Байкоңур

Википедия дан
Байкоңур.

Байкоңур - космостук кемелерди, орбиталык жана автоматтык планета аралык станцияларды учуруучу жана даярдоочу дүйнөдөгү ири космодромдордун бири. Аянты 6717 км2. Казакстандын Кызыл-Ордо облусундагы Байкоңур шаарынын жанында жайгашкан. 1955-ж. курулуп, 1991-ж. Казакстандын менчигине өткөн жана ижара келишими боюнча 20 жылга РФке берилген (2004-ж. ижаранын мөөнөтү 2050-жылга чейин узартылган). Байконурдун курамында жеңил, орто жана оор класстагы ракета алып жүрүүчүлөрдү («Циклон-М», «Молния», «Воеток», «Союз» ж. б.) даярдоочу жана учуруучу 9 старттык, 43 техникалык комплекси, 3 май куючу станция жана кычкылтек-азот заводу бар. Космодромдун инфраструктурасы 2 аэродром, байланыш, электрдик, суу жана жылуулук жабдууларын, ошондой эле авто жана темиржол түйүндөрүн камтыйт. Байконурдагы алгачкы учуруу сыноолору 1957-ж. май-сентябрь айларында өткөрүлгөн. Ошол эле жылдын 4-октябрында 1-Жердин жасалма спутниги орбитага чыгарылган, 1961-ж. 12-апрелде «Восток» космостук кемеси менен Ю. А. Гагарин учкан. Байконурдан көптөгөн советтик космостук кемелер («Восток», «Восход» ж.б.) жана орбиталык станциялар («Салют» ж-а «Мир») ж. б. көптөгөн Жердин жасалма спутниктери учурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4