Байладила

Википедия дан

БайладилаИндиядагы темир кендүү ири аймак. Мадхья-Прадеш штатында. Байладила тоо тизмегинде, 1200-1250 м бийиктикте жогорку сорттогу темирдин (Fe 65-69%) бир нече кени жайгашкаи. Алардын ирилери: Байладила (жалпы запасы 1352 млн г), Жали-Ражхара (290 млн г), Ровгхат (237 млн г). 1958-ж. геологиялык чалгындоо жүргүзүлүп, 1968-жылдан жер бетинен ачык казылып алынат. Кендер антиклиналдык зона менен татаалданган синклиналдык структураларга токтолгон. Байладила кенинде 150 м тереңдикке чейин 14 кенташ кабаты ачылган. Алардын узундугу 900-1500 м, калындыгы 30-60 м (чаида 150 м).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4