Мазмунга өтүү

Байдуков Георгий Филиппович

Википедия — ачык энциклопедия

Байдуков Георгий Филиппович (13(26). 5. 1907-ж. т. ) - авиациянын ген. -полковниги (1961), Советтик Союздун Баатыры (1936). 1936-жылдан КПССтин мүчөсү. Т. ж. жумушчусунун үй-бүлөсүнөн.

  • 1926-жылдан Советтик Армияда. Аскердик учкучтар мектебин бүтүргөн (1928); учкуч-сыноочу.
  • 1936-ж. В. П. Чкалов, А. В. Беляков менен Москвадан Удд а-на, 1937-ж. Түндүк уюл аркылуу АКШга учкан.
  • 1939-40-ж. советтик -Финляндия согушуна катышкан. Улуу Ата Мекендик согушта авиациялык дивизиялардын, авиакорпустун командири. Согуштан кийин да командачылык кызматтарда иштеп келди.
  • 1947- 49-ж. жарандык аба флотунун Башкы башкармасынын начальниги.
  • 1952-жылдан СССР коргоо министерствосунда жооптуу кызматта иштеди.

2 Ленин ордени, 4 Кызыл Туу ордени, 2-да-раж. Суворов, 1, 2-дараж. Кутузов, 2-дараж. Ата Мекендик Согуш, 4 Кызыл Жылдыз ордени жана медалдар менен сыйланган. "Америкага биздин учушубуз" (1937), "Учкучтун запискалары" (1938), "Чкалов жөнүндө" (1939) китептердин автору.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.