Баарлашуу:Менин сүйүктүү мектебим

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Урматтуу автор, Кыргыз Уикипедиясына макала киргизүү аракетиңиз үчүн рахмат, бирок Уикипедияга илимий маалыматтар жайгаштырылат, автордук чыгармалар үчүн Интернетте блог-платформалар бар. Макалаңызды азырынча өчүрбөдүм, бирок аны 2-4 күн ичинде энциклопедиялык стилге салып оңдосоңуз, ага башка аталыш берип калтырмакчыбыз. Кошумча: 1) бирдей текст бир канча жолу ар кайндай аталыш менен да кайталанса, ал өчүрүлөт, 2) жеке адамдарга тийштүү маалыматтар (мисалы, телефон, электрондук дарек) жайгаштырылбыйт. Туура түшүнүп кабыл алсаңыз, Кыргыз Уикипедиясынын мыкты макалаларынын автору болосуз дем ишенем. --Aidabishkek 18:26, 21 Сентябрь (Аяк оона) 2011 (UTC)


Менин сүйүктүү мектебим.


Мен бул мектепке 1986-жылы келдим,таң калыштуусу чогулуштарда агай- эжелер бөлүнүп отурушат,чогуу сүйлөшпөйт экен,бирок чыгармачыл атаандаштык күчтүү экен. Мен орус мектебинде иштегендиктен бул жердеги туугандашкандык өөн учурады а бирок анын оң жагы бирин бири сыйлоо мектептеги сырды сактай билүүгө зор пайдасы бар экен.Эл мугалими Бектур агайдын сабагына кирүү,угуу өзүнчө эле керемет,жан дүйнөң тазарып, мугалимдик кесиптин рахатын сезесиң.1986-жыл мен үчүн байкасам бакыт жылоологон,турмушумдун башаты окшойт.Жашоомдо кайсыл гана сүйүнүчүм,кубанычым болбосун мектебим менен байланыштырам,эртең менен мектеп босогосун аттаганда күн сайын кылган иштеримди айтып, сырдашам туура эмес иштерим үчүн кечирим сурайм,себеби мектептин ээси бар деген эл ичинде сөз бар. Мектеп 1929-жылы негизделген, 4 корпустан турат. Таң калыштуусу 1992-жылкы жер титирөөдө мектептен жарака да кеткен эмес.Ким,кайсыл жактан келбесин мектептин баса белгилешет,Ким билет балким мектептин орун алган жери өзгөчөбү же Арал айылынын тоо ортосунда ,таза суу,токойлор менен курчалып курортук аймакты түзгөнүндөбү билбейм,эмнеси болсо да биздин мектеп Талас району үчүн чечилбес сыр,мыкты мектеп,мен үчүн бүтбөс дастан, жазылбаган ыр, жакшылыктын жарчысы.Балким жогорудагылардын негизинде мектеп 2009-жылы Республикада “Мыкты мектеп” конкурсунда 2- орунду жеңип алгандыр.Бекеринен” мугалимдерди даярдоонун устаканасы” деп аталбаса керек.Мектепте ушул күндө 60 мугалим эмгектенет,анын ичинен 1-эл мугалими,15 билим берүүнүн отличниги,2 депозит мугалими болушат,390 орунга негизделсе 654 окуучу 2 сменде окуйт, Мектепте актовый зал ,ашкана жок ,грант тартуу менен мат.тех базаны чыңдоодо жана кайсы гана уюм менен иш жүргүзбөзүн ар дайым ыраазычылык каттарын.мактоо баракчаларын алышат.2010-2011 окуу жылында 3 миллионго жакын каражат тартылган.Мектеп дагы коллективде 19 агай эмгектенгени менен сыймыктанат.Мен жетектеген Талас районуна караштуу Нанаев К.атындагы Арал орто мектебинин жамаатын урматтаймын,таазим этем. Мектеп Америка мамлекетинин пилоттук мектеби болуп саналат,веб сайты бар,Айрекс программасынын негизинде интернет киргизилген. сулуулугуна баа берип,сакталышына таң калышат,өзгөчө бир жагымдуу аура бар экендигин Менин сүйүктүү мектебиме кош келиңиздер!

Кыргыз Республикасы,Талас району,Арал айылы Нанаев К.атындагы Арал орто мектеби.