Баимбетов Ташболот

Википедия дан

Баимбетов Ташболот 1920-жылы Жалал-Абад облусундагы Октябрь районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1934-жылы Багыш 7 жылдык мектебин бүтүрүп, Жаңы Кайрат колхозунда таразакеч болуп иштей баштаган.
  • 1940-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, НКВДнын аткычтар батальонунда кызмат өтөп калат.
  • 1942-жылы маршал Рокоссовскийдин армиясында 11-мото аткычтар бригадасында, андан кийин, маршал Ватутиндин армиясында немецтерге каршы согушкан.
  • 1945-жылдын 30-апрелинде Берлинде Рейстагды камалоо учурунда жараат алат.
  • Госпиталдан айыгып чыккандан кийин, айылына жеңиш менен кайтып келет.
  • Берлинди алгандыгы үчүн, "маршал Рокоссовский" ж. б төш белгилери, 1-даражадагы "Улуу Ата Мекендик согуш" ордени, мындан башка көптөгөн юбилейлик медалдар менен сыйланган.
  • Согуштан келгенден кийин колхоздо кампачы болуп көп жылдар иштеген.
  • Совхоз уюшулгандан кийин, тамекичилик бригадасында эмгектенип, 1977-жылы эс алууга чыккан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3