Бактерия менен булганган тамактан уулануу

Википедия дан

Бактерия менен булганган тамактан уулануу. Кээ бир өтө күчтүү уу бөлүп чыгаруучу микроб менен булганган тамак-ашты колдонуу ууланууга алып келет. Бул микробго ботулинус таякчасы кирет. Ал өтө күчтүү уу бөлүп чыгарат.
Анын 10 10 г/кг дозасы өлүмгө учуратат, бүт жер шарындагы элди кырууга 200 г эле жетиштүү. Консерваланган азыктарга (эт, балык, жашылча) бул бактериянын спорасы түшүп, ал анаэробдуу чөйрөдө (кычкылтексиз) өөрчүйт. Мындай азыктарды колдонгондо уулануу белгилери жалпы эле тамак-аштан уулангандай болот (кусат, ич өтөт, ич ооруйт). Бир нече сааттан кийин начар көрүп, кулкун жана колко булчуңдар шал болуп, сүйлөй албай, жута албай калат (Ботулизм). Андан кийин башка булчуңдар, анын ичинде дем алуу булчуңу да шал болот. Ошондуктан оорулуу өлүмгө учурайт. Мындай катуу ууланууну алдын алуу үчүн үйдө консервалануучу тамак-ашты абдан жууп жана кулинариялык иштетүүдөн өткөрүү (Үй шартында консервалоо) керек. Консерваланган азыктын идиши көөп калса, аны жегенге такыр жарабайт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8