Базар-Коргон суу сактагычы

Википедия дан

Базар-Коргон суу сактагычыКыргызстандын түштүгүндөгү ири суу сактагычтардын бири. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кайырма кыштагына жакын жерде 1961-жылы курулган. Кара-Үңкүр суусу куят. Плотинанын бийиктиги. 25 м, уз. 2400 м. Суу чыгымы орто эсеп м-н 7 м3/сек.

Суу сактагыч Карүңкүрдөн (Тентексай) суу алат. Сыйымдуулугу 22,5млн м3, анын 20,8 млн м3 сугатка сарп кылынат; Жалал-Абад облусунун жана Өзбекстандын айрым районун 18 000 га жерин суу менен камсыз кылат. Узундугу 2,4 км туурасы 2 кмге чейин, эң терең жери 23м, суу толгондогу аянты 2,67км. Суу сактагыч Карүңкүр суусунун агымын сезон боюнча жөнгө салып турат. Суу сактагычка суу куйган каналдын узундугу 11,1 км (суу чыгымы 0,8 м3/сек) жана суусактагычтан суу агып чыккан каналдын узундугу 6,9 кмдей (суу чыгымы 6,9 м3/сек) бар. Сууну жерге сиңип кетүүдөн сактоо максатында 1967- жылы суу сактагычтын таманына полиэтилен пленкасы төшөлгөн. Балык чарбасы да өнүгүп келе жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4