Мазмунга өтүү

Байыркы Египеттеги жасалма суугат системасы

Википедия дан

Байыркы Египеттеги жасалма суугаттын ыкмалары Эки дарыя аралыгында колдонулган ыкмалардан таптакыр озгочолонуп турган. Египеттиктер империялык доор келгенче жасалма суугат каналдарын куру менен алпурушкан эмес болчу. Анын ордуна, алар Нил дарыясынын табигый ташкындоо учурун эбин таап пайдаланышкан. Дал ушундай агызуу процессинде озгочобаш ооруткан туйшук бул жерде эч болгон эмес.

Дал ушундай «тепшилик» суугат системасы Эки Дарыя аралыгындагыга караганда жерди терен казууну анча коп талап кылган эмес. Нил дарыясынын ырааттуу турдо жана жагымдуу муноздо ташкындап жана тайыздап турушу суугат жайларын кармап туру иштеринин женил болгонун туюнтат. Бул жагдай кантип египеттик дыйкандар пирамидал арды куру учун убакыт менен киши кучун таба алганын тушундуруп бере алат, анткени Египеттеги эрте доорлордогу жерди иштетуунун мындай шарттарында ар жылы тушум жыйналгандан кийин жана Нил кайрадан ташкындай баштаганга чейинки мезгилде жерди таптакыр иштетпей, колу-жолу бош калуучулук менен байланыштуу бир нече айлык убакыт болоор эле. Нилдин ташкыны канчалык коркунучтуу болсо (сел каптап келип, анча-мынча уйлорду омуроолотуп кулатчу, качып улгурбогон жандыктын баарын ээ-жаа бербеген суу агызып кетчу), ал аяктагандан кийинки турмуш ошончолук ынгайлуу болчу. Тек гана учурунда мээнеттенип эгин эгип улгуруу керек эле.Байыркы Египеттиктер Нилдин ташкыны тууралуу уламыштарды калтырышкан. Алардын бири мындай: илгери-илгери бир ташкын журуп, жердин баарын каптап калыптыр. Жандуунун бары суу астында калып, азап чегиптир. Суудан башка эч нерсе жок жерди карангылык каптайт. Ошондо суу теренинен коколой, улам боюн тузоп, лотос гулу осо бериптир. Анын сабагы узарып, акыры лотостун башы суунун бетине жетиптирда, буру ачылып татынакай гулу пайда болот. Бул гулдон жер жузуно жарык ыроологон кун туулуптур. Лотостун бучурунон алтын куш сыяктуу учуп чыккан кун жер жузун каптаган суну кайра дарыянын нугуна чейин чегиндирип, жер бетине жашоону ыроологон экен.

колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1.Дуйно тарыхы