Мазмунга өтүү

Бакиханов Аббас-Кули-ага

Википедия — ачык энциклопедия
Бакиханов Аббас-Кули-ага
азерб. عباسقلی باکیخانوف, Abbasqulu ağa Bakıxanov
Туулган датасы:

3 -июль 1794(1794-07-03)

Туулган жери:

Баку хандыгы, Амиржан айылы

Өлгөн датасы:

31 -май 1847(1847-05-31) (52 жаш)

Өлгөн жери:

Вади-Фатима (азыркы Сауд Арабиясы)

Жарандыгы:

 Орусия империясы

Ишмердүүлүгү:

Окумуштуу, акын, жазуучу

Чыгармаларынын тилдери:

азербайжан тили, орус тили, фарс тили

Сыйлыктары:

III даражадагы Ыйык Анна ордени
IV даражадагы Ыйык Владимир ордени
II даражадагы Ыйык Анна ордени
III даражадагы Ыйык Станислав ордени
I даражадагы Персиянын «Арстан жана күн» ордени

Бакиханов Аббас-Кули-ага, Бакиханлы (азерб. عباسقلی باکیخانوف, Abbasqulu ağa Bakıxanov), лакап аты — Кудси (азерб. Qüdsi) — азербайжандык илимпоз, жазуучу, агартуучу жана коомдук ишмер. Азербайжан илимий тарых багытынын жана илимий адабиятынын негиздөөчүсү катары белгилүү[1][2].

1794-жылы Бакиханов туулган Амиржандагы үй. Азыркы учур.

Бакиханов Аббас-Кули-ага өзүнүн эскерүүлөрүндө 1794-жылдын 3-июлунда Амиржан айылында туулганын жазган. Анын атасы Баку ханы Мирза Мухаммад-хан II, ал эми апасы ислам динин кабыл алган грузин кызы София-ханум Баграм-бек кызы болгон[3].

Бакиханов балалыгын Апшерондун бир нече айылдарында өткөрүп, 1801-жылдан тарта Маштагада билим ала баштайт. 1803-жылы үй-бүлөсү Амсар айылына көчүп баргандан кийин, окуусун Куба шаарында улантат. Ал өз өмүр баянында согуштук коогалаңдардан улам алгачкы он жылда фарс тилинен башка эч нерсе үйрөнө албаганын, бирок кийинчерээк Кубада он жыл бою араб тилин жана ар кыл илимдерди терең өздөштүргөнүн белгилеген.

Анын жаштыгы хандардын өз ара согуштары жана катаал доорго туш келген. Бала кезинде Бакиханов өлүм жазасына тартыла турган бир кызматчыны куткарып калган окуя белгилүү. Анын атасы Мирза Мухаммад-хан II Баку тактысы үчүн туугандары менен көпкө күрөшүп, акыры орус армиясынын жардамы менен Баку хандыгы Орусия империясына кошулган. 1809-жылы Куба провинциясын башкаруу Бакихановдун атасына берилген.

1814-жылы мурдагы хан Шейх Али-хан Бакихановдордун үй-бүлөсүн жок кылуу үчүн хан сарайын жардырууну көздөгөн. Бул тууралуу кабарды Бакихановго кокустан жолугуп калган баягы ал куткарып калган кызматчы билдирген. Бул маалымат Бакихановдун үй-бүлөсүн аман сактап калууга жардам берген.

Орус армиясындагы кызматы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1819-жылдын аягында Бакиханов Аббас-Кули-ага генерал Ермолов А. П. чакыруусу менен Тифлиске келип, аскердик тапшырмаларды аткара баштайт. 1820-жылы Казикумух жана Ширван хандыгына каршы жортуулдарга катышып, Хосрех салгылашуусундагы эрдиги үчүн прапорщик чинин алат.

1822-жылы Грузия башкы башкаруучусунун кеңсесине чыгыш тилдери боюнча котормочу болуп дайындалат. Андан кийинки жылдары Персия менен чек араны тактоо иштерине катышып, Карабах провинциясынын мүнөздөмөсүн жазууга салым кошкон. 1826-жылы поручик наамын алат.

Бакихановдун ишмердүүлүгү Орус-перс (1826–1828) жана Орус-түрк (1828–1829) согуштарында өзгөчө жанданат. Ал генерал Паскевич И. Ф. дипломатиялык бөлүмүндө кызмат өтөп, бир катар маанилүү салгылашууларга катышкан:

  • Аббас-Абад чебин алуудагы кызматы үчүн штабс-капитан болгон.
  • Грибоедов А. С. менен биргеликте перс ханзаадасы Аббас-Мирза менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзгөн.
  • Сардар-Абад жана Эриванды алууга катышып, 3-даражадагы Анна ордени менен сыйланган.
  • Ахалцихе чебин алуудагы кызматы үчүн майор чинине көтөрүлгөн.

Кийинчерээк Дагестан экспедициясына катышып, 1832-жылы подполковник, 1842-жылы полковник наамын алган.

Тифлисте кызмат өтөп жүрүп орус жана француз тилдерин терең үйрөнгөн. Ал Кавказдагы белгилүү маданият ишмерлери — Грибоедов А. С., Ахундов М. Ф., Чавчавадзе А. Г. жана башкалар менен жакын тааныш болгон. 1834-жылы Петербургда Пушкин А. С. менен жолуккан. Ошондой эле «Тифлис кабарлары» гезитинин перс тилиндеги чыгарылышын редакциялаган.

Бакиханов Аббас-Кули-ага 1847-жылы ажылык сапардан кайтып келе жатып, Мекке менен Мединанын ортосундагы Вади-Фатима оазисинде холера эпидемиясынан каза болуп, ошол жердеги жалпы көрүстөнгө коюлган.

Бакихановдун "Фарс тилинин кыскача грамматикасы" китеби

Бакихановдордун үй-бүлөсү диний ишеними боюнча мусулман-шейиттеринен болгон. 1826-жылы ал Келб Хусейн-аганын кызы Сакине-ханумга үйлөнгөн. Алардын ортосунда 1831-жылы Зибюи-Ниса-бегюм, ал эми 1839-жылы Тугра-ханум аттуу кыздары төрөлгөн. Эки кызы тең өзүнүн аталаш агасы Жафар-Кули-Ага Бакихановдун уулдарына (бөлөлөрүнө) турмушка чыгышкан.

Бакиханов азербайжан, араб, фарс жана орус тилдеринде эркин сүйлөгөн, ошондой эле француз тилин да билген. Анын досторунун арасында Грибоедов А. С., Бестужев-Марлинский А. А. жана Кюхельбекер В. К. сыяктуу белгилүү орус жазуучулары менен акындары болгон.

Бакиханов Аббас-Кули-аганын элесине арналган объектер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Бакихановдун бюсту анын туулуп-өскөн Амиржан айылында орнотулган.
  • Бакиханов туулган үйдүн дубалына мемориалдык такта орнотулган.
  • Бакихановдун эстелиги анын атындагы айылда, ошондой эле Бакихановдун жаш кези өткөн Губа шаарында орнотулган.
  • Сүрөтчү Мурад Ашрафмурад "Бакиханов жана Грибоедов" (1958-1959) сүрөтүн тарткан.

Бакиханов Аббас-Кули-ага ысымы ыйгарылган:

  • Азербайжандын улуттук илимдер академиясынын тарых институту.
  • Бакиханов айылы (Сабунчу району).
  • Бакунун Насими районундагы көчө.
  • III даражадагы Ыйык Анна ордени(1-январь 1828) — Сардар-Абад жана Эриванды алуудагы кызматы үчүн.
  • IV даражадагы Ыйык Владимир ордени (16-октябрь 1828) — Түрктөргө каршы салгылашууларда, Карс чебин курчоого алууда жана басып алууда көрсөткөн өзгөчө эрдиги менен кайраттуулугу үчүн.
  • II даражадагы Ыйык Анна ордени (1829) — 1829-жылдын 19-20-июнунда Саганлуг тоолорундагы салгылашууларга катышкандыгы үчүн.
  • II даражадагы Ыйык Анна ордени (1829) — 24-июлда Харттын алдындагы жана 27-сентябрда Байбурттагы салгылашууларга катышкандыгы үчүн.
  • III даражадагы Ыйык Станислав ордени.
  • I даражадагы Персиянын «Арстан жана күн» ордени (1829).
  1. Агаян Ц. П., А. Бакиханов, Б., 1948; Касим-заде Ф., Аббас-кули Ага Бакиханов (Гудси). Жизнь и творчество, Б., 1958; Современники о Бакиханове. Сб., Б., 1959; История Азербайджана
  2. Философская энциклопедия. БАКИХАНОВ
  3. Хронос. Аббас-Кули-ага Бакиханов

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]