Байкал кырка тоосу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Байкал кырка тоосу - Байкал көлүнүн түндүк -батыш жээгин бойлой созулган тоо.

Уз. 300 км. Орт. бийиктиги 1700-2000 м, эң бийик жери 2572 м. Протерозойдун кристаллдык сланецинен, аки таш, кварцит жана гранит тоо тектеринен турат. Көл жак тик капталдарында 900-1000 м бийиктикке чейин токойлуу талаа, андан жогору ийне жалбырактуу тайга токою жана майда бадалдар өсөт. Тоонун чокуларында тундра өсүмдүктөрү өсүп, шагыл таштуу келет.

Түндүк бөлүгүндө байыркы муз доорунун издери даана байкалат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.