Байланыштыруучу заттар
Көрүнүш
Байланыштыруучу заттар – көркөм сүрөт искусствосунун технологиясында боёктун курамына кирген жана анын ага гана тиешелүү атайын касиеттерин (пигмент менен байланыштууларынан башкасын) аныктаган зат. Б. з-дын башкы милдети – пигмент бөлүкчөлөрүн өз ара жана кыртыш менен бириктирип кургаткандан кийин чапташкан туруктуу боёк катмарын түзүү. Б. з-дын өзгөчөлүгүнө боёочу материалдардын техникалык жактан маанилүү айырмачылыктары (мис., акварель менен майлуу живопись боёкторунун айырмачылыктары) толугу менен көз каранды.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004