Баарын, уруу

Википедия дан

Баарын - кыргыздын оң канаттагы саны анчалык чоң эмес уруусу катары маалым. Этностук аталыштын параллелдери башкырларда - «барын-табын», моңголдордо «баарын», орто кылымдын кечки мезгилдериндеги көчмөн-өзбектерде «бахрин» формаларында кездешет. Баарын - кыргыз тилинде «ителги менен ылаачындын аргындашуусунан келип чыккан алгыр куш» маанисин берет. Баарун (гар) - монголчо «батыш», «оң«; -гар - «кол». «Оң кол», «оң канат»; «оң канаттагы уруу» дегенди түшүндүрөт. 16- 18-кк. Ойрот-моңгол уруулары «барунгар», «дзюнгар» (Жунгар) деген чоң уруулук бирикмелерге киришкендиги маалым. Этноним адепки ирет моңгол урууларынын курамынан «байрин» формасында кездешери аныкталган. Байриндер Чыңгыз хандын он жана сол канаттагы аскерлеринин курамына киришкен. Ушул эле фарси автору баариндерди (баарын) теги таза моңгол уруусу экендигин жазат. Е.- Грум-Гржимайло изилдөөлөрүндө барындарды (бариндер) насили моңгол уруулары экендигин, алар 12-к. Селенге дарыясына жамаатташ аймактарды байырлашкандыктарын белгилейт. 1206-ж. энесайлык кыргыздар Чыңгыз ханга өздөрүнүн баш ийгендиктерин билдиришкен соң, улуу каган аларды (кыргыздарды) барин уруусунан чыккан Хорчинин ээлигине бөлүп берген. Баарындардан улуу каган доорундагы ири жол башчылар чыккан. Арийне, Р.Г. Кузеев кыргыз жана башкырлардын курамдарындагы баарындардын этногенетикалык жакындыктарын (этнонимиялык жана уруулук эн тамгалардагы окшоштуктар) эске алып, 12-к. эле Жетисууга журт которушкан баариндердин бир бөлүгү башкыр-табындардын, айрымдары кыргыздардын курамына жуурулушкан деген жүйөлүү пикирин айтат. Бул пикир кыргыз-башкыр этностук тыгыз байланыштарын дагы бир ирет бекемдейт. Албетте, Борбордук Азиядагы баариндердин көпчүлүк бөлүгү 12-13-кк. чегинде батыш тарапты көздөй журт которушкандыгы ырас. Кийинчерээк бариндер Теңиртоолук моголдордун курамынан кушчу, дуулат, черик жана башка уруулар менен бирге эскерилет. Моголистандын калкынын дээрлигин кыргыздар түзөрүн эске алганда, баариндер өз алдынча этнокомпонент катары кыргыздардын курамына 12-14-кк. кеч эмес кирген деген пикир чындыкка жакын болуп чыгат. Этнонимдин адегендеги толук маани-мазмууну тотемдик алгыр кушту аныкташы да мүмкүн. Этноним топонимикалык ат катары да белгилүү. Ош облусунун Ноокат районунда Баарын аттуу айыл бар экендиги маалым. Бүгүнкү Крым жарым аралындагы Барын этнотопоними (барын-суран, барын-тайган) орто кылымдардагы кыргыз жана моңгол тилдүү уруулардын миграциясын чагылдырат. Буга аталган жарым аралдагы, Түштүк Молдавиядагы (Кыргыз-Кытай, Кыргыз-Суу жана башка) этнотопонимдери далил боло алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]