Багалак

Википедия дан

Багалак — абалактын синоними. Ал кулжанын, тоо текенин мүйүзүнөн төрт кырлуу жасалат. Ордо оюнунда колдонулуучу негизги куралдардын бири. Эпостогу: «Багалак салып, ордо атып, ойнобоочу жер бекен!» (Курама варианты, 1. 111), «Багалак ойноп, даң салып, Чатыраш ойноп чаң салып» (Саякбай Каралаев, 1. 167)— деген саптардын биринчисинде багалак абалак катары, экинчисинде жалпы эле ордо оюну маанисинде айтылган. БАГДАТ — топоним. Эсенкандын колу чаап, кыргыздардын бир тобу качкан тарап (Сагымбай Орозбаков, 1. 118), кийин Көкөтөйдүн ашында кабар берилип, эли чакырылган шаар (Сагымбай Орозбаков, 3. 14, 43) катары айтылат. Азыркы араб өлкөсү, Ирактын борбору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4