Бабезиоздор

Википедия дан

Бабезиоздор, бабезиеллёздор малдын жугуштуу ылаңы. Babesia уруусундагы жөнөкөйлөр пайда кылат. Иксод кенеси таратат, румын окумуштуусу В. Бабеш ачып (1888), анын ысымынан аталган (1893). Муну менен көбүнчө уй, кой, эчки, жапайы айбанаттардан муфлон, аркар ылаңдайт. Ылаң көбүнчө Европа жана Орто Азияда таралган, негизги белгилери: малдын сүтү 80 %ке чейин азаят; кой, эчки, уй баласалат; ичи катат; тез арыктайт; сийдиги кызгылт, кийин кочкул кызыл болуп, канында мите пайда болот; дем алуусу начарлап, көк боору, боору, бөйрөгү чоңоюп, өтбаштыгына коюу өт толот; анемияга чалдыгат. Гемоспоридин, акаприн, беренил, азидин жана башка менен дарыланат. Алдын алуу үчүн жайыттагы жана короодогу кенени жок кылуу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]