Байбача

Википедия дан

Байбача — байдын уулу, мырза. Совет бийлигинин орношу менен тап катары жоюлган байлардын тобу менен бирге эле байбача да запкы көрүп, алар менен кошо айдалган, түрмөгө түшкөн. Айрымдары кийин Совет бийлигине кызмат өтөшкөн. Бара-бара байбача аталышы колдонуудан чыгып калган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4