Багынычсыз байланыш

Википедия дан

Багынычсыз байланыш (паратаксис, координация) - жөнөкөй сүйлөмдүн мүчөлөрүнүн ортосундагы жана татаал сүйлөмдүн тутумундагы предикативдик бирдиктердин (сүйлөмдөрдүн) ортосундагы байланыштын бир түрү.

Багынычсыз байланыш грамматикалык жактан бирдей, барабар компоненттердин ортосунда түзүлөт. Мында компоненттер мааниси, грамматикалык табияты жагынан бири экинчисине багынычтуу, көзкаранды эмес, бирдей даражада байланышып турат. Багынычсыз байланыш тең байланыштагы татаал сүйлөмдү түзгөн синтаксистик бирдиктердин жана сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүнүн ортосунда болот.

Компоненттердин грамматикалык жактан бирдейлигин, көзкарандысыздыгын алардын маанилик жактан көзкарандысыздыгы менен чаташтырбоо зарыл. Маанилик (мазмундук) жактан алганда, Багынычсыз байланыштагы компонентер өзара байланышта турат.

Компоненттердин ортосундагы Багынычсыз байланыш интонациянын жана байламталардын жардамы менен ишке ашат; компоненттердин орун алмашуусу алардын маанисин өзгөртпөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4