Бакара сүрөсү

Википедия дан

Бакара 2-сүрөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Алиф, Лам, Мим.
  • 2. Бул китеп эч күмөнсүз, Kудайдан корккондор үчүн Туура Жол.
  • 3. Алар кайыпка ишенишет, намазды толук аткарышат жана Биз берген ырыскыдан  сарпташат.
  • 4. Дагы алар, сага жана сенден мурдагыларга  түшүрүлгөн китептерге  жана Акыретке анык ишенишет.
  • 5. Алар Раббысынан келген Туура Жол үстүн¬дө жана алар гана ийгиликке жетүүчүлөр.
  • 6. Акыйкатта, каапырларды эскерт-эскертпе - баары бир ишенишпейт.
  • 7. Аллах алардын жүрөктөрүн, кулактарын  мөөрлөгөн, көздөрүнө парда тоскон жана Акыретте аларга улуу азап бар.
  • 8. Адамдардан кээ бирөөлөр: «Аллахка жана Акыретке ишендик» - дешет. Бирок, алар ишенишкен эмес.
  • 9. Аллахты жана момундарды алдамакчы болушат, бирок өздөрүн гана алдап жаткандарын сезишпейт.
  • 10. Алардын жүрөктөрүндө оору бар. Аллах ал оорууларын ого бетер көбөйттү жана калп айткандары  үчүн аларга азаптуу жаза бар.
  • 11. Эгер аларга: «Жер бетинде бузукулук кылбагыла» - деилсе, «Биз – оңдоочуларбыз» -  дешет.
  • 12. Чындыгында, алар  анык бузукулар. Бирок,   өздөрү аны сезишпейт.
  • 13. Дагы аларга: «Башкалардай  ыйман келтиргиле» - дейилсе, «Ушул кемакылдар сыяктуу ыйман келтиребизби?!» дешет. Билгиле! Өздөрү анык акмактар! Бирок, аны билишпейт.
  • 14. Алар момундарга жолукканда: «Биз да ыйман келтирдик» - дешет. Бирок, шайтандары менен калганда: «Биз силер мененбиз, болгону мусулмандарды шылдыңдап жатабыз» - дешет.
  • 15. Аллах аларды шерменде кылат жана көздөрү жетпей темселеген   каапырлыгын узартат.
  • 16. Алар  Туура жолдун ордуна адашууну сатып алгандар. Бул «соодалары» пайда бербеди жана Туура жолго түшүшпөдү.
  • 17. Алардын мисалы - от жагып,  айлана эми гана жарыганда, Аллах оттун  нурун алып, көз көрбөгөн караңгыда калгандар сыяктуу.
  • 18. Түз жолго кайтпаган - дүлөй, дудук жана сокурлар!
  • 19. Же алар – караңгыда  асмандан  күркүрөп жааган   нөшөрдө - чагылгандан   коркуп, манжарын кулактарына тыккандарга  окшойт.  Аллах каапырларды ороп алуучу.
  • 20. Чагылган көздөрүн көр кыла жаздайт. Жарык тийгенде  бир аз  жүрүп алышат да караңгы түшсө -  токтоп калышат. Аллах каалаганда  кулактарын жана көздөрүн алып коймок. Аллах баарына Кудуреттүү.
  • 21. Эй, адамдар! Силерди жана силерден мурдагыларды  жараткан Раббыңарга ибадат кылгыла, балким кудайдан коркуучу  болоорсуңар.
  • 22. Ал жерди төшөк, асманды чатыр кылды жана  андан жамгыр жаадырып, силерге ырыскы үчүн көп мөмөлөрдү чыгарды. Эми, билип туруп Аллахка башкаларды теңебегиле!
  • 23. Эгер силер, Биз пендебизге түшүргөн Кураандан күмөн санасаңар - дал ошондой  бир гана сүрө келтиргиле жана чынчыл болсоңор - Аллахдан башка  күбөңөрдү да чакыргыла!
  • 24. Эгер андай сүрө жарата албасаңар – а силер эч качан жарата албайсыңар – отуну адамдар жана таштар болгон  капырлар үчүн даярдалган Тозоктон корккула!
  • 25. Жакшылыктарды жасаган момундарга - астынан дарыялар аккан Бейиш бактарын сүйүнчүлө! Алар Бейиштеги мөмөлөрдөн ооз тийгенде: «Биз буга  окшогонду  мурда жегенбиз»-  дешет. Болгону  аларга  берилген мөмөлөрдүн  көрүнүшү жана даамы гана окшош. Аларга ал жерде таза жубайлар бар жана алар Бейиште түбөлүк калышат.
  • 26-27. Аллах  бир чиркейди же андан да майдараак жаныбарды мисал кылуудан  тартынбайт. Ыймандуулар ал мисалдын Раббысынын чындыгы экенин билишет. Ал эми, каапырлар: «Аллах бул мисал менен эмне айткысы келди?» - дешет. Аллахтын мындай  мисалдары көп адамдарды адаштырса, көбүн Туура жолго баштайт.  Аллах менен түзгөн келишимдерин бузуп,  Аллах улануусун буюрган байланыштарды үзүп, жерде бузукулук кылгандарды гана Аллах адаштырат.
  • 28. Силер кантип Аллахка ишенбейсиңер? Ал силердин  жансыз денеңерди тирилткен. Кийин силерди өлтүрүп, андан соң кайра тирилтет. Анан  Ага кайтасыңар.
  • 29. Ал – жердегинин  баарын силерге жаратып, анан асманга карады  жана аны жети кабат кылып жаратты. Ал баарын Билүүчү.
  • 30. Раббың периштелерге: «Мен жер үчүн орун басар жараткым келет» - дегенде, периштелер: «Сен ал жерде бузукулук кылуучуларды,  кан төгүүчүлөрдү жаратасыңбы?  Биз эле  Сени даңазалап, аруулайлы» - дешти. Аллах: «Мен силер билбегенди билемин»  - деди.
  • Ошондо Роббиң өзүнүн периштелерине: “Мен Жер бетинде (Өзүмө) орун басар жаратамын”, — деди. Алар : “Анда (Жер бетинде) бузукулук кыла турган жана кан төгө турган жанды жаратасыңбы? (Алардын ордуна) биз (эле) Сага мактоо айтып, улуктап жана Сени даңазалайбыз (го)”, - дешти. (Ошондо Аллах) айтты: “Чындыгында, Мен силер билбегенди билемин! (Ошондуктан силер сыяктуу махлуктардын каалаганы эмес, Менин каалаганым ишке ашып, Адам жаратылат)!"
  • 31. Жана Аллах Адамга бүт аттарды үйрөткөн соң, аларды периштелерге көрсөтүп, «Эгер чынчыл болсоңор, ушулардын аттарын  Мага атап бергилечи» - деди.
  • Ошентип, Аллах Та’ала ошол нерселерди, заттарды периштелердин алдына коюп туруп: “Эгер силер чынчыл болсоңор, кана, Мага булардын аттарын атагылачы!? - деди "
  • 32. Периштелер - «Сен - Аруусуң жана Тазасың! Бизде илим жок.  Болгону, Өзүң үйрөткөндү гана билебиз. Сен Билүүчүсүң, Даанышмансың» - дешти.
  • Алар айтышты: “(О, Аллах)! Сени (гана) улуктайбыз! Биз Сен өзүң бизге үйрөткөн нерселерди гана билебиз. Чындыгында, Сен - (баарын) Билүүчүсүң, (баарынан) Даанышмансың!"
  • 33. Аллах: «Эй, Адам, периштелерге атап бер»  - деди.  Адам периштелерге атап берген соң,  Аллах - «Силерге - «Мен жер жана асмандардагы кайыпты, силер ашкере кылганды да, ичиңерге жашырганды да билемин» - дебедим беле!» - деди.
  • Ал (Аллах) айтты: “Оо, Адам, буларга тигил нерселердин аталыштарын атап бер”. Аларга (Адам-Ата) аттарын айтып бергенде, Аллах айтты: “Мен силерге Асмандарда жана Жерде болгон кайып нерселерди, (анын ичинде) силердин ашкере кылган нерселериңерди да, жашыруун жасаган нерселериңерди да билемин - деп айтпадым беле?!"
  • 34. Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла» - дегенде,  дароо сажда кылышты, бир гана Иблис моюн толгоп,  баш тартты жана  каапырлардан болду.
  • Мына ошондо Биз периштелерге: “Адамга сажда кылгыла!” - дедик эле алар, (периштелер) Иблистен башкасы (баары) Адамга (дароо) сажда кылышты. Ал (Иблис болсо Адамга сажда кылуудан) баш тартып, менменсинди да, (ашынган текеберлигинен улам түбөлүктүү) каапырлардан болуп калды"
  • 35. Биз: “Эй, Адам, сен жубайың  экөөң Бейиште жашагыла, андагы каалаган жериңердеги  мөмөлөрүнөн жегиле, бирок, бул даракка жолобогула - кылмышкер болуп каласыңар” - деп эскерттик.
  • Аллах Таала мындай дейт:
  • “Биз айттык: “Оо, Адам, сен аялың (экөөң) Бейиштен орун алгыла жана андан ырахаттанып, эмнени кааласаңар жегиле, бирок мобул даракка жакындабагыла! (Эгерде жакындасаңар) анда заалымдардан болуп каласыңар
  • 36. Шайтан экөөнү азгырып,  мекендеринен  чыгарды. Кийин Биз: «Бири бириңерге душман бойдон жерге түшкүлө жана андан   убактылуу пайдалангыла» –дедик.
  • 37. Андан соң Адам  Раббысынан сөздөрдү укту  жана Аллах анын тообасын кабыл кылды. Акыйкатта, Аллах тообаларды кабыл кылуучу жана Мээримдүү.
  • 38-39. «Баарыңар Бейиштен түшкүлө. Эми, силерге Менден Туура Жол келгенде, Менин жетекчилигиме ээрчигендерге коркунуч жана кайгы жок.  Ал эми, Биздин аяттарыбызды жалган деп, ишенбегендер - Тозок ээлери  жана анда түбөлүк калышат!” – дедик.
  • 40-41. Эй, Исрайил урпактары! Силерге берген нээматымды эстегиле жана Мага берген убадаңарды аткаргыла, Мен да берген убадамды аткарам. Менден гана корккула жана силердегини тастыктоочу Мен түшүргөнгө ишенгиле. Силер баш болуп   каапырлардан болбогула,  Менин аяттарымды арзыбаган баага сатпагыла жана жалгыз Менден гана корккула!
  • 42. Чындыкты жалганга оробогула! Билип туруп чындыкты жашырбагыла.
  • 43. Намазды толук аткаргыла, зекет бергиле жана руку кылгандар менен чогуу руку кылгыла.
  • 44. Адамдарды ыйманга буюруп, өзүңөрдү унутуп каласыңарбы? Cилер Китеп  окуйсуңар го! Акылыңар кирбейби?
  • 45-46. Сабыр жана намаздан жардам  издегиле. Акыйкатта, намаз  - Раббысына жолугаарына жана Ага гана кайтаарына ишенген моюн сунуучулардан башкасына -  оор.
  • 47-48. Эй, Исрайил урпактары! Силерге берген нээматымды жана силерди баарынан абзел кылганымды эстегиле жана адамдар бири-бирине жардам бере албаган, бир да күнөөкөрдөн жарыйма  алынбаган, Аллахтын уруксатысыз эч кандай шапаат пайда бербеген жана баары жардамсыз калчу Кыяматтан  корккула!
  • 49. Эй, Исрайил урпактары!  Силерди  эзип,  уулдарыңарды кырып, аялдарыңарды тирүү калтырган Фираундан Биз куткарганыбызды эстегиле. Бул  Раббыңардын чоң сыноосу эле.
  • 50. Деңизди  бөлүп, силерди куткарганыбызды жана Фираун аскерлерин чөктүргөнүбүздү  көргөнсүңөр.
  • 51. Биз Муса менен кырк күнгө убадалаштык. Ал кетээри менен силер билип туруп музоого сыйынып – күнөө кылдыңар.
  • 52. Ушундан соң: «Шүгүр кылаар» - деп Биз силерди кечирдик.
  • 53. «Туура жолго түшөөр» -  деп Биз Мусага Китепти жана жакшылык менен жамандыкты  ажыратуучу Фурканды бердик.
  • 54. Ошондо Муса коомуна: «Эли журт! Силер музоого сыйынып – күнөө кылдыңар! Эми Жаратуучуңарга тообо кылгыла, араңардагы ыймандуулар каапырларды өлтүрсүн! Бул  силер үчүн абзелирээк» - деди.  Анан Аллах тообаңарды кабыл кылды.  Ал - тообаларды кабыл кылуучу, Мээримдүү!
  • 55. Бир кезде силер: «Эй, Муса, биз Аллахты анык көрмөйүнчө -  ишенбейбиз» –дедиңер. Ошондо,  чагылган силерди каратып туруп урду.
  • 56. Кийин: «Шүгүр кылаар» -  деп Биз силерди кайра тирилттик.
  • 57. Биз үстүңөргө булутту көлөкөлөтүп: «Биз ырыскылап  берген таза оокаттардан жегиле» – деп, асмандан «манн» жана бөдөнө эттерин түшүрдүк! Алар Бизге эмес, өздөрүнө гана зулум кылышты.
  • 58. Биз- «Бул шаарга – “Кечирим”- деп, дарбазадан сажда менен  киргиле жана  аны мекендеп, каалаган жериңерде кеңири жеп-ичкиле, Биз силердин катаңарды кечирип, жакшылыгыңарга кошумча сыйлыктар беребиз»- дедик.
  • 59. Заалымдар буюурулган сөздү башкага алмаштырган  соң Биз аларга бузукулугу үчүн асмандан жаза түшүрдүк.
  • 60. Муса коому үчүн суу сураганда - Биз ага: «Таягың менен ташты ур»- дедик. Таштан  он эки булак атып, баары өз сууларын табышты. Биз «Аллах берген ырыскылардан жеп-ичкиле жана жер бетинде бузукулук менен кыйратуучулук кылбагыла!»- дедик.
  • 61. Ошондо силер: «Эй, Муса! Биз Раббыңдын оокаттарына алымсынбай жатабыз, Раббыңдан бизге жер өндүргөн - бадыраң, сарымсак, буурчак, пияздардан чыгарып берүүсүн сура» – дедиңер. Анда Муса: «Силер «манн» жана бөдөнөнүн  ордуна даражасы төмөн жемиштерди сурап жатасыңарбы? Шаарга түшкүлө  сураган жемишиңер толтура!” – деди. Алар  кор жана кедей болушту. Алар  Аллахтын аяттарына ишенбей пайгамбарларды кыянаттык менен өлтүрүшкөнү үчүн Анын каарына калышты.  Анткени, алар Аллахтын өкүмүнө каршылык кылып, чектен чыгышты!
  • 62. Акыйкатта, ыймандуулар, жөөттөр, христиандар жана сабейлердин арасынан - жалгыз Аллахка жана Акыретке ишенип, жакшылык жасагандарга, Раббысынын алдында  сыйлыктар даяр жана  аларга коркунуч, кайгы жок.
  • 63. Биз үстүңөргө Тур тоосун көтөрүп: “Силерге берилгенди бекем кармагыла, андагыны эсиңерге туткула –балким,  такыба болоорсуңар” - деп,  убадаңарды алган элек.
  • 64. Андан кийин силер убадаңардан кайттыңар. Силерге  Аллахтын пазилети жана ырайымы болбогондо - зыян тарткандардан болмоксуңар.
  • 65. Араңардан  ишемби боюнча чектен чыккандарды тааныйсыңар. Биз аларга “жийиркеничтүү  маймылдарга айлангыла!”  - дедик.
  • 66. Муну аларга жана кийинки муундарга үлгү жана такыбалар үчүн насаат кылдык.
  • 67. Муса коомуна: “Аллах силерди бир уй союуга буюрду” - дегенде алар: “Бизди шылдың кылып жатасыңбы?” - дешти. Анда Муса: “Кудайдын кудурети менен  наадандардан болуп калуудан сактанамын”- деди.
  • 68. Анда алар: “Раббыңдан бизге ал уйдун жашын, сапатын сурап бер” - дешти. Муса: “ Раббым - кары да, жаш да эмес, орточо уй болсун,  такый бербей буйрукту  аткаргыла деп жатат ”- деди.
  • 69. Алар: “Раббыңдан анын түсүн сурап бер”- дешти. Муса: “Раббым  аны көргөндүн көзүн кубанткан сапсары түстө  болсун деп жатат”- деди.
  • 70. Анда алар кайра: “Раббың анын сапатын тактап түшүндүрсүн! Чындыгында, биз күмөндө  калдык. Ушуга жооп  алсаң,  Аллах насип кылып, балким туура чечим табаарбыз” - дешти.
  • 71. Анда Муса: “Аллах - ал  уй жер айдап, эгин сугарганга үйрөтүлгөн эмес, эч бир айыбы жана терисинде өзүнүн өңүнөн башка түс жок болсун деп жатат”- деди. Алар: “Мына эми чындыкты айттың” - дешти жана такып отуруп, буйрукту аткара албай кала жаздашты.
  • 72. Силер бирөөнү өлтүрүп, бул маселе боюнча талашып жаттыңар, Аллах жашырганыңарды ачыкка чыгаруучу.
  • 73. Анан Биз: “Уйдун бир бөлүгү менен сөөктү ургула, ал тирилет” - дедик. Аллах өлүктөрдү  мына ушинтип тирилтип, акылыңарды иштетүүңөр үчүн белгилерин көрсөтөт.
  • 74. Ушундан кийин  жүрөгүңөр таш сымал, балким андан бетер  катты!  Акыйкатта,  кээ бир таштардан булактар атат, кээ бирлери  жарылып, андан  суулар агат, кээ бирлери Аллахдан коркконунан турган жеринен кулайт. Аллах силер жасаган иштерден кабардар!
  • 75. Эй, момундар! Силер китеп ээлеринин  - угуп, билип, түшүнүп туруп, Аллахтын Сөзүн  өзгөрткөн бир тобу - ыйман келтирет деген үмүттөсүңөрбү?
  • 76. Алар  момундарга жолукканда: “Биз ыйман келтирдик” - дешет. Өздөрүнчө  калганда: “Аллах бизге ачканды - мусулмандар өзүбүзгө каршы далил келтирүү  үчүн айтып жатасыңарбы? Акылыңарды иштетпейсиңерби?!” -  деп бири-бирин жемелешет.
  • 77. Ичиндеги сырларын да, ашкерелерин да Аллах билээрин билишпейби?
  • 78. Алардын арасында китебин  билбеген сабатсыздары да бар. Алардын билгендери   да куру арзуулар гана.
  • 79. Өз колдору менен жазган китептерин арзыбаган баага сатуу үчүн: “Бул Аллахдан түшкөн  китеп” – дегендерге тозок болсун! Колдору менен  бурмалагандары үчүн  тозок болсун! Сатып алгандары үчүн тозок болсун!
  • 80. Китеп ээлери: “Бизге от тийбейт, болсо да саналуу гана күндөргө” - дешет. “ Силер Аллахтын убадасын алдыңар беле?! Аллах Өз убадасын бузбайт же, өзүңөр билбегенди Аллахка оодарып жатасыңарбы?» - дегин
  • 81. Акыйкатта, сатып  алган жамандыгына курчалгандар – от тургундары жана анда түбөлүк калышат!
  • 82. Ал эми, Аллахка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга ишенип, жакшылыктарды  кылгандар - Бейиш ээлери жана анда түбөлүк болушат.
  • 83. Биз Исрайил урпактарынан: “Аллахдан башкага сыйынбайсыңар, ата-энеңерге, туугандарыңарга, жетимдерге, бечараларга кайрымдуу болосуңар, адамдарга жакшы сүйлөп, намазды толук аткарасыңар жана зекет төлөйсүңөр” - деп убада алганбыз. Кийин - кээ бирөөңөрдөн башкасы– ирээнжип жүз үйрүдүңөр.
  • 84. Биз силер менен: “Каныңарды төкпөйсүңөр жана бири-бириңерди  журтуңардан куубайсыңар” - деп келишкенде, силер муну  моюнуңарга алып, күбөлүк бергенсиңер.
  • 85. Кийин, силер бири-бириңерди өлтүрүп, кээ бирөөлөрдү үйлөрүнөн кууп, күнөө жана адилетсиздикте  шериктеш болуп келдиңер. Эгер туткундалса  кунун төлөп бошотуп да аласыңар. Аларды сүргүндөөгө тыйуу салынган эле го?! Силер  Тоораттын бир бөлүгүнө ишенип, калганын четке кагасыңарбы? Андайларга - бул жашоодо  - шерменделик жана алар Кыяматта катуу азапталышат. Аллах силердин ишиңерден кабарсыз эмес.
  • 86. Дал ошолор гана Акырет ордуна дүйнө сатып алгандар! Алардын азабы жеңилдетилбейт жана аларга жардам  берилбейт!
  • 87. Биз Мусага Тооратты бердик жана анын артынан пайгамбарларды жибердик. Биз Марям уулу Ыйсага да анык можизаларыбыздан берип, аны Ыйык Рух менен колдодук. Ар дайым пайгамбар напсиңерге жакпаган динди алып келсе, силер текеберленип, алардын кээ бирлерин жалганчыга чыгарып, айрымдарын өлтүрө бересиңерби?!
  • 88. Жөөттөр: “Жүрөктөрүбүз кулпуланган” - дешет. Андай эмес, Аллах аларды каапырлыктары үчүн наалаттаган. Алардын ыйманы өтө аз.
  • 89. Аларга  Аллахдан өздөрүндөгүнүн чындыгын  тастыктоочу түшкөндө – илгери алар ишенбегендер үстүндө жеңиш тилешээр эле - анан, өздөрүнө тааныш нерсе түшкөндө - ага каапыр болушту! Каапырларга Аллахтын наалаты болсун!
  • 90. Аллах пазилетин Өзү каалаган пендесине  түшүргөнүнө  ичи тарып, Аллах  түшүргөнгө каапыр болгону – начар баага сатылганы! Алар  Аллахтын удаа-удаа каарына калышты. Каапырларга кемсинтүүчү азап бар.
  • 91-92. Аларга: “Аллах түшүргөнгө ишенгиле” – деилсе: “ Биз  өзүбүзгө түшкөнгө ишенебиз” - дешет, алардагынын чындыгын тастыктоочу кийинки түшүрүлгөн акыйкат болсо да четке кагышат. Аларга: “Эгер ыймандуу болсоңор эмне үчүн пайгамбарларды өлтүрчүсүңөр жана силерге Муса анык далилдер көрсөтсө да, эмне үчүн анын жогунда өзүңөргө зулум кылып, музоого сыйындыңар!”- деп сурачы.
  • 93. Биз үстүңөргө Тур тоосун көтөрүп: “Биз бергенди бекем кармагыла жана  уккула” - деп, ант алдык, алар: “Уктук бирок моюн сунбайбыз” - дешкен жана каапырлыгы үчүн жүрөктөрүнө музоого сыйынуу кирип калган. Аларга: “Силер ыймандуу  болсоңор да   ал ишенимиңердин буюрганы  жийиркеничтүү!” –дегин.
  • 94. “Эгер Аллахтын Акыреттеги Бейиши силер айткандай жалгыз силер үчүн гана болсо, анда өзүңөргө өлүм тилегилечи, эгер чынчыл болсоңор”- дечи.
  • 95. Алар колдору менен жасаган күнөөлөрү үчүн өздөрүнө өлүмдү ыраа көрүшпөйт. Аллах заалымдарды Билүүчү!
  • 96. Сен алардын мушриктерден бетер бул жашоого суктугун көрөсүң. Ар бири  миң жыл жашагысы келет. Бирок, узун өмүр да аны азаптан алыстата албайт. Аллах алардын жасаганын көрүүчү!
  • 97. “Ким Жебрейилге душман?” – деп сура. Ал  Аллахтын уруксаты менен мурдагылардын чындыгын тастыктоо үчүн  ыймандууларга туура жетекчилик жана сүйүнчү кабар кылып сенин жүрөгүңө Кураанды алып түшкөн.
  • 98. Ким Аллах, Анын периштелери, пайгамбарлары, Жебрейил жана Микаил менен  душман болсо  - Аллах, акыйкатта -  каапырларга, душман!
  • 99. Биз сага анык белгилерди түшүрдүк. Буларга  бузукулар гана ишенишпейт.
  • 100. Дайым  Аллахка убада берген сайын алардын бир бөлүгү аны четке чыгара береби? Анын үстүнө, алардын көбү ыймансыз.
  • 101-102. Алардагынын чындыгын тастыктоочу Аллахтын элчиси келгенде, китеп берилгендердин кээ бирлери  акыйкатты билмексен болуп, Аллахтын  китебин аркаларына ташташты жана Сулаймандын  доорунда шайтандар үйрөткөнгө ээрчишти. Сулайман каапыр болгон эмес, тетирисинче адамдарга сыйкырды үйрөткөн шайтандар каапыр эле жана Вавилондо Хаарут менен Марут аттуу  эки периштеге берилген сыйкырга ээрчишти. Ал экөө: “Акыйкатта, биз сыноо үчүн келдик, сыйкыр үйрөнүп, каапыр болуп калбагыла” - деп эскертмейинче үйрөтүшчү эмес. Алар  муну үйрөнгөнгө Акыретте үлүш жоктугун билип туруп,  эрди-катынды ажыратууну,  пайдасызды, зыян апкелүүнү үйрөнүштү. Бирок,  Аллахтын уруксатысыз, алар эч кимге зыян бере алышпады. Жандарын  сатып, ордуна  алгандары – кандай жийиркеничтүү! Алар муну билишсе кана!
  • 103. Алар ыйманга келип, такыба болушса - Аллахдан сыйланып, өздөрүнө эле жакшы болмок! Алар  муну билишкенде кана!
  • 104. Эй, ыймандуулар! Пайгамбарга кайрылганда “бизди сакта” дебегиле, “бизге кара” дегиле жана Аллах менен пайгамбарын уккула. Каапырларга жан ооруткан азаптар камдалган.
  • 105. Ыймансыз китеп ээлери жана мушриктер силерге Раббыңардан жакшылык түшүүсүн каалашпайт. Аллах Өз ырайымы менен  каалаганын белгилейт. Аллах улуу пазилет Ээси!
  • 106. Эгер Биз Кураандын бир аятын  жойсок же аны унуттурсак - ордуна жакшыраагын же ага татыктусун беребиз. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү экенин билбейсиңби?
  • 107. Асмандар жана жер өкүмдарлыгы Аллахка таандык экенин жана силерге Аллахдан башка Камкор да  Жардамчы да жоктугун билбейсиңби?!
  • 108. Балким, силер   пайгамбарыңардан, мурда жөөттөр  Мусадан такмазаланып сурагандай  сурагыңар келээр жана ким ыйманды каапырлыкка алмаштырса, туура жолдон адашканы.
  • 109. Китеп ээлеринин көпчүлүгү - акыйкат билинип, силер аны кабыл алганыңардан кийин деле - ичи тарып, силерди  ыймандан кайтарууну каалашат. Бирок, силер Аллахтын өкүмү келгиче аларды кечирип, айкөл болгула. Акыйкатта, Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.
  • 110. Намазды толук аткаргыла, зекет бергиле. Өзүңөр үчүн кандай жакшылык кылбагыла - Аллахдан сыйлыгын  табасыңар. Акыйкатта, Аллах аракетиңерди Көрүүчү.
  • 111. Алар: “Бейишке жөөттөр же христиандардан башкасы кирбейт” - дешет. Бул алардын куру кыялдары гана. Сен: “Эгер айтканыңар чын болсо  сөзүңөрдү  далилдегиле”- де.
  • 112. Андай эмес! Ким Аллахка жүзүн буруп, жакшылык кылса гана - Раббысынан сыйлыктары даяр. Алар коопсуз жана кайгысыз.
  • 113. Жөөттөр: “Христиандар адашкан”, ал эми христиандар: “Жөөттөр адашкан” - дешет. Алар китеп окуганы менен сөздөрү сабатсыз. Аллах алар  талашкан маселелердин өкүмүн Кыяматта гана чыгарат.
  • 114. Мечиттерде Аллахты эстөөгө тыйуу салып, аларды талкалоого алпурушкандардан өткөн заалым  барбы?! Алар мечиттерге коркуу менен  гана киришсе болмок. Аларга бул дүйнөдө шерменделик, Акыретте улуу азап камдалган.
  • 115. Чыгыш да, Батыш да Аллахка таандык. Кай тарапка жүз бурсаңар, Аллахтын (буюрган жана  ыраазы болгон тарабы) жүзү ошол жак. Акыйкатта, Аллах Кенен жана Билүүчү.
  • 116. Алар: “Аллахтын баласы бар” - дешет. Аллах - Таза. Арийне, жер жана асмандардагынын  баары Ага таандык жана Ага гана  моюн сунат.
  • 117. Ал - асмандар жана жердин Жаратуучусу. Ал: “бол!” - десе, ал иш дароо болот.
  • 118. Наадандар: “Эмнеге Аллах бизге сүйлөбөйт же аян - белгилер бизге деле түшсө болмок” - дешет. Алардан мурдагылар да  ушудай эле. Баарынын жүрөктөрү окшош. Биз далилдерди анык ишенгендерге баяндадык.
  • 119. Биз сени акыйкат менен жакшылыкты сүйүнчүлөөчү  жана эскертип кабарлоочу кылып жибердик. Сен Тозок ээлери үчүн жоопкер эмессиң.
  • 120. Жөөттөр менен христиандар диндерине ээрчимейинче сага  ыраазы болушпайт. Сен аларга: “Аллахтын жолу  гана Туура жол!”- дегин. Эгер сен  Раббың берген илимден кийин деле алардын каалоолору менен болсоң - сага Аллах Камкордук  кылбайт,  жардам да бербейт.
  • 121. Биз китеп бергендер жана  аны татыктуу окугандар гана – ага ыйман келтиргендер. Ага ишенбегендери – утулгандар.
  • 122-123. Эй, Исрайил урпактары! Силерге берген нээматымды жана силерди ааламдардан абзел кылганымды эстегиле жана адамдар бири-бирине жардам бере албаган, бир да күнөөкөрдүн жарыймасы  алынбаган, Аллахтын уруксатысыз эч кандай шапаат пайда бербеген жана баары жардамсыз калчу Кыяматтан  корккула!
  • 124-125. Раббысы Ибрахимди  сынаганын жана ал өкүмдү толук аткарганын, анан Аллах ага: “Мен сени адамзатка диний жолбашчы кыламын” - дегенде, Ибрахим: “Менин урпактарымданчы ?» - деп сураганын  жана Аллах: “Менин убадамдын заалымдарга тийешеси жок” – дегенин,  Биз Каабаны адамдар умтулуп баруучу тынчтык жайы кылып, “Ибрахимдин ордун намаз жайы кылгыла” жана Ибрахим менен Ысмайылга: “Менин Үйүмдү тооп кылуучулар, эьтикафка отуруучулар, рукуу жана сажда кылуучулар үчүн тазалагыла” - деп буюрганыбызды эстегин.
  • 126. Ибрахимдин Раббысына - “Яа, Раббым! Бул жерди тынч шаар кылып, тургундарынан Аллахка жана Акырет күнгө ишенгендерди түркүн мөмө-жемиштер менен ырыскыландыра көр!”- деп дуба кылганда, Аллах: “Каапырлар да бир аз пайдаланат, анан аларды Тозокто азап тартууга мажбурлайм” –дегенин эстегин. Ал кандай жаман акыбет!!!
  • 127. Ибрахим Ысмайыл экөө Каабанын пайдубалын көтөрүп жатып: “Оо, Раббыбыз! Биздин бул ишибизди кабыл кыл! Акыйкатта, Сен - Угуучу, Билүүчүсүң!
  • 128. Яа, Раббыбыз! Бизди өзүңө моюн сунуучулардан кыл! Биздин урпактарыбыздан өзүңө моюн сунуучу үммөт чыгар жана бизге ажылык ибадаттарын үйрөт, биздин тообаларыбызды кабыл кыл! Акыйкатта, Сен - тооба кабыл кылуучу, Мээримдүүсүң!
  • 129. Яа, Раббыбыз! Урпактарыбызга Сенин аяттарыңды окуп берүүчү, Китеп жана Даанышмандыкты үйрөтүүчү жана аларды тазартуучу өздөрүнөн бир пайгамбар жибер! Акыйкатта, Өзүң Жеңүүчү жана Дааныш¬мансың!” – дегендерин эстегин.
  • 130.  Ибрахимдин Дининен наадандар гана баш тартат. Биз Ибрахимди бул дүйнөдө жолбашчы кылып тандадык жана ал Акыретте да жогорку даражалуулардан.
  • 131.  Раббысы ага: “Өзүмө гана моюн сун!”- дегенде, ал  ыкласы,  сүйүүсү менен- “Ааламдардын Раббысына моюн сундум” - дегенин эстегин.
  • 132.  Ибрахим өзүнүн балдарына ушул гана динди осуят кылып калтырган. Яькуб да балдарына: “Эй, уулдарым, Аллах силерге ушул динди тандады жана силер бул дүйнөдөн жалгыз Аллахка гана моюн сунуп өткүлө” - деп осуят кылды.
  • 133.  Силер, Яькубдун өлүмүндө болдуңар беле? Ал уулдарына: “Менден кийин эмнеге сыйынасыңар?” - деп сураганда, алар: “Сенин жана аталарың Исхак, Ысмайыл, Ибрахимдердин кудайы – жалгыз Аллахка сыйынабыз жана биз Ага моюн сунуучубуз”  - дешкен.
  • 134. Ал үммөттөр  өтүп кетти. Алар өз иштерине жоопкер, силер өз ишиңерге жооп бересиңер. Силер алар үчүн сурак бербейсиңер.
  • 135. Алар: “Жөөт же христиан болсоңор гана туура жол табасыңар”- дешет. Сен аларга: “Андай эмес! Ибрахимдин туура динине гана ээрчийбиз жана Ибрахим мушриктерден болгон эмес!”- дегин.
  • 136. Эй, момундар: “Биз Аллахка, Бизге түшүрүлгөнгө жана Ибрахимге, Ысмайылга, Исхакка, Яькубга жана алардын урпактарына түшүрүлгөнгө жана Мусага, Ыйсага жана калган пайгамбарларга Раббысынан берилгендерге ыйман келтирдик. Биз пайгамбарлардын эч бирин ажыратпайбыз жана биз Аллахка моюн сунуучуларбыз” – дегиле!
  • 137. Эгер жөөттөр менен христиандар силердей ыйман келтиришсе гана туура жол табышат. Эгер  жүз бурушса, анда алар душман. Алардан сени Аллахтын Өзү сактайт. Ал  – Угуучу, Билүүчү.
  • 138 - 139. Аллахтын дини менен бойонгула. Ким Аллахдан жакшыраак бойой алат жана: “Биз ага гана ибадат кылуучубуз. Биз  менен Аллах жөнүндө талашасыңарбы? Ал биздин да Раббыбыз, силердин да Раббыңар. Бизге өз иштерибиз, силерге өз иштериңер жана биз иштерибизди Анын Өзүнө гана атап аткарабыз ” –дегиле!
  • 140. Же силер: “Ибрахим, Ысмайыл, Исхак, Яькуб жана алардан кийинки муундар  жөөт же христиан болгон - дейсиңерби? Силер билесиңерби же Аллах билеби? Аллахдан келген күбөлүктү жашыргандардан өткөн адилетсиз болобу? Аллах силердин бузукулугуңардан кабарсыз эмес!» - дегин.
  • 141. Алар өткөн коомдор. Алар жасаганына жараша алышат. Силер өз жасаганыңарга жараша аласыңар. Силер алар жасаган иштерге жооп бербейсиңер.
  • Экинчи бөлүм
  • 142. Кээ бир кемакылдар: “Мусулмандар мурда жүздөнгөн кыбыласын эмне үчүн өзгөрттү?”- деп сурашат. “Чыгыш да, Батыш да Аллахка таандык, Ал каалаган пендесин Туура Жолго баштайт» - дегин.
  • 143.  Биз силерди адамзатка  күбөлүк берүү үчүн жана пайгамбарды силерге күбө болуусу үчүн орто үммөт кылдык. Сен  мурда жүздөнгөн кыбыланы Биз пайгамбарга ээрчигендерди артына кайткандардан ажыратуу үчүн өзгөрттүк. Бул - Аллах туура багыт бергендерден башкасына оор. Аллах силердин ыйманыңарды текке кетирбейт анткени  Ал адамдарга өтө Ырайымдуу жана Мээримдүү.
  • 144.  Биз кээде жүзүңдүн «асманда кезгенин» көрөбүз жана сени өзүң ыраазы болгон кыбылага бурабыз. Эми сен жүзүңдү Масжид ульХарамга бур! Силер  да  кайерде болбогула намазда жүзүңөрдү ал тарапка бургула! Ал эми, китеп элдери деле кыбыланын Кааба тарапка бурулганы Раббысынан келген чындык экенин айкын билишет. Аллах силер кылган иштерден кабарсыз эмес!
  • 145.  Сен Китеп берилгендерге бүт далилдерди келтирсең деле сенин кыбылаңа бурулбайт. Сен да алардын кыбыласына ээрчибейсиң. Алар өз ара да  бири-биринин кыбыласына ээрчишпейт. Сен  өзүңө берилген илимден соң алардын кызыкчылыгына ээрчисең - сөзсүз заалымдардан болосуң.
  • 146. Китеп ээлери Мухаммадды өз баласындай таанышат бирок,  көпчүлүгү чындыкты билип туруп, жашырышат.
  • 147. Акыйкат – Раббыңдан! Сен  шектенбегин!
  • 148.  Ар кимдин жүздөнөөр кыбыласы бар. Жакшылыкта бири-бириңерден озгонго умтулгула! Кайда  болбогула Аллах баарыңарды Кыяматта чогултуп алат. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү.
  • 149.  Кай тараптан чыкпа – жүзүңдү “АльХарам” мечитине бур! Ал – Раббың берген Чындык! Эмне жасабагыла Аллах  андан  кабарсыз эмес.
  • 150. Кай тараптан чыкпа - жүзүңдү “АльХарам” мечитине бур! Адамдар -заалымдардан  башкасы – силерден  күмөн санап калбоосу үчүн каерде болбосун жүзүңөрдү  ал тарапка бургула!  Алардан  коркпогула, Мен нээматымды акырына жеткирүүм үчүн Менден гана корккула! Балким Туура Жолго түшөөрсүңөр.
  • 151. Ошондой эле, Мен араңардан бир пайгамбар жибердим. Ал силерге Биздин аяттарыбызды окуйт, силерди  тазартат, Кураанды жана даанышмандыкты үйрөтүп, билбегениңерден  таалим берет.
  • 152. Мени эстегиле, Мен да силерди унутпайм жана  Мага шүгүр кылгыла,  каапыр болбогула.
  • 153. Эй, момундар! Сабыр  жана намаздан жардам алгыла! Акыйкатта, Аллах, сабырдуулар менен.
  • 154. Силер Аллахтын жолунда курман болгондорду “өлүктөр” дебегиле! Алар тирүү! Бирок, силер аны сезбейсиңер.
  • 155-156.  Биз силерди сөзсүз коркунуч, ачарчылык, малы-мүлк, дененин жана мөмө-жемиштердин каатчылыгы менен сынайбыз. Аллахдан келген кырсыкта: “Акыйкатта, Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтабыз” – деген сабырдууларга Бейишти сүйүнчүлө.
  • 157. Алар Раббысынын алкоосуна, ырайымына татыктуулар  жана алар гана туура жолдо.
  • 158. Сафаа менен Марва Аллахтын шарий белгилеринен. Ажылык  же умра өтөгөндөр ал экөөсүн  айлангандары жакшы. Ыктыяры менен жакшылык кылгандарга,  акыйкатта - Аллах шүгүр кылуучу жана Билүүчү.
  • 159-160. Акыйкатта, Биз түшүргөн  анык белгилерди  жана туура жетекчиликти  китепте элге баяндаган соң - тооба кылып оңолгондор жана акыйкатты жарыялагандардан башка - жашыргандарды  Аллах  жана бүт наалат айтуучулар наалатташат себеби,  Мен тообаларды Кабыл Алуучумун, Мээримдүүмүн.
  • 161. Акыйкатта, каапырлыкта,  тообасыз өлгөндөргө Аллахтын, периштелердин жана адамзаттын наалаты болсун!
  • 162. Алар наалатта түбөлүк калышат. Азабы жеңилдетилбейт жана аларга мөөнөт берилбейт.
  • 163.  Силердин кудайыңар   - жалгыз Аллах. Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахдан башка  сыйынууга татыктуу зат жок!
  • 164. Акыйкатта, асмандардын жана жердин жаралуусунда, түн менен күндүн алмашуусунда, адамдардын пайдасы үчүн деңизде сүзгөн кемелерде, өлүк жерди кайра тирилткен Аллах асмандан түшүргөн сууда, Ал   тараткан ар түрдүү жаныбарларда, алмашып  соккон шамалда жана асман - жер ортосуна моюн сундурулулган  булуттарда акылдуулар үчүн белгилер бар.
  • 165.   Эл арасында Аллахка  башкаларды теңеп, аларды Аллахдай сүйгөндөр бар. Ыймандуулар Аллахты көбүрөөк сүйүшөт. Ал заалымдар Кыямат  азабын көрүшсө,  кудуреттин баары Аллахка гана таандыгын билишсе Ага шерик кошушпайт эле.  Аллах - оор азаптар ээси!
  • 166.  Кыяматта ширкке баштагандар ээрчигендерди чанып кеткенде бүт азапты көрүшөт, араларындагы байланыштары үзүлөт.
  • 167. Ээрчигендер: “Бизге дагы бир мүмкүнчүлүк берилгенде, биз да аларды чанмакпыз” – дешет. Ошентип, Аллах аларды да кайгыга батыруу үчүн иштерин көрсөтөт.  Алар оттон эч чыгышпайт.
  • 168.  Эй, адамдар! Жер бетиндегилердин адал, тазаларын жегиле жана шайтанды ээрчибегиле. Ал силерге анык душман!
  • 169.  Чындыгында, шайтан силерди жамандыктарга, бузукулуктарга жана Аллах жөнүндө силер билбегенди сүйлөөгө буюрат.
  • 170. Бутпарастарга: “Аллахтын өкүмдөрүнө ээрчигиле” - дейилсе, алар: “Жок, биз ата-бабаларыбыздын үрп-адаттарына ээрчийбиз” - дешет. Эгер ата-бабалары акыл калчабаган жана Туура Жолдон адашкандар болсочу?!
  • 171.  Каапырлар бадачынын үнүн кыйкырыктан ажырата албаган малга окшош. Алар дүлөй, дудук жана сокур! Демек, акылдарын иштетишпейт.
  • 172.  Эй, ыйман келтиргендер! Эгер Аллахтын Өзүнө гана ибадат кылсаңар - Биз ырыскы кылып берген таза оокаттардан жегиле жана Аллахка шүгүр кылгыла.
  • 173.  Аллах силер үчүн канга, доңуздун этине, Аллахдан башкага атап союлган этке тыйуу салды. Ал эми, өмүр сактоо үчүн гана  мажбур болуп, чектен ашпай  жегенге - күнөө жок. Аллах  Кечиримдүү, Мээримдүү.
  • "174. Китептеги Аллах түшүргөн чындыкты жашырган жана аны арзыбаган баага саткандар курсактарына от толтурушат. Аллах Кыяматта аларга сүйлөбөйт жана аларды тазартпайт. Аларга кыйноочу азаптар даярдалган.
  • 174. Аллах түшүргөн Китептеги жазууларды жашыргандар жана арзыбаган баага саткандар отту жешет. "
  • 175.  Алар адашууну туура жол, азапты кечирим ордуна сатып алгандар. Алар Тозок отуна мынча чыдамкай?!
  • 176.  Себеби, Аллах бул  китепти акыйкатта түшүргөн. Ал жөнүндө  талашкандар- чындыктан алыс.
  • 177. Жакшылык  - жүзүңөрдү Чыгыш же Батышка буруу эмес,  Аллахка, Акыретке, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга ишенүү, туугандарга, жетимдерге, жакырларга, мусапырларга, муктаж болуп сурагандарга, кулдуктан бошотууга  жакшы көргөн мүлкүнөн берүү, намазды толук аткаруу, зекет төлөө, убадасына бек туруу жана кембагалдык, сыркоо жана согуш маалында сабырдуу болуу – жакшылык. Мына ушинткендер  чынчыл жана ушулар гана такыбалар!
  • 178.  Эй, момундар! Силерге өлтүрүлгөндөр үчүн өч алуу милдет кылынды: азатка -азат, кулга - кул, аялга - аял өлтүрүлөт. Ал эми, кылмышкерди маркумдун  тугандары  кечирсе - ага адеп менен моюн сунуу жана ага татыктуу кун төлөө милдет. Бул – силерге Раббыңардын жеңилдиги жана ырайымы. Ким эми чектен чыкса, ага жан кыйноочу азап бар.
  • 179.  Эй, акылдуулар! Силер үчүн өч алууда жашоо бар. Кана эми, такыба болсоңор!
  • 180. Силерден бирөөңөргө өлүм  жакындаса - малы-дүйнөсүн ата-энесине жана туугандарына керээз кылып, жакшы мурас калтыруусу милдет кылынды. Бул такыбаа кишилерге катуу милдет!
  • 181.  Ким мурасты уккан соң - алмаштырып койсо - күнөөсү алмаштыргандардын мойнунда! Аллах – Угуучу, Билүүчү.
  • 182.  Ал эми, кимдир бирөө мурасын адилетсиз же арамга калтырып жатса аны оңдоп койгонго  күнөө жок. Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү.
  • 183. Эй, ыйман келтиргендер! Силерден мурдагылар  милдеттендирилгендей эле, такыбаа болууңар үчүн силерге да орозо кармоо милдет болду.
  • 184. Милдеттүү орозо эсептелген күндөрдө гана кармалат. Оорулуу  же сапардагылар, башка күндөрү кармап берет. Орозодо ооруганы же карылыгы себептүү чыдай албагандарга - күн эсебине бир жакырды тойгузуу – жарыйма. Ким көбүрөөк адамды тойгузса, өзүнө жакшы. Бирок, орозо кармоо жарыйма төлөөдөн жакшы, эгер билсеңер.
  • 185. Рамазан айында Туура Жол, айырмалоочу жана туура башкаруунун  анык далили -  Кураан түшүрүлдү жана силердин кимиңер жаңы айды көрсө – орозо кармасын! Ооругандар айыкканда, мусапырлар сапардан кайтканда кармашат. Аллах силерге - оор эмес - жеңилин каалайт. Аллах силерди туура жолго салганы үчүн орозону толук  кармоо милдет кылынды, балким Аллахка шүгүр кылаарсыңар.
  • 186.  Эгер сенден Мен жөнүндө сурашса: “Мен аларга жакынмын. Мага дуба кылышса -дубасына жооп беремин”- дегин. Алар Мага  жооп кайтарып ыйман келтиришсин, балким  Туура Жолго түшүшөөр!
  • 187.  Орозо  түндөрүндө аялыңарга кошулууга уруксат берилди. Алар силер үчүн, силер алар үчүн жабуусуңар. Аллах силердин өзүңөргө кыянат кылганыңарды билди жана тообаңарды кабыл алып, кечирди. Эми  аялыңар менен орозо түндөрүндө кошула бергиле,  Аллах силерге жазган перзентти ниет кылгыла жана таңдагы ак жип кара жиптен ажыраганга чейин тамактана бергиле. Саарлыктан  кийин орозону толук уланткыла жана мечиттерде эьтикафта отурганда аялыңарга жакындабагыла. Булар Аллахтын тыюу салган чектери. Аларды бузууга жакындабагыла! Адамдар   такыба болуусу үчүн Аллах Өз аяттарын ушундай  баяндайт.
  • 188.  Бири-бириңердин мүлкүңөрдү кыянат менен жебегиле жана адамдардын мал-дүйнөсүн күнөө жолдор менен ээлөө үчүн өкүмдарларга арам экенин билип туруп пара бербегиле.
  • 189.  Сенден жаңы туулган ай жөнүндө сурашат. Айт: “Ал адамдарга убакытты жана ажылыкты белгилөө үчүн. Үйүңөргө арт жагынан кирүүңөр адептен эмес, адеп  –Аллахдан коркуу.  Үйүңөргө эшиктен киргиле жана Аллахдан корккула! Балким ийгиликке жетээрсиңер!
  • 190.  Силерге  каршы согушкандар менен Аллах жолунда согушкула жана чектен чыкпагыла.  Аллах чектен чыккандарды сүйбөйт.
  • 191. Аларды тапкан жериңерде өлтүргүлө, силерди сүрүп чыгарган жерден аларды да сүрүп чыгаргыла. Бузукулук  адам өлтүрүүдөн да жаман. Алар “Масжид ульХарамдын” алдында силер менен кармашмайынча согушпагыла, согушту алар баштаса гана - өлтүргүлө, каапырлардын жазасы – ушундай.
  • 192. Эгер согушту токтотуп,  каапырлыгынан кайтып, мусулман болушса - Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.
  • 193.  Бузукулук  жоюлуп, Аллахтын дини жогору болмоюнча согуша бергиле. Эгер токтошсо, заалымдарынан башкаларына тийбегиле.
  • 194.  Тыйуу  салынган айга – тыйуу салынган ай. Тыйуу салынганды жасагандары  үчүн  өч алуу бар! Силерге  душмандык кылгандарга, дал өзүндөй душмандык кылгыла! Аллахдан корккула жана билгиле, Аллах такыбалар менен.
  • 195.  Аллах жолунда мал-жаныңарды сарптагыла. Бирок, өзүңөрдү  кыйроого таштабагыла. Кайрымдуулук кылгыла. Аллах кайрымдууларды сүйөт.
  • 196.  Ажылыкты жана Умраны Аллах үчүн толук аткаргыла. Эгер Меккеге жете албасаңар - кудуретиңер жеткен курмандыкты  жибергиле. Курмандыгыңар дарегине жетмейинче чачыңарды албагыла. Ал эми, кимдир бирөөңөр оорудан же башындагы бир зыяндан улам чачын мурда алдырууга мажбур болсо - ордуна үч күн орозо кармап же алты жакырга нафака же бир кой союу менен жарыйма төлөсүн. Эгер  Меккеге аман жетип, ажылыкка чейин умрасын да аткаргандар -  кудурети жеткен курмандыгын сой¬сун. Ал курмандыкка чолосу жетпегендер - ажылыкта үч күн, үйүнө кайткан соң жети күн орозо кармасын! Баары толук он күн болот. Бул өкүм Масжид ульХарамга алыстан келгендер үчүн. Аллахдан корккула жана билгиле, Аллах – азабы катуу Зат!
  • 197.  Ажылык – белгилүү гана айларда.  Ажылыкка  ниеттенип,  ихрамга оронгон -  андан  чыкмайынча жубайына  жолобосун, бардык күнөөлөрдөн тыйылып, жаңжалдан алыс болсун. Аллах ар бир жакшылыгыңарды билип турат жана да жолго азык камдап алгыла. Эң жакшы жол-азыгы – такыбалык. Эй, акыл жүгүртүүчүлөр, Менден корккула!
  • 198. Ажылык мезгилинде адал кесип, соода менен Раббыңардан ырыскы табууда күнөө жок. Ал эми, Арафат тоосунан түшсөңөр, Муздалифа өрөөнүнө токтоп, Аллахты эстегиле, Аллах силерди адашканыңардан кийин, Туура Жолго салганы үчүн, силер Аны эстегиле.
  • 199.  Андан соң Муздалифадан Каабаны көздөй, элден бөлүнбөй чогуу түшкүлө жана Аллахдан кечирим сурагыла. Акыйкатта, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.
  • 200.  Ибадаттарыңарды аткарып бүткөн соң Аллахты улуулап, ата-бабаңарды эстегендей же андан да катуураак эстегиле. Адамдардан кээ бирөөлөрү Акыретти унутуп: “Яа, Раббы! Бизге ушул дүйнөдө бер” - дешет. Андайларга Акыреттен насип жок!
  • 201. Ал эми кээ бирөөлөр: “Яа, Раббы! Бизге ушул дүйнөдө да, Акыретте да жакшылык бер  жана бизди Тозок азабынан сакта!” - дешет.
  • 202.  Акыретте  дал ошолор үчүн жасаган жакшылыктарынан үлүш бар. Аллах өтө тез эсептешет!
  • 203.   Аллахты Мина өрөөнүндө да эстегиле. Ал жерде үч күн турулат. Эки  күн турганга да, үч күнгө созгонго да – күнөө жок. Бул өкүмдөр кудайдан корккондор үчүн. Аллахдан корккула жана билгиле - баарыңар Кыяматта эсеп берүү үчүн Аллахтын алдында чогултуласыңар.
  • 204. Эл арасында сени бул дүйнөгө кызыктырып койгондору болот. Ал мусулмандыгына Аллахты күбө кылып, ант ичет. Чынында, ал элдешкис душман!
  • 205.  Ал сенден кетээри менен жер бетин бузукулуктарга толтуруу, эгиндерди, насилдерди курутуу аракетин баштайт. Аллах - бузукулукту сүйбөйт.
  • 206.  Эгер ага: “Аллахдан корк” - деп айтылса - текеберлиги күнөөгө түртөт. Ага Тозок жетиштүү! Ал не деген жаман орун!
  • 207. Адамдардын арасында өз жанын Аллах жолунда саткандары  да бар. Аллах өз пенделерине кайрымдуу.
  • 208.  Эй, ыйман келтиргендер! Исламга толук киргиле! Шайтанды  ээрчибегиле! Ал силерге анык душман!
  • 209. Силерге анык далилдер келгенден кийин деле, жолдон тая берсеңер, билгиле: Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.
  • 210. Андайлардын Кыяматта Аллах периштелер менен булуттардын көлөкөсүндө келип, өкүм чыгаруусунан башка күтөөрү жок. Анан баары бүтөт жана бардык иштер Аллахка кайтарылат.
  • 211.  Исрайил урпактарынан сурачы,  Биз аларга акыйкатты далилдеген анык аян-белгилерден канчасын бердик экен? Өзүнө келген Аллахтын нээматын кайсы акылсыз адам алмаштырат? Акыйкатта, Аллах  - азабы катуу Зат!
  • 212. Каапырларга ушул жашоосу кооз көрсөтүлдү. Алар ыймандууларды  мыскылдашат. Такыбалар Кыяматта алардан жогору болушат. Аллах каалаган пенделерине эсепсиз ырыскы берет.
  • 213.  Илгери  адамдар бир үммөт эле. Анан Аллах алардын ортосундагы талаштарды чечүү үчүн сүйүнчүлөөчү жана эскертүүчү пайгамбарларды жиберип, аларга китеп түшүрдү. Бирок, чындык келген соң пикири келишпегендер – ичи тардыктан бири-бирине адилетсиздик кылган китеп ээлери эле. Аллах эрки менен ыймандууларды – каапырлар пикирлери келишпеген акыйкатка жолдоду. Аллах Өзү каалагандарды туура жолго баштайт.
  • 214.  Же силерге чейинки  коомдорго берилген сыноолордон өтпөй туруп, Бейишке киребиз деп ойлодуңарбы? Аларга жакырлык, ар түрдүү ооруулар, коркунуч жеткенде жадагалса, пайгамбардын өзү, анын жанындагы  ыймандуулар да: “Аллахтын жардамы качан келээр экен!”  - деп зарлап жиберишкен. Уккула, Аллахтын жардамы жакын!
  • 215. Сенден садага тууралуу сурашат. Айткын: “Садагаңар ата-энеңер, жакын тууганыңар, жетимдер, мискиндер, бечаралар жана мусапырлар үчүн болсун. Кандай  жакшылык жана садага кылбагыла - Аллах Билүүчү”.
  • 216. Жакпаса да силерге согуш парз кылынды. Силер  жактырбаган -чынында, силер үчүн жакшылык, ал эми  жактырганыңар - жамандык  болушу мүмкүн. Анткени, силер билбейсиңер, Аллах билет.
  • 217. Сенден тыйуу салынган айларда согушуу жөнүндө сурашат. Айткын: “Бул айларда согушуу оор күнөө. Бирок, башкаларды Аллах жолунан адаштыруу, Аллахка каапыр болуу, мусулмандарды  Масжид ульХарамдан тосуу жана ал жердин тургундарын айдап чыгуу - Аллах алдында тыйуу салынган айларда согушуудан чоңураак күнөө. Аллах жолунан азгыруу - адам өлтүрүүдөн чоңураак күнөө! Алар силерди диниңерден кайтармайынча согушун уланта берет. Эми, ким дининен кайтып, каапыр бойдон өлсө, дүйнө-Акыреттеги жакшы амалдары күйөт жана Тозокто түбөлүк калат.
  • 218. Ал эми, ыйман келтирген, дин үчүн журт которгон жана Аллах жолунда жихад кылгандар - Аллахтын ырайымынан үмүткөр болушат. Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү.
  • 219.  Сенден арак жана кумар тууралуу сурашат. Айткын: “Ал экөө - чоң күнөө жана пайдасы да бар. Бирок, күнөөсү пайдасынан чоңураак. Сенден “Эмнени садага кылсак болот?” - деп сурашат. “Өзүңөрдөн артканын”  - деп жооп бер. Аллах силерге аяттарын ушинтип баяндайт. Кана эми, пикир кылсаңар!
  • 220. Кана эле, дүйнө жана Акырет жөнүндө ой жүгүртсөңөр. Сенден жетимдер жөнүндө сурашат. Айткын: “ Жетимдердин абалын оңдоо – жакшы. Эгер жетимдердин мүлкүнө аралашсаңар – алар силердин өз бурадарыңар. Аллах ар кимдин бузуку же оңдоочу экенин билет. Эгер Аллах кааласа, силерди оор абалга калтырмак. Аллах – Кудуреттүү, Даанышман!
  • 221. Силер мушрик аялдарга - алар ыйман келтирмейинче үйлөнбөгүлө. Анткени, ыймандуу күң – силердин купулуңарга толгон  азат, сулуу жана бай мушрик аялдан -артык! Ошондой эле, кыздарыңарды мушриктерге – алар ыйманга келмейинче – никелеп бербегиле.  Анткени, кул болсо да ыймандуу эркек силерге жаккан мушриктен, артык! Себеби, алар Тозокко жетелешет. Аллах - Өз каалоосу менен Бейишке жана кечирим берүүгө чакырат жана аяттарын адамдарга ушинтип баяндайт. Кана эле, алар Аллахты эстешсе!
  • 222. Сенден айыз жөнүндө сурашат. Айткын: “Ал оорулуу абал. Ал учурда аялдарга кошулбагыла жана тазаланмайынча жакындабагыла, тазаланган соң гана аларга Аллах буюрган тараптан келгиле. Аллах тооба кылуучуларды жана тазалангандарды сүйөт.
  • 223.  Аялдарыңар - эгин талааңар. Өзүңөрдүн талааңарга каалаган тарабыңардан келгиле жана өзүңөр үчүн жакшы ниет койгула. Аллахдан корккула жана билгиле, силер Ага Кыяматта жолугасыңар жана момундарга Бейишти сүйүнчүлө!
  • 224. Аллахты(н атына ичкен атыңарды) жакшылыгыңардан, такыбалыгыңардан жана адамдардын арасын түзөтүүңөрдөн тозуучу (шылтоо) кылып албагыла (1). Аллах - Угуучу Билүүчү
  • 225. Аллах силерди (тил учунда айтылган) атыңардагы маанисиздик үчүн жазалабайт. Бирок жүрөгүңөр чыгарган нерсе (ант) үчүн жазалайт (2). Аллах - Кечиримдүү (пейили) Жумшак
  • 226. Аялдарынан "ийлаа" кылган күйөөлөр үчүн (эң узун) күтүү мөөнөтү төрт ай. Эгер (ниеттеринен) кайтышса, Аллах - Кечиримдүү, Мээримдүү.
  • 227. Талак бергендер төрт ай өткөн соң кааласа, ажырашсын. Аллах – Угуучу, Билүүчү.
  • 228. Талагы берилген аялдар үч айыздын тазалануу мөөнөтү өткөнгө чейин өздөрүн байкашат. Эгер алар Аллахка жана Акырет күнүнө ишенишсе, Аллах жатындарында жаратып койгон түйүлдүктү жашырганы туура эмес жана эрлери жашагысы келсе үч айыз аралыгында аялдарын өз никесине кайтарууга акылуу. Ошондой эле, аялдардын милдетине жараша жакшылыкка болгон укуктары да бар. Эркектердин даражасы аялдардан өйдөрөөк.  Аллах – Кудуреттүү,  Даанышман.
  • 229. Талак эки гана ирет берилет. Андан соң аялы менен татыктуу жашоо керек же жакшылыкча койо берүү зарыл.  Аялдарга берилген махрдан  алып калуу  адал эмес. Жубайлар Аллахтын чектөөлөрүн бузуудан  корксо гана махрдын белгилүү өлчөмүн алып калууга болот. Ошондой эле алар Аллахтын чегин бузуудан корксо, аялы азаттыгын сатып алса - күнөө эмес. Ушулар Аллахтын чеги,  аларды бузбагыла! Аллахтын чегин бузгандар - заалымдар!
  • 230. Эгер эр аялына үчүнчү ирет талак берсе, кийин, андан башка эрге тийип чыкмайынча ага үйлөнүү адал эмес. Ал  аял кийинки эринен да талак алса жана Аллахтын чегин бузбоого көздөрү жетсе гана кайрадан мурдагы эрине  кайтуусунда күнөө жок. Ушулар Аллахтын чеги. Аларды Аллах түшүнгөндөргө баян кылат.
  • 231.  Эй, аялдарына талак бергендер! Аялдарыңардын талак мөөнөтү бүткөн соң аларды жакшылыкча алып калгыла же койо бергиле. Чектен  ашып, аларды кыйнап кармабагыла. Ким ушинтсе, шексиз өзүнө зулум кылат! Аллахтын аяттарын тамашалабагыла,  Аллахтын нээматын жана Кураан менен Сүннөттү эстегиле. Аны менен Ал силерге насаат айтат. Аллахдан корккула жана билгиле - Аллах  баарын Билүүчү.
  • 232. Аялдарыңар менен ажырашкан соң, алардын талак мөөнөтү бүтүп, мурдагы  күйөөлөрү менен өз ара келишим аркылуу кайра никелешүүсүнө тоскоол болбогула! Аллахка жана Акыретке ишенгендер бул өкүмдөн насаат алышат.  Ушул силер үчүн тазараак. Силерге пайда -зыянды Аллах билет, силер билбейсиңер.
  • 233.  Жана бөбөктөрүн толук эмизүүнү каалаган энелер эки жыл толук эмизишсин. Энелерди  татыктуу камсыздоо  атанын мойнунда. Алы  жетпегенге мажбурлук жок. Эне да, ата да перзенти үчүн зыян тартпасын. Мураскордун мойнунда да ушундай эле милдеттер бар. Эгер жубайлар өз ара кеңешип баланы эмчектен чыгарышса –күнөө эмес жана силер өз бөбөгүңөргө акысын төлөп башка эмизүүчү жалдасаңар болот. Силер Аллахдан корккула жана Аллах силердин бардык ишиңерди Көрүүчү, билип койгула!
  • 234. Жесирлер  өз алдынча төрт ай он күн мөөнөт күтүшөт. Ал  мөөнөттөрү өткөн соң, турмушун жаңыртса күнөө эмес. Аллах силердин ишиңерден Кабардар.
  • 235. Мөөнөтүн күтүп отурган жесирге ишаарат менен нике сунуштоо же жуучулукту сыр сактоо күнөө эмес. Аллах аларды эңсөөңөрдү билет. Бирок, алар менен жашыруун убадалашпагыла! Жакшы  сөздөрдү айткыла жана мөөнөтү бүтмөйүнчө никеге умтулбагыла! Билип  койгула: Аллах ичиңердегини да айкынды да билет. Демек, Андан сак жүргүлө, Аллахтын – Кечиримдүү жана Жумшактыгын билгиле.
  • 236.  Никеңерге алган аялдарга жакындаша электе же махрды белгилебей туруп талак берсеңер – күнөө эмес жана никени бузганыңардын эсесине байлар мүмкүнчүлүгүнө карап, кедейлер колунан келишинче – пайда менен узаткыла. Бул – жакшылык кылуучуларга милдет.
  • 237.  Эгер аларга  жакындабай туруп, бирок, махрды белгилеп койгон соң талак берсеңер - белгиленген махрдын жарымын төлөп бергиле. Аялдар   же алардын өкүлдөрү ал төлөмдөн  кечүүсү - такыбага жакыныраак. Араңардагы кичипейилдикти унутпагыла. Акыйкатта, Аллах, силердин кылып жатканыңарды Көрүүчү.
  • 238.  Намаздарга, айрыкча аср намазына бекем болгула жана намазда Аллахка толук моюн сунган абалда тургула.
  • 239. Эгер кооптонсоңор - жүргөн же минген абалыңарда намаз окуй бергиле. Коопсуз болооруңар замат - Аллах үйрөткөндөй намаз окугула.
  • 240.  Өлүм төшөгүндө жаткандар жесир жубайын   бир жылга чейин үйдөн куулбоосун, зарыл тиричилик каражаттарын  колдоно алуусун туугандарына керээз кылсын. Жесир  жыл айланбай өз каалоосу менен ал короодон  чыгып кетсе жана турмушун жаңыртса  силер үчүн күнөө эмес. Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.
  • 241. Талагы берилген аялдарды керектүү деңгээлде каржылоо такыбаларга милдет!
  • 242. Ошентип, Аллах силерге Өзүнүн аяттарын, акыл иштетүүңөр үчүн баян кылат.
  • 243. Өлүмдөн коркуп журттарынан безген миңдеген адамдардын окуясын укпадың беле? Аллах аларга: «Өлгүлө!» -  деди. Алар өлүштү. Анан, аларды кайра тирилтти. Акыйкатта, Аллах адамдарга Берешен. Бирок,  көпчүлүгү  шүгүр кылбайт.
  • 244.  Аллах жолунда согушкула жана билгиле, Аллах – Угуучу, Билүүчү!
  • 245. Аллахка татыктуу карыз бере алчу адам барбы? Аллах ага көп сыйлык кошуп кайтарат.  Ырыскыларды Кеңейтүүчү  да, Тарытуучу да Аллах! Анын Өзүнө гана кайтып барасыңар.
  • 246. Мусадан кийинки, Исрайил ак сөөктөрүнүн кабарын билбедиңби? Алар   пайгамбарына: «Бизге падыша дайындап бер, Аллах жолунда согушалы» - дешти, ал: «Эгер силерге согуш парз кылынса баш тартпайсыңарбы?» - деп сурады. Алар: « Биз журтубуздан жана бүлөөлөрүбүздөн айдалып жатсак - кантип   согушпай койолу?! «- дешти. Ал эми, согуш парз кылынганда, бир азын эске албаганда баары согушуудан баш тартты жана Аллах заалымдарды Билүүчү.
  • 247. Аларга пайгамбары: «Аллах силерге Таалутту падыша кылып дайындады» -дегенде: «Ал кедей, бизге кантип падышалык кылсын?! Ага караганда падышалыкка өзүбүз татыктууракпыз» - дешти. Анда пайгамбар: «Аны силерге Аллах тандады жана анын илимде да денесинде да кубаты өзгөчө. Аллах  падышалыкты Өзү каалаганга берет жана Аллахтын жоомарттыгы Кенен, Билүүчү»- деди.
  • 248.  Пайгамбары аларга: «Душман колундагы сандыгыңардын кайтарылуусу - анын падышалыгынын белгиси. Анда Раббыңар тарабынан бейпилдик жана Муса менен Харундун үйбүлөсүнөн калган  табериктер бар. Аны периштелер көтөрүп келишет. Эгер чындап момун болсоңор ушул окуяда силер үчүн аян-белгилер бар» -  деди.
  • 249-250. Таалут аскерлер менен чыкканда: «Аллах силерди суусаган мезгилиңерде бир дарыя менен сынайт. Андан  ичкен – менден эмес, себеби ал – сабырсыз, ал эми ичпеген гана  мени менен барат. Бирок, бир ууртамга уруксат» –деди. Анан дарыяга жеткенде көбү суу ичип алышты. Таалут менен ыймандуулар дарыядан өткөн соң коркоктор: «Бүгүн Жаалуттун аскерлери менен согушууга алыбыз жетпейт» - дешти. Ал эми, Аллах менен жолугууга ишенгендер: «Нечендеген көп сандуу аскерлерди Аллахтын каалоосу менен аз сандуу аскерлер жеңип чыккан. Аллах сабырдуулар менен!»  - дешти жана алар Жаалут аскерлери менен беттешкенде: «Яа, Раббы! Үстүбүздөн  чыдамкайлык жаадыр, кадамыбызды бекемде жана каапыр үстүнөн жеңиш бер!» - деп дуба кылып согушка киришти.
  • 251. Кийин Аллахтын каалоосу менен алар жеңди жана Дауд  Жаалутту өлтүрдү. Аллах Даудга падышалык менен пайгамбарлык берип, Өзү каалаган илимдерди үйрөттү. Эгер Аллах адамдардын арасындагы Жаалут сыяктуу каапырларды, Таалут сыяктуу момундар менен жоготуп турбаса, жер бети бузулуп кетмек. Аллах ааламдарга Жоомарт.
  • 252. Булар – Аллахтын далилдери. Аларды сага акыйкат менен айтып берүүдөбүз жана сен, акыйкатта, пайгамбарлардын бирисиң.
  • Үчүнчү бөлүм
  • 253. Биз пайгамбарлардын кээ бирлерин башкаларынан абзел кылдык. Алардын кээ бирлери менен Аллах сүйлөштү, ал эми кээ бирөөлөрүнүн даражасын жогорулатты. Биз Марям уулу Исага анык далилдер берип, аны Ыйык Рух менен кубаттадык. Эгер Аллах кааласа, андан кийинки муундар анык далилдер келген соң өз ара согушпайт эле. Бирок, пикирлери келишпеди: бирөөлөрү ыйман келтирди, кээ бирлери каапыр болду. Эгер Аллах кааласа бири-бирине касташпайт эле. Аллах каалаганын жасайт.
  • 254. Эй, ыймандуулар!  Соода, достук жана шапаат жок Күн – келе электе Биз силерге ырыскы кылып бергенден Аллах жолуна сарптагыла жана каапырлар гана заалымдар.
  • "255. Аллах - Андан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Өзү гана бар. Ал – түбөлүк Тирүү, баарын башкарып Туруучу. Аны үргүлөө да, уйку да албайт. Асмандардагы жана жердегинин баары Аныкы! Анын алдында, Анын уруксатысыз эч ким шапаат кыла албайт. Ал алардын келечегин да  өтмүшүн да билет. Алар   Анын илиминен Ал Өзү ыраа көргөнчөлүк гана билет. Анын Курсийси асмандар менен Жерден да кенен жана аларды сактоодон Ал чарчабайт жана Ал – эң Жогору, эң Улуу!  
  • Аллах (гана Чыныгы Кудай)! Андан башка кудай жок. Ал -Тирүү, Түбөлүк! Аны уйкусуроо да, уктоо да баспайт. Асмандардагы жана жердеги (баардык) нерселер Ага (гана) таандык. Анын алдында Анын уруксатысыз (кана) ким колдоочулук кыла алат (экен)?! Алардын алдындагыларды да, артындагыларды да (Аллах жакшы) билет. Алар Аллахтын каалоосунан сырткары эч нерсени биле алышпайт. Аллахтын (чексиз улуу илими менен ченемсиз мол билими камтылган) күрсүсү асмандар менен жерди (жана бул экөөсүнүн ортолугундагы баардык нерселерди ар качан толугу менен) камтып турат. Аллахка бул экөөсүн (кыйроолордон) сактап туруу - (кымынчалык да) кыйын эмес. Ал (Аллах) -абдан Бийик, өтө Улуу!"
  • 256. Динде мажбурлоо жок. Туура жол адашуудан ажыраган. Таагутка баш ийбей, Аллахка ыйман келтирген - бекем түркүктү кармаптыр!  Аллах – Угуучу, Билүүчү.  
  • 257. Аллах – ыймандуулардын Жетекчиси. Аларды караңгылыктан Нурга чыгарат. Каапырлардын башчысы – Таагут. Ал аларды Нурдан караңгылыкка чыгарат. Алар  Тозоктун түбөлүк ээлери.
  • 258. Аллах падышалык берген Ибрахим менен, анын Раббысы тууралуу  талашкан текебердин кабарын билдиң беле? Ибрахим ага: « Өмүр жана өлүмдү менин гана Раббым берет « - десе, ал: «Мен да өмүр, өлүм бере алам»- деди. Анда Ибрахим: «Аллах Күндү чыгыштан чыгарат, сен  кудай болсоң аны батыштан чыгарчы”- дегенде каапыр жооп бере албай кеңгиреп калды. Аллах заалымдарды Туура Жолго баштабайт!
  • 259.  Же пайдубалына чейин кыйраган айылдан өткөн кишинин окуясын укпадың беле? Ал: «Аллах кырылган соң ушуну кантип кайра тирилтет?»- деди эле Аллах анын өзүн жүз жылга өлтүрдү жана кайра тирилтип: «Канча убак уктадың?» – деп сурады. «Бир же жарым күн» -деп жооп берди. Аллах: «Жок, жүз жыл жаттың,  оокатыңды кара – бузулган эмес. Ал эми эшегиңдин чирип кеткен сөөктөрүнө кара. Биз адамдарга белги кылуу үчүн сени ушинттик. Сөөктөрдү  кантип чогултуп, кийин аларга эт каптаганыбызды көр» – деп түшүндүрдү. Анан баары анын көз алдында болуп өткөндө:   «Мен  эми  Аллахтын  баарынан Кудуреттүүгүн  билемин!» - деди.
  • 260. Эстегин, Ибрахим: «Эй, Раббым! Мага өлүктү кантип тирилтээриңди көрсөт» - дегенде, Аллах: «Ишенбей жатасыңбы?» - деп сурады. Ибрахим: «Жок, болгону жүрөгүм кадыржам болсун»- деди. Аллах: «Төрт кушту карма да, аларды союп, ар биринен ар тоого чачып сал. Анан аларды чакыр – сага учуп келишет»- деди. Билип  кой, Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.
  • 261.  Мал-дүйнөсүн Аллах жолунда сарптагандардын мисалы - жети машактуу  дан сыяктуу. Ар бир машактын жүздөн даны болот. Аллах каалаган пендесине ушул сыяктуу көбөйтүп берет. Аллахтын пейили, илими Кенен жана Ал  Билүүчү.
  • 262.  Мал-дүйнөсүн Аллах жолунда садага кылып, артынан колко кылбагандарга Раббысынан көптөгөн сыйлыктар бар, аларга эч коркунуч жок жана кайгыга да батышпайт.
  • 263.  Ширин сөз жана  кечирим  - заар сөздүү садагадан жакшы. Аллах – Беймуктаж жана пейили Жумшак.
  • 264.  Эй, ыйман келтиргендер! Аллахка жана Акырет күнүнө ишенбеген жана малы дүйнөсүн, мактанып  садага кылгандарга  окшоп берген  садагаңарды колко,  заар сөз менен жокко чыгарып албагыла!  Анын мисалы үстүн чаң баскан таш сыяктуу - ага жамгыр жааса жууп, жылаңачтап койот. Алар ушуга окшоп жасаган иштеринен куржалак калышат. Аллах каапыр коомдорду туура жолго баштабайт.
  • 265. Малы-дүйнөлөрүн Аллахтын ыраазылыгына бекем  ишенимдери менен садага кылгандардын мисалы - бийик, тегиз жердеги бак сыяктуу. Ага нөшөрлүү жамгыр жааса, түшүмүн эки эсе көп берет. Эгер ага нөшөрлүү жамгыр жетпесе, себелеп жааганы деле  пайда берет жана Аллах силер жасаган бардык ишиңерди Көрүүчү.
  • 266.  Араңардан бирөөнүн , астынан дарыялар аккан, ичинде ар түрдүү мөмөлөрү, жүзүм, курма багы болсо, ал картайып, балдары  да алсыз жана муктаж мезгилинде, багына оттуу бороон тийип, өрт каптоосун каалайт беле?! Аллах силер пикир кылууңар үчүн аяттарын ушинтип баяндайт.
  • 267. Эй, ыйман келтиргендер! Өзүңөр иштеп тапканыңардан жана жерден өндүргөн түшүмүңөрдөн садага бергиле жана алардын начарларын бербегиле. Аны өзүңөр да албайт элеңер. Алсаңар да көзүңөрдү жумуп жактырбай алмаксыңар жана билгиле - Аллах Беймуктаж жана мактоого Татыктуу.
  • 268. Шайтан силерди кедейлик менен коркутат жана бузукулуктарга буюрат. Аллах силерге Өзүнүн кечиримин, пазилетин убада кылат. Аллахтын ырайымы Кенен, Билүүчү.
  • 269. Аллах каалаган пендесине даанышмандык берет. Кимге даанышмандык  берилсе - ага көп жакшылыктар берилиптир. Муну акылдуулар гана баамдайт.
  • 270. Силер кандай садага бербегиле - Аллах жолунда кандай убада ниет кылбагыла – Аллах билип турат. Адилетсиздерге  Аллах тарабынан жардам жок.
  • 271. Ашкере кылынган садагалар–жакшы. Эгер кембагалдарга жашыруун берсеңер –силерге бул да жакшы. Бул садагалар  силердин күнөөңөрдү жууйт жана Аллах силер кылып жаткан ишиңерден кабардар.
  • 272.  Аларды туура жолго жетектөө сенин мойнуңда эмес, себеби Аллах Өзү каалаган пендесин Туура Жолдо жетелейт. Мүлкүңөрдөн  сарптаганыңар  – өзүңөргө пайда. Анткени, Аллахтын Жамалын көрүү үчүн садага кыласыңар жана кандай мүлк сарптабагыла –сыйлыгы толук кайтат жана адилетсиздик болбойт.
  • 273. Аллах жолунда жүрүп, тириликтен кыйналган, сапарга муктаж, бирок байкабагандарда  - бирөөдөн сурабагандыктан - бай көрүнгөн кедейлерге садага бергиле. Аларды  көрүнүшүнөн эле тааныйсыңар - алар тилемчилик кылышпайт. Кандай гана садага кылсаңар да, Аллах Билүүчү!
  • 274. Түнү-күнү малы дүйнөсүн жашыруун жана ашкере садага кылгандар үчүн Раббысынын алдында көбөйтүлгөн сооптору бар.  Аларга коркунуч жок, капа болушпайт.
  • 275.  Сүткорлор Кыяматта акылдан азган адамдай тирилтирилет. Бул алардын: «Соода деле сүткорлук  сымал» - дегени үчүн! Аллах сооданы адал, сүткорлукту арам кылган. Ал эми, кимге Раббысы тарабынан насаат келгенде токтотсо – өткөндөгүсү өзүнө адал, ал эми келечеги Аллахка тапшырылат жана ким сүткорлукка кайтса – ошолор гана тозокулар жана анда түбөлүк калышат!
  • 276.  Аллах сүткорлуктун пайдасын курутат жана садагаларды пайдалуу кылат. Аллах күнөөкөрдү, каапырды сүйбөйт.
  • 277.   Ыйман келтирип, жакшылык жасаган, намазды аткарган жана зекет бергендер үчүн Раббысынын алдында сооптору даяр жана аларга коркунуч болбойт, кайгыга да батышпайт.
  • 278.  Эй, ыйман келтиргендер! Аллахдан корккула жана момун болсоңор мурда алып жүргөн сүткорлук пайдаңардын калганын кечкиле.
  • 279.  Эгер андай кылбасаңар, Аллах жана анын элчиси силерге каршы жарыялган согушту билип койгула жана эгер тооба кылсаңар пайыз кошулбаган мүлкүңөр өзүңөргө. Ошондо бирөөгө да зулум кылбайсыңар, силерге да зулум кылынбайт.
  • 280. Эгер карыз алуучу начар жашаса, байыганга чейин күткүлө. Эгер карызыңарды садага кылып жиберсеңер  өзүңөргө жакшы, эгер билсеңер.
  • 281. Аллахка кайтарыла турган күнүңөрдөн корккула! Кийин ар бир жан ээси өзүнүн ишине жараша толук натыйжасын алат жана аларга зулум кылынбайт.
  • 282. Эй, ыйман келтиргендер! Белгилүү мөөнөткө карыз алсаңар, ал мамилени жазгыла. Ортоңордогу жазуучу адилет жазсын. Ал Аллах үйрөткөндөй жазсын. Сөзсүз жазсын жана карыз алуучу айтып жаздыртсын. Ал Раббысынан корксун жана карызын кемитпесин. Эгер карыз алган кемакыл, алсыз же айтып жаздыра албаган дудук болсо, анын ишенимдүү өкүлү адилеттик менен айтып турсун жана күбөлүккө эки эркекти -  эркек табылбай калса, бир эркек жана эки аялды - күбөлүккө тарткыла, анткени, аялдардын бири адашса, экинчиси эскертип турат. Күбөлүккө чакырылгандар  баш тартышпасын! Карызы, аз же көп болгонуна карабай мөөнөтүнө чейин жаздырып коюудан эрикпегиле. Ушунуңар Аллахтын алдында адилеттүүрөөк, далилге да жарамдуу жана шектенүүдөн алыс кылат. Ал эми, айлантып жаткан накталай соодаңарды жазбай эле койсоңор  күнөө эмес. Соодаңарда  унутуп калуудан коркуп же аныктык үчүн  күбөлөрдү тарткыла жана жазуучу да, күбөлөр да зыян тартышпасын. Эгер буга тетири жасасаңар  бул силердин бузукулугуңардын белгиси. Аллахдан корккула! Аллах силерге ушинтип таалим берет. Аллах ар бир нерсени Билүүчү.
  • 283.  Эгер сапарда жазуучу таппасаңар карыздын наркына тең  күрөө алсаңар болот. Эгер  өз ара ишенсеңер, аманат алуучу өз мөөнөтүндө аткарсын жана Раббысы – Аллахдан корксун! Күбөлүктү жашырбагыла! Ким жашырса – анын жүрөгү күнөөлүү. Аллах силердин ишиңерди Билүүчү.
  • 284. Асмандардагы жана жердегинин  баары Аллахка таандык. Силер  ичиңерге катсаңар да,  ашкере кылсаңар  да -  Аллах силерди ошону менен эсеп-китеп кылат жана Өзү каалаган адамын кечирип, каалаганын азапка салат. Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.
  • 285. Пайгамбар жана момундар Раббысы тарабынан түшүрүлгөнгө ыйман келтиришти. Алардын баары Аллахка, Анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына ишеништи жана «Биз Аллахтын пайгамбарларынын арасынан эч кимисин алакчылабайбыз. Эй, биздин Раббыбыз, биз өкүмүңдү уктук жана моюн сундук! Бизди кечир жана Сага гана кайтабыз» - дешти.
  • 286.  Аллах эч бир жанды алы жетпегенге буюрбайт, ар кимдин пайдасы да зыяны да өз ишинен. Эй, Раббыбыз, эгер унутсак же ката кетирсек бизди жазалаба?! Эй, Раббыбыз, мойнубузга, бизден мурдагыларга жүктөгөндөй оор ишти жүктөбө! Эй, Раббыбыз, бизге  кудуретибиз жетпегенди жүктөбө! Биздин күнөөлөрүбүздү өчүр жана кечир, бизге ырайым кыл! Өзүң биздин Кожоюнубузсуң! Каапыр коомдорго каршы бизге жардам бер!