Бажан Микола
Бажан Микола - (Николай Платонович) [26.9 (9.10).1904, Каменец-Подольск шаары 23. 11.1983, Киев ] украин акыны. Социалдык Эмгек Баатыры (1974), УССР ИАсынын академиги (1951). Киев институтунда (1923-25) окуган. 1943-48-жылдары УССР Министрлер Советинин Председателинин орун басары. Чыгармачылыклык иши 1923-жылдан башталган. 1926-жылы граждандык согуш темасында жазылган «17-патруль» аттуу биринчи китеби чыккан. «Гофмандын түнү», «Гетто Уманда» (1926), «Сокурлар» (1933) аттуу поэмалары бар. «Өчпөс өмүр» (1937) поэмасында С. М. Кировдун образын түзгөн. «Аталар жана балдар» (1938) деген ырлар жыйнагында адамдардын эмгектеги жана Мекенди коргоодогу эрдигин даңазалаган. Улуу Ата Мекендик согуш күндөрүндө жазган «Ант» (1941) деген ыры украин элинин гимнине айланган. «Даниил Галицкий» аттуу тарыхый поэмасынын, тынчтык үчүн күрөшкө чакырган «Англиялык таасирлер» (1949), «Үмүт жөнүндө төрт аңгеме» (1967), «Дебора» (1968) китептеринин автору. СССР Жогорку Советинин 4-шайлоосунун депутаты. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1946, 1949). Ленин, Кызыл Туу, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1