Баййина сүрөсү

Википедия дан
  • 98-сүрө

Баййина сүрөсү (1) ачык-айкын кабар, далил[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Мединада түшүрүлгөн. 8 аяттан турат
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • "1. Китеп элерине
  • Китеп ээлеринен (яхудийлер жана христиандардан) жана мушриктерден болгон каапырларга аларга Анык Чындык келмейинче (адашуучулугунан) ажырай алышпады."
  • "2. (Анык Чындык) таза барактардагы (Кураанды) окуп берген Аллахтын элчиси."
  • "3. Ал барактарда акыйкатты баяндаган жазуулар бар."
  • 4. Китеп берилген элдер (яхудийлер менен христиандар) аларга "Анык Чындык" келгенден кийин гана бөлүнүп кетишти (2)
  • 5. Алар бардык ибадаттарды калыс Аллах үчүн гана кылууга, андан (жеке кудайга сыйынуудан) башка динден жүз бурууга, намаз окууга, зекет берүүгө буюрулушкн эле жана дал ушул гана Туура Дин!
  • 6. Китеп элдери жана мушриктерден болгон каапырлар Тозок отунун ичинде! Ал жерде түбөлүк калышат! Алар (чындыкты билип туруп жүз бурганы себептүү) жаратылгандардын эң жаманы!
  • 7. Ал эми ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдар.. Алар - жаратылгандардын эң жакшысы.
  • 8. Раббисинин алдында алардын сыйлыктары - анда "Адн" Бейиштер! Алардын түбүнөн дарыялар агып турат жана алар анда түбөлүк калышат. (Мунун себеби) алардан Аллах ыраазы болду, алар Аллахтан ыраазы болушту. Бул (сыйлыктар) Раббисинен корккон адамдар үчүн!