Бактерия жер семирткичтери

Википедия дан

Бактерия жер семирткичтери - өсүмдүккө керек микроорганизмдери бар заттар. Ал топурактагы биохимиялык процессти күчөтүп, өсүмдүк азыктануусун жакшыртат. Микроорганизмдер өсүмдүктү көп илдеттен сактайт. Өсүмдүктүн азот, фосфор ж. б. микроэлементтер менен камсыз болушу жакшырат. Бактеррия жерсемирткичтеринен нитрагин, азот бактерини жана фосфор бактерини көп пайдаланылат. Нитрагин чанактуу өсүмдүктөргө чачылат. Ал чанактуу өсүмдүктөрдүн тамыр бактериясынан даярдалып, органикалык заты көп чөйрөдө көбөйтүлөт. Бир г нитрагинде 70—300 млн тамыр бактериясы болот. Люпин, соя, сераделла, жержаңгак ж. б. өсүмдүктөргө үрөнү менен бирге, алдынала сууга аралаштырып чаңдатуу, бүркүү менен колдонулат. Азотбактерин — азотбактерден даярдалган жерсемирткич; орг. заты көп түрдүү топуракта тез өөрчүйт. Стандарт боюнча 1 г азотбактеринде 50 млн дон ашык азотбактер клеткасы болот. Ал өсүмдүктүн козугарын илдетинен жабыркашын азайтат. Минерал, азот жана органикалык жерсемирткичин толук алмаштырбайт. Фосфорбактерин курамында микроорганизм споралары (1 гда 8—16 млрд) бар боз түстүү күкүм. Ал фосфорду өсүмдүк оңой сиңирүүчү түргө айландырат. Органикалык жана минералдык жерсемирткич менен бирге колдонулса, жакшы натыйжа берет. Бактерия жерсемиркичтери үрөн менен кошо гектарына 400-500 г себилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4