Мазмунга өтүү

Бабочкин Борис Андреевич

Википедия — ачык энциклопедия

Бабочкин Борис Андреевич (5(18). (1. 1904, Саратов -1975, Москва) - орус совет актёру жана режиссёру, СССР Эл артисти (1963). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974).

  • 1948-жылдан КПСС мүчөсү.
  • Москвадагы "Жаш чеберлер" студиясында окуган.
  • 1921-жылдан театрда (1935-жылдан режиссёр катары) иштеп, киного тартылат (1927).
  • 1931-35-ж. Пушкин атындагы Ленинград академиялык драма театрында актёр, 1937- 40-ж. Горький атындагы Чоң драма театрды жетектеген. Кийип Москвадагы Вахтангов атындагы театр (1940), Киноактёр театр-студиясы, 1948-51- жана 1955-жылдан Кичине театрга, 1952- 53-ж. Пушкин атындагы Москва театрына башкы режиссёр болуп иштеген.

Актёрдук ролдору: Чацкий (Грибоедов, "Акыл азабы"), жалган атакка умтулуучу (Пушкин, "Борис Годунов"), Огнев (Корнейчук, "Майдан"), Клаверов (Салтыков-Щедрин, "Көлөкөдө") ж. б. Чапаевдин образын аткарганы ("Чапаев" фильми) ага дүйнөлүк атак-даңк алып келген (1934). Элдик баатырдын индивидуалдуу мүнөзүн түзүү менен Б. социалисттик реализмге чоң салым кошту. Режиссер катары М. Горькийдин "Дачниктери" (Чоң театр, 1939), Чоховдун "Иванову" (Кичине театр, 1960) сыяктуу белгилүү чыгармаларды сахнага алып чыккан. 1944-жылдан ВГИКте сабак берет (1966-жылдан профессор ).

СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1941, 1951). Үч Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.