Баймырза Хайит

Википедия дан
Баймырза Хайт‎»‎ барагынан багытталды)

Баймырза Хайит (1917.17.12 – 2006.31.10) - өзбек тектүү чыгыш таануучу, түрколог-тарыхчы, басмачылык кыймылыгын тарыхынын ири адиси, философия доктору.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баймырза Хайит 1917-жылы 17-декабрда Фергана аймагында Түркстан автономиясына таандык Наманган жергесинде туулган.
Ташкендеги Орто Азия университетинин тарых факультетин (1938), Германиядагы Мюнстер (Вестфалия) университетин (1950) бүтүргөн.
Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.

1941-ж. Слуцк шаарынын алдындагы салгылашууда туткунга түшүп калып, ошол жылы күзүндө Ченстоховадагы (Польша) туткундардын лагерине айдалган.

1942-ж. жазында Түркстан легионуна кабыл алынган 262 түркстандыктын катарында Баймырза да болгон.
Согуш аяктагандан кийин Германияда калып, билимин уланткан.
1995-жылы жайында Кыргызстанда сый конок болуп кеткен.
2006-жылы 31-октябрда Германияда кайтыш болгон.

Илимий чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Профессор Баймырза Хайит 1950-ж. «Кокон жана Алаш Ордо улуттук өкмөттөрү» деген темада диссертация коргогон. Анын 400гө жакын илим эмгектери, анын ичинде 9 монография, 13 китепчеси жарык көргөн.

«Түркстан XX кылымда» аттуу эмгегинде басмачылар кыймылына улуттук кыймыл катары баа берип, Совет мамлекетинин курамындагы түрк элдеринин тарыхын жаңыча көзкараш менен чагылдырууга аракеттенген.

«Түркстандын экономикалык маселелери», «Түркстан Россия менен Кытай аралыгында» ж. б. эмгектеринде Россиянын Түркстандагы оторчул саясатына талдоо жүргүзүп, «Алашордо» өкмөтүнүн ички-тышкы саясаты, өкмөт мүчөлөрүнүн иш-аракеттери тууралуу далилдүү маалыматтар берилген.

Анын эмгектери немис, англис, түрк, орус ж. б. тилдерге которулган.

Баймырза Хайит АКШ, Улуу Британия, Түркия университтеринде дарстар окуп, баяндамалар жасаган.

1974-ж. Баймырза «Түркстан сүйүүчүлөр» клубун уюштурган.

1990-ж. анын жетекчилиги менен АКШда М. Чокайдын 100 жылдыгы белгиленген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]