Байсалов, Жоомарт Усубакунович

Википедия дан

Жоомарт Усубакунович Байсалов (1949, Ысык-Көл району) – педагогика илимдеринин доктору (1998), профессор (2001), РФ социалдык жана пед. илимдер академиясынын академиги (2000). Пржевальск мамлекеттик педагогика институнун физика-математика факультетин бүтүргөн (1970). Пржевальск мамл. пед. ин-тунда окутуучу (1970), Респ-калык мугалимдердин билимин өркүндөтүү ин-тунда методист (1970–1974), Кыргыз ССРнин педагогика илим-изилдөө ин-тунда кенже ил. кызматкерден, бөлүм башчылыкка чейинки (1974–1992), Кыргыз мамл. улуттук ун-тте доцент (1990–1995), И. Арабаев атн. Кыргыз мамл. пед. ун-тинде кафедра башчысы (1995–1998), Ж. Баласагын атн. Кыргыз улуттук ун-тинде кафедра башчысы (1998–2002) болуп эмгектенген.

Байсалов математиканы окутуунун теориясы жана методикасы жаатында 110дон ашык илимий эмгектерди жараткан. Алардын ичинен 2 монография, 13төн ашык окуу-методикалык колдонмолорду жазып, 12си Москва, Санкт-Петербург, Мюнхен, Алматы, Ташкент, Шымкент ш-дагы басмаканалардан жарык көргөн. Б. КР улуттук аттестациялык комиссиясында эксперттик комиссиянын (1998–2000), педагогика илими боюнча докторлук (кандидаттык) ил. даражаны ыйгаруу адистештерилген кеңешинин (2001-жылдан) мүчөсү, ал эми 2002-жылдан бери КР өкмөтүнүн алдындагы илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамл. агентстводо эксперт.

Байсаловдун жетекчилиги менен 2 кандидаттык жумуш корголгон. Азыр 5 аспирантка жетекчи, 2 докторантка кеңешчи. Б. 2003-жылдан февраль айынан И. Арабаев атн. КМПУнун алдындагы педагогика жана психология ин-тунун директору.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,