Мамади Байымбетов

Википедия дан
Байымбетов, Мамади‎»‎ барагынан багытталды)

Мамади Байымбетов (1927-ж. т.2013) – жаңычыл педагог, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими (2001). Ош мамл. пед. ин-тун бүтүргөн. Билим берүү системасында 50 жылдан ашык эмгектенип, анын ичинде 39 жыл мектеп жетекчиси болгон. Ал мугалимдик иш-аракеттин устаты, өз учурунда жүргүзүлгөн: «Кол эмгек сабагы» (1955-ж. киргизилген), «Пионердик үч баскыч» (1957), «Сегиз жылдык мектеп» (1958), «Милдеттүү орто билим алуу» (1961), «Даярдоо классы» (1979), «Үй-бүлө жана адеп сабагы» (1983) ж. б. жаңы башталмаларды мектепте калыптандырууда жана акыркы жылдары респ-кабызда жүрүп жаткан «Ыйман сабагы» (1992), «Пилоттук мектеп» (2002) ж. б. реформаларды ишке ашырууда башка мектептерге жол көрсөткүч, насаатчы катары таанылган. Москвада өткөн Бүткүл союздук агартуу кызматкерлеринин III съездине (1988) жана республикалык мугалимдердин III–V съездерине делегат болуп шайланган.

Байымбетов белгилүү педагогдор В. А. Сухомлинский, Г. Н. Волков жана жаңычыл-педагогдор Шаталов, Амонашвили, Крачковский, Ильиндер менен пикир алмашып, билим берүү системасындагы өз көз караштарын сунуш кылган. Балдары Мамадыев Бактыбек Мамадыевич, Байымбетова Айнур Мамадыевна, Байымбетов Жакыпбек Мамадыевич

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байымбетов кыргыз тили жана адабиятын окутуу, элдик педагогиканын методдору, улуттук менталитетке байланыштуу 40тан ашык окуу макалаларын жарыялаган. Байымбетов «Ыйман сабагынын программасы» (1992), «Мактанба» (1994), «Каада-салт жобосу» (1996), «Тил сабагында өз алдынча ой жүгүртүү» (1998), «Окуучу ойлоно билсин» (1998), «Тил сабагындагы ыр сабагы» (1998), «Манас эпосу – тарбиянын кенчи» (1999) китептеринин автору.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байымбетов эмгеги мамлекет тарабынан бааланып, «Ардак белгиси» ордени, «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «Эмгек ардагери» медалдары менен сыйланган. Кырг. Респ. Элге билим берүүсүнүн отличниги (1997), «СССР эл агартуу отличниги» (1977), «Методист-мугалим» (1983), Кырг. Респ. эмгек сиңирген мугалими (1995), «ОшМУнун ардактуу профессору» (1999) наамдары берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004.