Байнияз Кайыпназаров
| Байнияз Кайыпназаров | |
| | |
| Туулган датасы: | |
|---|---|
| Туулган жери: | |
| Өлгөн датасы: |
21 -январь 2001 (84 жаш) |
| Өлгөн жери: | |
| Жарандыгы: | |
| Ишмердүүлүгү: | |
| Чыгармачылык жылдары: |
1930-2001 |
| Жанр: | |
| Чыгармаларынын тилдери: | |
| Дебют: |
«Ырлар» (1940) |
| Бааланганы: |
«Каракалпакстан эл акыны» (1976) |
| Сыйлыктары: |
Бердак атындагы Мамлекеттик сыйлыгы (1984) |
Байнияз Кайыпназаров (1916-жыл 25-август, Чымбай району, Каракалпакстан — 2001-жыл 21-январь, Нукус, Каракалпакстан) — каракалпакстандык жана советтик акын, котормочу, согуш ветераны. Каракалпакстан эл акыны (1976), Каракалпакстан Республикасы Бердак атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1984)[1].
Өмүр жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1916-жылы 25-августта Чымбай районунун Саңмурун кыпчак айылында туулган.
1932-жылы Чымбайдагы дыйкан-жаштар мектебине окууга түшөт. 1939-жылы Төрткүлдөгү мугалимдер институтунун бүтүп, өз айылында мугалим болуп иштейт (1939-1941). Экинчи дүйнөлүк согуш башталуусу менен фронтка кетет (1941-1944), жаракаттангандыктан фронттан кайткан Б. Кайыпназаров мугалим болуп иштөөдө жүргүзөт (1944-1946). Ал Каракалпакстан Жазуучулар бирдигинде кеңешчи (1946-1947), радио комитетте (1947-1948), мамлекеттик басма үйүндө (1948-1951) редактор болуп иштеген.
Б. Кайыпназаров 1951-1956-жылдары Москвадагы М. Горький атындагы адабият институтунда окуду. Ал 1956-1958-жылдары «Амударыя» журналынын баш редактору, Жазуучулар бирдигинде кеңешчи (1958-1963), «Амударыя» журналында бөлүм баштыгы, 1967-жылдан пенсияга чыкканга чейин «Каракалпакстан» басмасында ага редактор болду.
Б. Кайыпназаров 1939-жылдан Каракалпакстан Жазуучулар бирдигинин мүчөсү.
Согуш жылдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Катардагы жоокер Байнияз Кайыпназаров жүрөгүндө душманга каарданган миллиондогон жоокерлердин бири болгон. 1941-жылы согуш башталаары менен Байнияз согушка аттанат. Согуштун оор күндөрүндө Сталинград фронтунда Колючкин районун бошотуу үчүн салгылашууда катуу жарадар болуп, госпиталда дарыланып, сакайып, кайра согушка аттанган. Байнияз бул жолу миллиондогон баатырлардын арасында башка кептеген адамдар менен бирге эл душманы болгон фашисттик баскынчыларды мекенибизден кууп чыгып, жер менен жексен кылат. Берлинге карай салгылашуулардын биринде кайрадан оор жарадар болгон. Оор жаракат алып согушка жараксыз болгондуктан 1944-жылы комиссиянын акыркы чечими менен согуштан кайтып келген.
Үй-бүлөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Апасы: Гүлжамила
Аялы: Асанова Бибижан (1926-жыл 5-июль — 2008-жыл 20-сентябрь)
Балдары:
- Саулехан
- Улзада
- Зира
- Максат
- Нурзада
- Гүлшат
- Рано
- Жанна
Акын 2001-жылы 21-январда каза болду. Сөөгү Нукус калаасындагы «Салмен ата» бейитине коюлду. Аялы Асанова Бийбижан 2008-жылы 20-сентябрда каза болду, анын сөөгү акыннын жанына коюлду.
Чыгармачылыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акындын алгачкы ырлары ХХ кылымдын 30-жылдарында жарыкка чыга баштаган. Акындын чыгармачылыгында гүлдөр өзгөчө орунду ээлейт, көптөгөн ырларында гүл сөзүн колдонгон. Өзү да «Мен бир көңүлдүү назик гүлкумар жанмын» деп жазат[1].
Китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- «Ырлар» (1940);
- «Калкка кызмат кылам» (1947);
- «Алтын күз» (1950);
- «Кубаныч ырлары» (1950);
- «Бозжап боюнда» (1955);
- «Көк эмен» (1956);
- «Кызыл гүл» (1958);
- «Сүй досум» (1962);
- «Менин Мекеним» (1966);
- «Менин бактым» (1968);
- «Эки аяз» (1970);
- «Нарман» (1972);
- «Эржан көк» (1974);
- «Гүлдасте» (1981);
- «Мен сенин бир чакаңмын» (1977);
- «Тандалган чыгармалары» (1974, 1981, 1985, 1993, 1996);
- «Кедей адам жана каргалар бадышасы» (1985);
- «Таң гүли» (1995);
- «Кедейдин кенже баласы» (1995);
- «Мөлдүр булак» (1989);
- Акыннын 100 жылдыгы Каракалпакстан Республикасында кең түрдө белгиленип, 2017-жылы «Тандалган чыгармалары» жарыкка чыкты[1].
Котормочулук
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Б. Кайыпназаров боордош элдердин адабиятынан А. Твардовскийдин «Василий Тёркин», Е. Долматовскийдин «Шок жылдыз», Ш. Рашидовтун «Кашмир ыры» поэмаларын, анан М. Лермонтов, А. Мицкевич, Ян Райнис, Т. Шевченконун бир катар чыгармаларын каракалпак тилине которду[1].
Обон жазылган ырлары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Гүлнара», «Мен сенин бир чакаңмын», «Мээнет эт», «Сүй мээнетти», «Бир гүл көрүндү да кетти», «Көрдүңбү?», «Чымбайым», «Кел, жаным, күлүмдөп», «Ана», «Сулуу кызга», «Дилбар», «Көңлүмдө барсың» сыяктуу ырларына обон жазылган болуп, Каракалпакстанга белгилүү ырчылар тарабынан аткарылып келинет.
Жетишкендиктери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мекендик согуш ордендери жана медалдары;
- Өзбекстан жана Каракалпакстан Республикасы Жогорку Кеңешинин ардак грамоталары (1982);
- «1941-1945-жылдардакы Мекендик Согуш жеңишинин жыйырма жылдыгы (1965-жыл 7-май);
- «Каракалпакстан эл акыны» (1976);
- «Эмгек ветераны» медалы (1977-жыл 16-декабрь);
- Каракалпакстан Республикасы Бердак атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1984);
- «Жасорат» медалы (1994-жыл 6-май).
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1 2 3 4 Mámbetniyazov T., Bekbergenova Z., Mámbetniyazova Z. «Ádebiyat». Nókis, «Билим», 2019, 304 бет. ISBN 978-9943-445-1-2-3 каракалпакча
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Менин Мекеним» (1956) Archived 2025-01-23 at the Wayback Machine китебин жүктөп алуу (каракалпакча);
- «Мен сенин бир чакаңмын» (1977) Archived 2025-01-23 at the Wayback Machine китебин жүктөп алуу (каракалпакча).