакта Түштүк Сибирь, Чыгыш Түркстан, Тянь-Шань, Памир-Алай, Орто Азия жана казак талааларында, Урал боюнда (башкыр-татарлардын арасында), б. а. бир-биринен алда канча алыс турган территорияларда жашашканын белгилейт. «Кыргыз» этноними алгачкы жолу кытай тарыхынын «атасы» Сыма Цяндын «Тарыхый жазмалар» («Ши цзи») деген эмгегинде (б. з. ч. 203–01-ж.) «гегун» транскрипциясы менен берилген. Бирок байыркы жана орто кылымдагы Кытай тарыхый даректеринде жылдар так көрсөтүлбөй, бир эле элди ар башка аттар менен атоо, же бир эле жерде ар мезгилде жашаган түрдүү элди бир эл катары саноо; географиялык жайгашуулардын түшүнүксүздүгү (мисалы, кытайлык тарыхчы-географтар өзүлөрүнүн түндүк-чыгыш, түндүк, түндүк-батыш чек араларын иш жүзүндө түндүк деп көрсөтүшкөн); сөз башы же аягына келген каткалаң үнсүздөрдүн өзгөрүлүшү (мисалы, чет тилдеги r тамгасы хан доорунда сөз аягында n, тан доорунда tга айланган, ошондуктан кээ бир синологдор гяньгундун баштапкы формасы (qrїq qun, qїr qun). гегунуку (kiet kuət) кыргыз (qїr quz.) болгонун белгилешет. Ал эми башка тилде баштапкы тамганын жутулуп айтылышы же тыбыштын өзгөрүлүп кетиши (мисалы, сюнн – хунн – хусюнь – кушан – усун); иероглифтин өзгөчөлүгү (мисалы, q менен γдөн кийин келген тыбыштын баары кытайча â деп окулуп – хягястын баштапкы формасы адегенде түркчө γүr qү' s же xүr qү' s болгон); байыркы кытай тилиндеги энчилүү аттардын жаңы кытай тилине, андан орус тилине которулушу (мисалы, «Ала-Тоо» – «Бэй-шань» – «Белая гора»; «Кара-Тоо»– «Цин-шань» – «Чёрная гора», «Тёмная гора»); ылакап ат менен берилиши (мисалы, «Чулу» – таштак чөл, «хоу» – бийликтеги экинчи орун = Чулохоу [Чулохан = Таштак чөлдүн ханы] ж. б.) көп кезигип, аны пайдаланууда көптөгөн кыйынчылыктар туулат. Кийинки кытай династиялары Хан (б. з. ч. 206–б. з. 205), Тан (618–907), Сун (960–1279) тарыхында гяньгунь, гюйву, гйегу, гйегйесы, гягяс, сяцзяс, хагас, хягас, хакяньсы, хэгу, цзегу (цзйегу), цигу (цзюу), цзяньгунь, цзянькунь ж. б. түрүндө кезигет. Орхон-енисей руникалык жазуулары чечмеленгенден кийин аталган транскрипциялар «кыргыз» этнонимине тиешелүү экени аныкталган. Кытай иероглифиндеги «цзегун» менен «кара кыргыз» (б. а. жалпы кыргыз) деген аталуунун окшоштугун Н. Г. Маллицкий да белгилеген. Бирок алардын азыркы кыргыздар менен түздөн-түз байланышы бар (Н. Аристов, Б. Солтоноев) же жок (М. Жамгырчинов, Л. Кызласов) экени, ошондой эле Енисей жана тянь-шандык кыргыздардын бир же эки башка мамлекет болгону тууралуу маселе такталып, далилдене элек. В.П. Юдиндин ою боюнча моңгол чабуулдарынан кийин кыргыздардын Алтай-Енисейден Тянь-Шанга келип, моголдор менен ассимиляциялашып кетиши тарыхый маалыматтар аркылуу такталбаган, ишенимсиз гипотеза болуп эсептелет. Анткени менен азыркы «кыргыз» этноними 11–16-кылымдардагы тарыхый маалыматтарда (Махмуд Кашгари, Мухаммед Хайдар, Рашид ад-Дин, Сайф ад-Дин Аксыкенти) кезиккен кыргыздар менен түз этногенетикалык байланышта болгону талаш туудурбайт. Тан династиясынын тарыхы (Тан-шу) боюнча байыркы мезгилде хунндардын батыш чек арасынан орун алган кыргыздардын (Гяньгунь) күчтүү мамлекети болгон. Б. з. ч. 50-ж. хунндардын башчысы (шанүй) Чжичжы кыргыздардын мамлекетин талкалап, өзү алардын ичинде турган. Кийин кыргыздар динлиндер менен аралашып кеткен, бирок б. з. 3-кылымда жазылган Үч династиянын хроникасы (Сань Го Чжи) боюнча бири хунндардын түндүгү, экинчиси усундардын батышында турган динлиндердин эки уруусу болгону белгиленет. Ушул ж. б. маалыматтарга (мисалы, «Вэй-лио», «Хоу Вэйшу» тарыхы) салыштырган окумуштуу И.В. Пьянков б. з. ч. I кылымда же андан мурун эле динлиндер чыгышынан Тышкы Монголиянын борбордук жана чыгышынан баштап, батышынан азыркы Казакстандын борбордук аймагына чейинки жерлерди ээлегенин белгилейт. Болжол менен ушул учурдан баштап телес (тйэле) уруулары менен бирге Иунун (Хами, же Комул) батышы, Яньцинин (Яньчжи, же Карашар) түндүгү, Бай-Шанга (Ак-Тоо деп которулган) жакын турушкан кыргыздар (хэгу) жөнүндө да маалыматтар кезиге баштайт. Ал эми Тан-шу тарыхына тиешелүү маалыматтар боюнча ханын «ажо» дешкен жана ал кийиз үйдө жашап, ордосу Кара-Тоодо (Цин-Шань) болгон. Ал кытай иероглифи менен «Мидичжы» деп аталып, мечит (храм) деген түшүндүрмө берилет. В. Бартольд аны фарси тилине байланыштырып, Микижкет деген шаар деп кароого аракет кылган. Бул мезгилде кыргыздардын көп сандуу уруу болгонун археологиялык маалыматтар да далилдейт. Мисалы, Талас өрөөнүнүн баш жагындагы байыркы түрктөрдүкү деп эсептелген мүрзө үстүндөгү таштагы эпитафиянын палеографиясы анык кыргыздардыкы болуп, ал орхон руникасынан айырмаланбайт, ал эми ошол эле өрөөндөгү Ачык-Таштан табылган жыгач таякчадагы жазуунун кичине палеографиялык өзгөчөлүгү болгон. Аларга Бахты айлындагы (Казакстан) кытай күзгүсүн жана Лобнор көлүнүн айланасынан (Кытай, Вашися эстелиги) табылган темир сап жебени ж. б. кошууга болот. Көрсөтүлгөн фактылар 8–9-кылымдарга чейин кыргыздардын Түндүк-Түштүк Тянь-Шанда болушун жана бул алардын Борбордук Азия менен Енисей гана эмес, Түндүк Кыргызстанда жүрүп турган тарыхый процесстерге да катышканын ырастайт. Кээ бир окумуштуулардын ою боюнча б. з. ч. I миң жылдыктын аягы – б. з. I миң жылдыктын башындагы байыркы гяньгун-кыргыздар Енисей менен Түндүк-Батыш Моңголия эмес, Чыгыш Түркстанда жайгашкан. 638-ж. Батыш Түрк кагандарынын бири Дулу-хан өлүп, ордуна Иби Дулу-хан деген ат менен Юйгу Ше хан шайланып, ал тууганы Хилишиге каршы согуш ачат, бирок андан эч майнап чыкпагандан кийин бул экөө Иле өзөнүнүн боюнда келишим түзүшүп, батышын Дулу, чыгышын Хилиши алган. Ушуну менен Батыш түрк уруулары да эки кагандыкка бөлүнүп, Дулу-хан өз ордосун Цзихэ тоосунун (Дегин боюнча Tsou-ko – байыркы Таразга жакын жер), батышына көчүрөт да, аны түндүктөгү Ордо деп атап, ага кыргыздар (Гйегу, Хягас) да кирген. 9–11-кылымдарга тиешелүү араб жазма маалыматтарында (мисалы, Истахринин эмгеги, Худуд ал-Алам, ж. б.) тогуз огуздар Син өлкөсүнүн (Кытай) батышы, Тибеттин түндүгүндө жайгашса, кыргыздар алардын батышы менен түндүгүнөн орун алган, б. а. Талас (Тулас), Ысык-Көлдөн баштап «кимактарга» чектеш Алтайга (Кандаурбаги) чейин жайгашкан. Марвази (11–12-к.) түрктөрдүн жери Мавераннахр, Хорезм менен чектешкенин, түрктөр кыргыз, кимак, гуз (тогуз огуз, уйгур), карлук, печенег (баджанак), кыпчак (хифжак) хазар, мадьяр деген уруулардан турганын, анын ичинен кыргыздар көп сандуу болгонун жана 8-кылымда Сыр-Дарыянын жээгиндеги кээ бир түрк-огуз уруулары арабдардын сүннөткө отургузуу адатынан коркуп, туш тарапка журт которуп кетишкенин жазган. Мухаммед ибн Бекран (12–13-к.) боюнча кыргыздар Аму-Дарыянын (Атиль) баш жагындагы тоолордо жашаган. Болжол менен 9–10-кылымдардардан баштап Орто Азиядагы кыргыздар жөнүндө маалыматтар азайып, 12–14-кылымдардагы кабарларда дээрлик эскерилбей, бул учурда Енисей кыргыздары тууралуу кабарлар кескин көбөйө баштайт. Алар 6–8-кылымдарда эле түрк, анан кыпчак, уйгурлардын бир нече катуу чабуулуна дуушар болуп, кыска убакыт көз каранды болуп турган. Тилекке каршы маалыматтардын чачкынынан азырынча Енисей жана Тянь-Шань кыргызынын бир же эки башка мамлекет болгонун так айтууга болбойт. Кээ бир окумуштуунун пикирине караганда (мисалы, Н. Аристов, С. Абрамзон, Ө. Караев, Ю. Худяков ж. б.) кыргыздар узак убакыт Алтай, Чыгыш Түркстан, Тянь-Шань, Памир-Алай аймактарын мекендеп, кээ бир кыска мезгилде мындан да чоң аймактарга ээлик кылышкан. 8-кылымда узакка созулган согуштан кийин кыргыздар уйгурларды жеңип (840-ж.), 9-кылымдын аягында Пенчул, Ак-Сууну алып, Кашкарга чейин жеткен, ал эмес тибет, түрк уруулары менен союз түзүп, Тан империясынын ички чыр-чатактарына да кийлигишкен (904-ж.). Бул учурлар тарыхта Улуу Кыргыз державасы деп аталып калган. Ушул эле мезгилдерде түрк-огуздар (кыпчак, карлук, уйгур ж. б.) менен бирдикте кыргыз уруулары да калыптана баштаган. М. Кашгаринин (11-к.) эмгегинде (Дивани лугат ит-түрк) кыргыздар (кыркыз) түрк тилдүү урууларга кирген. Истахри (10-к.) да тогузгуз, хырхыз, кимак, гуз жана хазлаждар (карлук) түрк тилинде сүйлөп, бир-бири менен түшүнгөнүн, Син (Кытай) жана Туббет (Тибет) жеринде жашаган элдин тили алардан айырмаланып турганын эскерткен. Кийин кимак, коңурат, найман, моңгол-татар, башка телес урууларын сиңирүү аркылуу кыргыз элинин негизи түзүлгөн. Буга кыргыз тилинин морфологиялык, фонетикалык түзүлүшү боюнча адигине-тагай урууларына алтай тил тобунун өзгөчө таасири, ал эми ичкиликтер бул процесстен тышкары калып, аларда уйгур тилинин кээ бир белгилеринин сакталышы мисал боло алат. Болжол менен 11–15-кылымдарда азыркы кыргыз уруулары калыптанып бүтүп, батыштан-чыгышка Түндүк Тянь-Шандан Куньлунь жана Гиндукуш тоолоруна чейин, түштүктөн-түндүккө Куча ойдуңунан Түркстан тоо кыркаларына чейинки аймакты кучагына алган. Оозеки тарыхы боюнча (Кыргыз санжырасы, Санжыра) кыргыздар өзүнүн пайда болушун негизинен Долон бий жана анын эгиз уулдары Ак уул (оң, же оң канат), Куу уулга (сол, же сол канат) байланыштырышат. Бирок 16-кылымда кыргыздардын оң канат уруу бирикмеси Отуз уул, Салусбек Булгачы тукуму аталган топтон турса, кийин отуз уул оң, солдун курамына, Булгачы башка уруулар менен бирге ичкиликтерге кирип калган. Ал эми КЭРде жашаган кыргыздар отуз уулдун бардык тобун сол канатка, ичкиликтерди толук оң канатка киргизишет. Изилденип жаткан маалыматтар боюнча азыркы кыргыздар Ак уул, Куу уул жана ичкилик деп аталган өзүнчө үч чоң топко бөлүнөт. Оңго адигине, тагай жана муңгуш; солго кушчу, саруу, мундуз, жетиген, кытай, басыз, төбөй, чоң багыш; ичкиликке найман, тейит, кесек, жоо кесек, каңды, бостон, нойгут, дөөлөс, ават, кээ бир учурда кыдырша уруулары кирет. Мындан тышкары кыргыздар менен тектеш эмес (мисалы, коңурат) жана өз алдынча уруулардан (калмак, сарт-калмак, чала казак ж. б.) да куралган. 15-кылымдын экинчи жарымында кыргыз элинин баш кошуусу аяктап, Тянь-Шанда кыргыздардын өз алдынча саясий бирикмеси түзүлгөн. 16-кылымдын баш ченинде кыргыздар менен казактардын үстөмдүгү күчөп, акырындап Моголстан жоюлган. 17-кылымдан баштап ойрот (калмак) урууларынын күч алышы менен алар түш-батышындагы кыргыздарга тынымсыз кол сала баштаган (Кыргыз-калмак согуштары). Жуңгар хандыгы күчкө толгон мезгилде (17-кылымдын аягы, 18-кылымдын башы) Енисей кыргыздары жөнүндө маалыматтар аяктап, биринчи орунга тянь-шандык кыргыздар тууралуу кабарлар көбөйөт. Ушул учурда башка (мисалы, казак) уруулар сыяктуу эле алар да калмактардын экспанциясына туруштук бере албай, батышка (Кара-Тегин, Ысар, Көлөп, Фергана) ооп кетүүгө аргасыз болушкан. Бул мезгилдеги кытай хроникаларында (Шофанбэйчэн, Пиндин чжуньгээр фанлюе, Да Цин личао шилу ж. б.) кыргыздарды бурут (булутэ) деп атаган учурлар кездеше баштайт. 18-кылымдын орто ченинде Жуңгар хандыгында саясий кризистер башталып, натыйжада чачылган кыргыздардын кайрадан биригишине шарт түзүлгөн. Бул учурда алардын жогорку «чоң бийи» Маматкул болуп, оң-сол урууларын башкарган бийлер ага баш ийип турган. 16–18-кылымдардан баштап мурун кыргыз-кайсак ат менен Европага белгилүү болгон эл өзүнчө, кыргыздар өзүнчө эл экени аныкталган, натыйжада казактардан айырмалоо үчүн аларды «тоолук кыргыз», «кара кыргыз» деп атай башташкан (мисалы, И. Андреев, А. Левшин ж. б.). Ал сөз сибирдик орустардын тоону «таш» (камень) деп аташына байланышып, андан адегенде «тоо артындагы (закаменные) кыргыз» деген түшүнүк, анан аны түшүнбөстүктөн кийинчерээк «жапайы ордо» («дикокаменные кыргызы») деген термин жаралган (мисалы, Ч. Валиханов). 18-кылымдын экинчи жарымында калмактар Ички Жуңгарияга карай чегинишине байланыштуу кыргыз-кытай, кыргыз-кокон жана кыргыз-казак чек ара маселелери курчуй баштап, Маматкул, Кошой бийлер кыргыздарды Чүйгө көчүрүү тууралуу демилге көтөрүп чыгышкан. Ошону менен кыргыздар Олуя-Атадан Иле, Ысык-Көлдүн башына (Кызыл-Кыя, Санташ) чейин орун алууну башташкан. Натыйжада, кыргыз-казак чек ара маселеси ого бетер курчуп, Абылай хан башында турган казактар 1764–65-жылдары Иле, 1773-ж. Кара-Балта, 1779–80-жылдары Олуя-Ата тараптан кол салышкан. Мындан соң кыргыз-казак ортолорундагы чек аранын азыркы түспөлү такталган, же орус аскер маалыматтары боюнча бул чек ара Ташкент шаарынан 80 чакырым алыс Икан (Кукан) шаарынын жанынан өтүп, Чүй суусун жээктеп келип, Иленин Балхашка куйган жеринен 100 чакырым жогору чектелген жана Иле дарыясы кыргыздарды казактар менен Кытайдан бөлүп калган. 1813–16-ж. Кокон хандыгы Түркстан, Сайрам, Олуя-Ата шаарларын, 1820–30-ж. Алай, Памир, Бадахшанды каратып, Түндүк Кыргызстанга кысым көрсөтө баштаган. Бул хандыкка адегенде Түштүк кийин таластык кыргыздардын кээ бир уруулары баш ийип, көп өтпөй Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Жумгал өрөөндөрүнө чептер курулган жана диний ишенимге басым жасап, аскердин (сарбаз) жардамы аркылуу түрдүү алык-салык салып турушкан. Башында үч түрдүү салык (түндүк зекет, адал зекет, хараж) алынса, бара-бара анын саны 20дан ашкан. Ушундай шартта кыргыздар ойдуң, түшүмдүү жерлерин калтырып, тоолуу өрөөндөргө сүрүлүшкөн жана Ормон хандын тушунда көз каранды эмес мамлекет түзүүгө аракет кылышкан. Бирок өз кызыкчылыгын көздөгөн Россия, Кытай, Англия, Турция сыяктуу алдыңкы өлкөлөр алардын ички иштерине ачык кийлигише баштаган. Ушул себептен кыргыздар ичинде уруулук карама-каршылыктар күчөп, акыры ал чабышка айланган (мисалы, Бугу жана сарыбагыш урууларынын чабышы). Натыйжада, мындай жана кыргыздар менен Кокон хандыгынын ортосундагы оор абалдан пайдаланган падышалык Россия 19-кылымдын 2-жарымында күчтүү куралданган, машыккан туруктуу аскери менен Кокон чептерин (Токмок, Пишпек, Олуя-Ата ж. б.) алып, кыргыздарды өзүнө караткан. Россиянын курамына кириши менен өнөр-жай ылдам өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүлсө да ал жергиликтүү эл эмес, чакан буржуазиялык капиталдын гана кызыкчылыгы үчүн иштеген. Ал эми негизги айдоо, чабынды, сугат, жайыт ж. б. жерлер дээрлик мамлекеттик менчикке айланып, Келгиндер башкармалыгы түзүлгөндөн кийин, кыргыздардын социалдык абалы өтө начарлап кеткендиктен, көтөрүлүштөр чыккан. 1897-жылдагы эл каттоо боюнча кыргыз тилинде сүйлөгөн кыргыздардын жалпы саны 201671 (а. и. 108897 эркек, 92774 аял) болгон. Октябрь революциясынан кийин (1918–24) Түркстан АССРинин курамына кирип, 1924-ж. 14-октябрда Кара-Кыргыз АО (25. 5. 1925–1. 2. 1926-ж. Кыргыз Авономиялуу обл.), 1926-ж. 1-февралдан Кыргыз АССРи, 1936-ж. 5-декабрдан Кыргыз ССРи болуп түзүлгөн. 1941–45-жылдагы Улуу Ата Мекендик согушта кыргыздар фронт менен тылда көптөгөн баатырдык көрсөтүп, Германияны жеңүүдө чоң салым кошушкан. СССРдин кулашы менен 1990-ж. 15-декабрда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө», 1991-ж. 31-августта «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндөгү» декларациялар кабыл алынып, Кыргыз Республикасы өз алдынча мамлекет болуп жарыяланган.

Адабият=[булагын оңдоо]

Абуль-Гази хан, Родословное древо тюрков. Казань. 1906; Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таңдалма эмгектер. Б., 1999; Андреев И. Г. Описание средней орды киргиз-кайсаков (период с 1785-1790 гг.). А., 1995; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001; Балыкооздун санжырасы. /Түз. Э. Турганбаев, Б., 2009; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана (в 2-х томах). Б., 1998; Бичурин Н. Я. (Ианкиф), Собрание сведений о народах, обитавших в средней Азии в древние времена. Т.1. А., 1998; Валиханов Ч. Ч. Соч. в 5-и томах. А., 1961. Т. 1; Джамгырчинов Б. Киргизы в эпоху Ормон хана (Из истории феодально-родовых войн киргизов в XIX в). Ф., 1945; История Киргизской ССР с древнейших времен до наших дней. В 5-и томах. Ф., 1986; Караев О. Арабские и персидские источники IX-XII вв. о киргизах и Киргизии. Ф., 1968; Кыргызская государственность в XX веке (Документы, история, комментарии). Сост. А. Джуманалиев. Б., 2003; Кюнер Н. В. Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока. М., 1960; Левшин А. И. Описание Киргиз-Кайсацкик орд и степей. А., 1996; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2003, Т. 1-2; Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999; Петров К. И. Очерк происхождения киргизского народа. Ф., 1963; Савинов Д. Г. Памятники енисейских кыргызов в Горном Алтае //Вопросы истории Горного Алтая. Горноалтайск. 1980; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993, Т. 1–2; Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.–М. 2004; Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана. /Сост. Т.Д. Джуманалиев, Б., 2007, Т.1–2; Худяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; Юнусалиев Б. М. К вопросу о формировании общенародного киргизского языка. //Труды ИЯЛ АН Кирг. ССР, вып. VI.