Баарлашуу:Эсенкул бий

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Негизи кыргыздардын Чүйгө кайра келиши тууралуу сөзсүз өз алдынча макала жазылышы керек. Анткени ал көптөгөн жазма жана оозеки маалыматтарда кезигет. Бул жерде Эсенкулдун туулган жылын белгилөөнүн логикасы туура деп эсептейбиз. Кошумча маалымат, анын уулу Ниязбектин ашы 1843-жылдарда берилиши. Анткени Балыкооздун да "жүзгө чыккан Ниязбек, жүдөгөндөн өлбөйбү" деген маалыматы калган. Анын үстүнө көп санжырачылар Эсенкул баатырдын андан да улуу балдары бар экенин айтышат. Мисалы, байбичеси Каздан Асанбай, Үсөнбай, Найман. Мындан тышкары Барак султан башында турган казактардын чабуулунун мизин кайтарган учуру да эсепке алынып, бул окуя да макаладан орун алышы керек. Сөз чынгызид - Барак султан жөнүндө болуп жатат. Ч. Валиханов менен Б. Солтоноев бул эки элдин ортосундагы мамилелердин бузулушунун башкы себептеринин бири Барак султан экенин көрсөтүшөт. Жалгыз айырмасы – Б. Солтоноев «Жалдуу Барак, көкжал Барак, сан Барак» десе, Ч. Валиханов «жеңилбес султан Барак» деп туруп, кашаанын ичине «көкжал» деп көрсөтөт. Кебетесине караганда Барак султан жана чоң атасы Абылайдын кыргыздарга кол салышы тууралуу маалыматтарды Ч. Валиханов кыргыздардан алганы көрүнүп турат. Ошондуктан ал көптөгөн так эмес ой жүгүртүүлөргө жол берген. Бирок экөө тең теги султан Барак жөнүндө сөз кылган. Анткени, бул мезгилдеги казак ичиндеги султандардын тукумунда башка Барак жок. Ш. Кудайберди уулу боюнча; «Турсундан кичи Барак. Кырк сан Барак хан деген, Абылайдан соңку хан болгон» (эскертүү: Абылайдан кийин хан болгон деп жаңылып жатат). Б. Солтоноев; «…Кыргызды букара кылып көнүп алган казак, кыргыздын Анжиян, Алайдан келип жерине орношкондо казакка көрсөткөн кордугуна чыдай албай 1970–71-ж. казактан жогоруда айтылган көк жал Барак келип кыргыз менен согушкан» дейт. Бул маалыматты тарыхчы кайра Ч. Валихановдон алышы мүмкүн. Анткени кайсыл гана Барак болбосун 1770-ж. (б. а. 1751-жылдан 1780-жылга чейин) кыргыздарга чабуул жасаганын Ч. Валихановдон башка бир дагы тарыхый дарек же кол жазма маалыматы эскербейт. Бирок анда жылы көрсөтүлбөй, «найман уругунан султан Барак (көк жал) тоолук жапайы кыргыздарга кол салганын», ошондуктан Абылайдын «аргын, найман, уйсундардан күчтүү кол жыйнап, Барактын кунун кууп, Талас суусунун кечүүсүн кечип, Аксуунун Чүйгө куйган жеринен кыргыздын оң-солу менен беттешкенин», эстен чыккыс бул чабуулдун 1770-ж. болгонун жана Жайыл баатырдын өлүмүнө байланыштуу бул чабуул «Жайыл кыргыны» болуп аталып калганын белгиленген. Барак султандын минтип, бирде «көкжал», бирде «көкжарлы» болуп жүрүшүнө казак тарыхында айтылып келген шежирелерде көптөгөн (баш-аягы 13кө жакын) Барактын болушу себеп болгон. Анын бири наймандан чыккан «көкжарлы» казакча «жарды, кедей» деген мааниде, султандардын тукумуна тиешеси жок Барак баатыр. Ч. Валихановдун ушундай так эмес маалыматына таянган кээ бир бир тарыхчылар ушул Барак кыргыздарга келген деп, аны 69 жашында, Абылай хандын кыргыздарга жасаган «Жайыл кыргынында» каза болгон деген тыянакка келишкен. Бирок, бул «көржарлы» Барактын 5000 кол жыйнап, качандыр бир жылы Чүй – Талас, тагыраак айтканда Олуя-Ата (азыркы Тараз) тарапка келиши же мунун жеңилбестиги жөнүндө тарыхый дарек азырынча жарыя боло элек. Болжол менен оозеки гана аңгемелерде айтылат. Мисалы, кыргыздарга кол салган Абылмамбет хандын уулу Абылпеиз султан да мынча кол жыйнай албаган. Ал эмес Абылай хан да 12 миң кол жыйноо үчүн Орус, Кытай империяларынан жардам сурап, он жылдан ашуун убактысын коротот. Буларды архив материалдары менен тактоого болот. Кыскартып айтсак, биз кеп кылып жаткан заманда 5000 кол чогултуу – Абылмамбет ханды эсепке албаганда – Барак султандын гана колунан келген. Ошол учурда жашап, кээ бир окуялардын жаралышына түздөн-түз тиешеси бар И. Неплюевдин Тышкы иштер коллегиясына жиберген көрсөтмөсү: «...Барак-салтан Орто жүздөгү баарынан күчтүү (наисильнейшай) жана көп сандуу Найман уруусун башкарып (владелец), негизинен Сибирь тарапта (Оренбург крайынын чыгышы), Орто жүз менен жүргөнүнө» күбө болот. Мындай материалдар бар экенин билбеген Б. Солтоноев өз алдынча: «...Найман казагынан ...Көкжал Барактын Чүй менен Иленин ортосундагы Коңурдун жонунан сапырылып», кыргыздар «Бөрүбайдын тоосунан» (биздин оюбузча араб тамгасынан которгон котормочу Боролдойду «Бөрүбай» деп алган) качканын жазган. Анткени, көңүлгө ала турган эң башкы маселе – Барактын (кайсынысы гана болбосун) кыргыздарга кол салган окуясы тууралуу санжыралар сөзсүз «Боролдой», «Кочкор-Ата» деген географиялык аталыштар менен бекем байланышкан. Биз Кыргызстанда «Боролдой тоосу» аттуу тоонун жок экенин билүүгө тийишпиз. Боролдой деген айыл гана бар. Ал айылдын чыгышындагы тоолор Коңурдун бели (Коңур Өлөң) деп айтылат. Сөз болуп жаткан Боролдой тоолору азыркы Казак республикасына караштуу Чымкент шаары менен Кара-Тоонун ортосунан орун алган Бөкөй-Тоонун түндүгүндө жайгашкан. Ал жерде Боролдой деген суу агып, анын оң жак куймасы Кочкор-Ата деп аталат. Казакча Кошкарата. Анын үстүнө Барак султан 1750-ж. жаз айларында Түркстан шаарынан анча алыс эмес, Карнакта (азыркы Атабай шаары) өлгөн. Алымбектин санжырасында «көкжарлы» деп аталганы менен кайра «хан», «төрө» делет. Адат боюнча султан тукумундагылар гана хан же төрө наамына татыктуу. Бул фактылар Барак султандын 1750-ж. май айынан кийин кыргыздарга кол салышы мүмкүн болбостугун көрсөтөт. Мындан тышкары архив документтерине таянсак, 1748-ж. сентябрь айында Бузулук чебинен жашыруун тапшырма менен келип, бир нече ай жүрүп, өзү менен баарлашкан М. Арапов деген тилмеч Барак султандын кол алдында төрт жарым миң колу болгонун, ага Төлө бийдин 500 колу кошулуп, султандын алдында баардыгы болуп накта, беш миң кол бар экенин уккан (бул документтерди да окубаган Б. Солтоноев дагы Көкжал Барактын 5 миң кол менен келгенин жазат). Төлө бийдин өзү да Сузак, Икан, Сайрамдагы сарттар Баракты хан деп таанышарын жана алар Барак султанды Улуу жүзгө хан кылып алууну эп көрүп турганын Араповго эскертет. Андан тышкары Мойнок деген каракесек уруусунун бийи өз алдынча Араповго көрсөтмө берип, жакында казактардын «Туркестанттан 6–7 күнчүлүк жердеги Чүй суусунун жээгине көчкөнү жатканын» кабарлаган. Тилекке каршы кийинки, 1749-ж. сентябрь айынан баштап, 1750-ж. март айынын аралыгындагы Барак султандын кылган иштери бизге жеткен жок. Буга себеп, М. Арапов келип кеткенден кийин, ошол кездеги Оренбург губернатору И. Неплюевдин Барак султандан кол үзбөө демилгесине Кичүү жүзгө жаңыдан хан шайланган Абулхайрдын баласы Нуралы менен орус бийлигинин мамилесин начарлатып албоо үчүн падыша Елизавета Петровна тарабынан тыюу салынып, бардык байланыштар үзүлгөн. Мындай маалыматтар Эсенкул баатырдын 1723-25-ж. туулганына кошумча далил болот ко деген ойдобуз.