Баетов Мырзабек

Википедия дан

Баетов Мырзабек (1919-...) ...

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1919-жылы Маргун айылында дыйкандын уй-булосундо туулган.1937-жылы педагогикалык окуу жайын бүткондон кийин Лейлек районундагы Маргун айылында толук эмес орто мектепте мугалим болуп иштей баштаган.
1939-42-жылдары Советтик Армиянын катарында немецтик фашисттерге каршы согушкан. Ленинград блокадасын башынан өткөргөн. 1942-43-жылдары Лейлек райондук “Колхоз турмушу” газетасынын жооптуу катчысы болуп иштеген. 1943-57-жылдары Лейлек районунун прокурорунун жардамчысы, ош областындагы Төлөйкөн, Баткен, Өзгөн райондорунда прокурордук кызматта иштеген.

1957-72-жылдары “Коминтерин” колдхозунун башкармасынын төрагасы, андан кийин бөлүм башчысы болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Баетов Мурзабек Арка өрөөнүн өздөштүрүүдө зор эмгек кылган. Ошондой эле Маргун, Арка аймактарындагы элдин экономикалык, социялдык, маданий жетишкендиктериндеги эмгеги баа жеткис.

Маргун-Оочу жолун асфальттоо, Маргундагы АТС радио түйүнүн, суу түтүктөрүн, орто мектептин имаратын куруу түздөн түз М.Баетовдун аракети менен бүткөрүлгөн.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өкмөт менен партия Баетов Мурзабектин эмгегин баалап “Ардак белгиси” ордени жана медалдар менен сыйланган. Ал Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Райондук жана айылдык Кеңештин бир канча депутаты болгон.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мадаминов Г. "Лейлек тарыхы" Бишкек, 2004-жыл.