Суулу Бакайыр

Википедия дан
Бакайыр, суусу‎»‎ барагынан багытталды)

Суулу Бакайыр, (Бакайыр сай) — Кара-Буура районундагы суу, Талас суусунун сол куймасы. Узундугу 43км, алабынын аянты 196км2. Талас Ала-Тоосунун түндүк капталынан башталат. Жогорку агымы кууш капчыгай аркылуу шар агат. Төмөнкү агымында нугу кеңейип тайыздайт. Акчий айлынан 5,5 км түндүк-чыгыштан агымы үзүлөт. Суу куралуу аянтынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктги 2750 м. Суу башында көл (аянты 0,05 км2) жана жалпы аянты 1,5 км2 болгон майда мөңгүлөр бар. Жалпы узундугу 33км келген 13 өзөн куят. Эң ириси – Курубакайыр(12 км). Кар, мөңгү (90%) жана жаан-чачын сууларынан куралат. Май – октябрь айларында ташкындап, ноябрь – апрелде тартылат. Көп жылдык орточо чыгымы 0,65 м3/сек. Июлда сууга өтө мол (орточо чыгымы 1,66 м3/сек), декабрь – марттарда сууга өксү (0,30 м3/сек) болот. Эң көп чыгымы 3,4 м3/сек, эң азы 0,05– 0,1 м3/сек. Сугатка пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]