Багынычтуу (багыныңкы байланыштагы) татаал сүйлөм

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Багынычтуу (багыныңкы байланыштагы) татаал сүйлөм - тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн бири мааниси жана грамматикалык табияты жагынан экинчисине багыныңкы абалда турган татаал сүйлөм.

Маани жактан басымдуулук кылып, татаал сүйлөм аркылуу берилип жаткан бүтүн ой-пикирди жыйынтыктап турган түгөй баш сүйлөм, ал эми баш сүйлөмдөгү ойдун түрдүү кырдаалын, белгилерин, мүнөзүн билдирип турган түгөйү багыныңкы сүйлөм болот.

Багынычтуу татаал сүйлөмдүн спецификалык формасын, белгисин багыныңкы сүйлөмдөрдүн баяндооч мүчөлөрү түзөт. Багыныңкы сүйлөмдөрдүн баяндоочтору

  • а) Багынычтуу татаал сүйлөмдүн спецификалык формасынын;
  • б) багыныңкы сүйлөм менен баш сүйлөмдү тутумдаштыруучу каражаттын;
  • в) баш сүйлөмдүн ар кыл кырдаалын көрсөтүү милдетин аткарат;

өзгөчө түзүлүштө болот, бирок аякталган ойду билдирүү касиетине ээ боло албайт. Ошондуктан багыныңкы сүйлөм маани жактан да, грамматикалык жактан да баш сүйлөмгө көзкаранды болуп, ага карата ар кайсы синтаксистик катышта турат. Ага ылайык, багыныңкы сүйлөмдөр мезгил багыныңкы, шарттуу багыныңкы, себеп багыныңкы, сыпат багыныңкы, каршы багыныңкы, салыштырма багыныңкы, максат багыныңкы, өлчөм багыныңкы, орун багыныңкы сүйлөм болуп бөлүнөт.

Багыныңкы сүйлөмдөрдүн синтаксистик милдетин аныктоонун, классификациялоонун негизги белгиси болуп баш жана багыныңкы сүйлөмдөрдүн маанилик ички катышы саналат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4