Бажы чек-арасы

Википедия дан

Бажы чек-арасы – мамлекеттин бажы аймагын курчап турган шарттуу тилке. КР бажы чек-арасы КР бажы мыйзамдары колдонулган мейкиндикти чектеп, коңшу өлкөлөрдүн бажы аймагынан бөлүп турат. Тышкы жана ички бажы чек-арасы деген түшүнүккө бөлүнөт. Мамлекеттин бажы аймагынан сырткары жерлер тышкы бажы чек-арасы болуп саналат; ал адатта мамлекеттик чек-ара менен шайкеш келет (бажы анклавынан, эксклавдардан жана башка учурлардан сырткары). Тышкы бажы чек-арасында мамлекеттик чек-ара жөнүндөгү мыйзамдарда белгиленген административдик-укуктук режим иштейт. Чек-ара аскери менен кошо бажычылар тарабынан корголот. Бажы аймагынын боштугу менен кампалардын боштук чеги ички Б. ч. болуп саналат. Ал укук статусу боюнча тышкы менен теңдештирилген: эркин аймак жерлери чек-ара сыяктуу каралгандыктан, ага кирүү атайын көзөмөлдүк өтүм-жай аркылуу өтүм-кат менен гана жүргүзүлөт. Ички Б. ч. аркылуу өтүүдө жүк менен кол-жүктөр мамлекеттик чек-арада колдонулуучу бажы тартиби боюнча өткөрүлөт. Ал эркин бажы аймагынын администрациясы менен бирдикте бажычылар тарабынан корголот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]