Бакирова, Гүлназ Өмүрбековна

Википедия дан

Гүлназ Өмүрбековна Бакирова – кыргыздын заманбап журналист айымы. Адабий аты – Гүлназ Бакир кызы.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гүлназ Өмүрбековна Бакирова 1987-жылы 30-июлда Кыргызстандын ордосу Бишкек шаарында туулган. Улуту кыргыз.

1993-2004-жылдары Кыргызстандын Ош облусунун Ноокат шаарындагы Н.К.Крупская атындагы орто мектепте кыргыз тилиндеги класста окуган.

2004-2005-жылдары Бишкек Гуманитардык университетинде славян таануу жана журналистика факультетинде лингвистика бөлүмүндө таалим алган.

2005-2009-жылдары Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде журналистика факультетинде окуган.

2012-жылы Кыргыз Улуттук университетинин Кошумча билим берүү башкармалыгында экинчи жогорку билимин экономика тармагында алган.

2007-жылдын февраль айынан (Бирдин айынан) тартып КТРКнын алдындагы Кыргыз радиосунун үчүнчү каналы – “Миң кыял ФМ” радиосунда журналист, ди-жей болуп эмгектенип келет.

Угармандар үчүн ал “Гүлназ Бакир кызы” деген адабий аты менен таанымал.


Кыргыз (мыкты), орус, англис тилдерин билет.

Адабий чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Сагындым” деген ырдын текстин Бекчоро экөө чогуу жазган.

Сөзү: Бекчоро, Гүлназ Бакир кызы
Обону: Аман Бежибаев, Бекчоро

Бир күндө көрбөй калсам жаныңдан,
Эстеп сагынам.
Сени ойлоп жүрө берем зарыгам,
Сүйүүм багынан.
Жүрөгүмдөн сени эстеп, сени ойлоп, жан эркем,
Сагынычка малынып, жүрө берем күндө сени эстеп.

Кайырма:
Көрбөй калсам сагынамын мен сени,
Сары оору жүрөк күндө эстеди.
Элесиң эч бир оюмдан кетпеди кайра,
Жаңы ачылган гүлдөн жытың искеймин.
Жолугам деп жол караймын, тиктеймин,
Эркелеген шыңгыр күлкүң издеймин кайра.

Жанашып сени менен басканда учам асманга,
Жашоомдун жарык күнү сен болдуң бул ааламда.
Жүрөгүмдөн сени эстеп, сени ойлоп жан эркем,
Сагынычка малынып, жүрө берем күндө сени эстеп.

Кайырма:
Көрбөй калсам сагынамын мен сени,
Сары оору жүрөк күндө эстеди.
Элесиң эч бир оюмдан кетпеди кайра,
Жаңы ачылган гүлдөн жытың искеймин,
Жолугам деп жол караймын, тиктеймин.
Эркелеген шыңгыр күлкүң издеймин кайра.

Карап күлсөм да, кабак түйсөм да,
Сага гана мен байланам.
Жүрөгүмдөсүң дайым, сени сагынам,
Жүрчү жанымда дайым сен.


Айрым журналисттик эмгектеринен[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]