Бакасова, Айна Бакасовна
Айна Бакасовна Бакасова (18.11.1958) – Кыргызстандагы так илимдер боюнча изилдөө жүргүзгөн окумуштуулардын бири, техникалык илимдердин доктору (2015) жана кандидаты (2004), И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин профессору, электр кубаты жаатында адис. Учурда – Каракөл шаардык кеңешинин депутаты.
Кыскача өмүр таржымакалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Айна Бакасовна Бакасова – Кыргызстандын Нарын облусунун борбору Нарын шаарында 1958-жылдын 18-ноябрында туулган. Анын ата-бабасы Нарын районуна караштуу Ак-Булун кыштагынан болот.
1976-жылы Нарын шаарындагы № 1 Токтогул атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган.
1981-жылы Фрунзе политехникалык институтун (азыркы Искак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин) аяктаган.
1981-1992-жылдары Фрунзе политехникалык институтунун Каракөлдөгү факультетинде окутуучу болгон.
1993-95-жылдары аталган факультет Жалал-Абат мамлекеттик университетинин карамагына өткөндө, ЖАМУнун ага окутуучусу болгон.
1995-2007-жылдары ЖАМУнун “Электр кубаты” кафедрасынын башчысы.
Факультет 2007-жылы кайрадан Искак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине кайтарылганда, кафедра башчысы кызматын аркалоону уланткан.
2007-жылдан – КМТУнун “Электр кубаты” кафедрасынын башчысы.
2008-жылдан – КМТУнун Каракөл технологиялык институтунун “Электр кубаты” кафедрасынын башчысы. 2014-жылдан - КР Улуттук илимдер академиясынын Автоматика жана маалымат технологиялар институтунун Башкаруу системасынын сызыктуу эмес динамика жана өз алдынча уюмдашуу лабораториясын жетектейт.
2015-жылдын бугу (май) айынын 15инде Бишкек шаарында техникалык илимдер тармагында доктордук диссертациясын коргоду.
Коомдук ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2007-08-жылдары жана 2012-жылдан – Каракөл шаардык кеңешинин депутаты.
Илимий ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ал 2004-жылы кандидаттык диссертациясын коргогон. Техника илимдеринин кандидаты.
2008-жылы доцент наамын алган.
2012-жылдан КМТУнун профессору кызматын аркалай баштады.
КР УИАсынын докторанты болду.
«Сызыктуу эмес жана өзүнөзү уюштурган татаал системаларды башкаруунун синергетикалык ыкмаларын иштеп чыгуу» темасын доктордук диссертация деңгээлинде иликтеп, 2015-жылы бугу (май) айында коргоду.
Сыйлыктары. Наамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2005 - КР Билим берүүсүнүн мыктысы.
2012 - КР отун-кубат (энергетика) министрлигинин Ардак грамотасынын ээси.
2013 - Электр кубаты тармагындагы "Каарман" белгиси.
Үй-бүлөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Никеде турат.
Жубайы – Нуридин Тажибаевич Ниязов, Исхак Раззаков атындагы КМТУнун Каракөл шаарында жайгашкан Каракөл технологиялык институтунун деректири, техника илимдеринин кандидаты, профессор.
Эки кыз, бир уулу, бир нече небереси бар.
Тил билгендиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз, орус жана немис тилдеринде сүйлөйт.
Негизги чыгармалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Үч монография, бир илимий-жамаагаттык китеп (ата-бабасынын санжырасын), 45тен ашуун илимий макала, 40тан ашуун илимий-усулдук колдонмо жарыялаган.
- Бакасова А.Б. Синтез сложных систем с нелинейной динамикой и самоорганизацией. - Бишкек: Изд-во "Инсанат", 2014. - 424 с. - - ISBN 978-9967-12-412-9.
- Апышев Д.А., Бакасова А.Б. Нелинейности в электроэнергетике: Монография. - Бишкек, ИЦ «Текник», 2003. - 170 стр. - ISBN 9967-404-80-9.
- Бакасова А.Б. О проблеме синергетического управ.реактивной мощностью сложной ЭЭС // Проблемы автоматики и управления. - №1. - НАН КР институт автоматики и информац. Технологии. - Бишкек, 2011. – С. 14-20.
- Бакасова А.Б. Анализ и задачи управления частоты и активной мощности сложной ЭЭС // Проблемы автоматики и управления. - №1. - НАН КР институт автоматики и информац. Технологии. - Бишкек, 2011. – С. 89-94.
- Бакасова А.Б. О синергетическом подходе в управлении частотой и напряжением сложной электроэнергетической системы // Фундаментальные и прикладные проблемы науки. - Т2. Материалы VI Международного симпозиума. - Москва, 2011. – С. 164-172.
- Шаршеналиев Ж., Бакасова А.Б. О некоторых проблемах синтеза кибернетических и синергетических динамических систем управления // V Международная научная конференция «Системный синтез и прикладная синергетика»: Сборник научных трудов. - Том 2. - Пятигорск, 2013. - С.120-126.
- Бакасова А.Б., Ниязов Н.Т. Нелинейные устройст.ограничения аварийных токов в ЭЭС // Фундаментальные и прикладные проблемы науки. - Т 9. Материалы VIII Межд. Симпозиума. - Москва, 2013. - C. 12 – 22.
- Бакасова А.Б. Синтез сложных систем с нелинейной динамикой и самоорганизацией // Научная монография.-Бишкек,"Инсанат",2014.-424 стр.-ISBN 978-9967-12-421-9.
Кыскача адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Бакасова, Айна. Ата баркы: Эскерүү. - Бишкек, 2013. - 74 бет, фотолор.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://www.kstu.kg/uchebnye-podrazdeleniya/instituty/ Archived 2013-12-23 at the Wayback Machine