Байыркы түрк жазуусу
Байыркы түрк жазуусу (ошондой эле ар түрдүү аталыштар менен белгилүү: Көк түрк жазуусу, Орхон жазуусу, Орхон-Енисей жазуусу, Түрк руналары) — VIII–X кылымдарда Көк түрктөр жана башка алгачкы түрк кагандыктары тарабынан байыркы түрк тилин жазуу үчүн колдонулган алфавит.[1]
Жазуу Монголиядагы Орхон өрөөнүнүн атынан аталган. Ал жерден VIII кылымдын башына таандык жазууларды 1889-жылы Николай Ядринцев жетектеген экспедиция тапкан.[2] Бул Орхон жазууларын Василий Радлов басып чыгарып, 1893-жылы даниялык филолог Вильгельм Томсен чечмелеген.[3]
Бул жазуу системасы кийинчерээк Уйгур кагандыгында да колдонулган. Мындан тышкары, IX кылымдагы Енисей кыргыздарынын жазууларынан белгилүү болгон Енисей варианты бар. Ошондой эле Түркстандын Талас өрөөнүндөгү жазуулар жана X кылымдагы Байыркы венгр алфавити менен тектеш болушу мүмкүн. Сөздөр адатта оңдон солго карай жазылган.
Келип чыгышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Көптөгөн окумуштуулар, Вильгельм Томсенден (1893) баштап, байыркы түрк жазуусу Арамей алфавитинин тукумдарынан, атап айтканда, Пахлави жана Согду алфавити аркылуу келип чыккан деп эсептешет.[4][5] Ошондой эле санскритти жазуу үчүн колдонулган Кхароштхи жазуусунан келип чыгышы мүмкүн деген божомолдор бар. Кээ бир окумуштуулар эвразиялык көчмөндөрдүн мал-жандыктарына баскан эн тамгаларын (тамгалар) жазуунун булактарынын бири катары карашкан, бирок формалык окшоштуктарга карабастан, бул гипотеза далилденбегендиктен четке кагылган.[6] Жазуу Согду жана Сирия алфавиттери аркылуу арамей жазуусунан келип чыккандыгы эң ишенимдүү версия болуп саналат.
Заманбап кытай булактары түрктөрдүн VI кылымга чейин жазуусу болгон-болбогону тууралуу карама-каршы маалыматтарды беришет. VII кылымдагы «Чжоу китеби» түрктөрдүн согдуларга окшош жазуусу болгонун айтса, «Суй китеби» жана «Түндүк династиялардын тарыхы» түрктөрдүн жазуусу болгон эмес деп ырасташат. Венгр окумуштуусу Иштван Вашаринин айтымында, байыркы түрк жазуусу биринчи кагандардын тушунда ойлоп табылган жана согду жазуусунун негизинде моделделген. Жазуунун бир нече варианттары VI кылымдын биринчи жарымында эле пайда болгон.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Scharlipp, Wolfgang (2000). An Introduction to the Old Turkish Runic Inscriptions. Verlag auf dem Ruffel, Engelschoff.
- ↑ Sinor, Denis (2002). "Old Turkic". History of Civilizations of Central Asia. 4. Paris: UNESCO. pp. 331–333.
- ↑ Vilhelm Thomsen, [Turkic] Orkhon Inscriptions Deciphered (Helsinki : Society of Finnish Literature Press, 1893). Translated in French and later English (Ann Arbor MI: University Microfilms Intl., 1971). OCLC 7413840
- ↑ Brill, E. J. (1993). E.J. Brill's First Encyclopaedia of Islam: 1913-1936. Morocco - Ruzzīk (in англисче). Volume 6: Brill. p. 911. ISBN 978-90-04-09792-6. Retrieved 7 August 2024.
- ↑ Campbell, George; Moseley, Christopher (2013). The Routledge Handbook of Scripts and Alphabets. Routledge. p. 40. ISBN 978-1-135-22296-3.
- ↑ Aristov, N. (1896) Notes on Ethnic Composition of Turkic Tribes and People and Population Record. ZhS 3-4, 277-456
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Diringer, David. The Alphabet: a Key to the History of Mankind, New York, NY: Philosophical Library, 1948, pp. 313–315.
- Erdal, Marcel. 2004. A grammar of Old Turkic. Leiden & Boston: Brill.