Бактыгулов Жумадил Сапалович

Википедия дан

Бактыгулов Жумадил Сапалович (1936-2000) – тарых илиминин доктору (1975), профессор (1978).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

БАКТЫГУЛОВ Жумадил Сапалович (1936, Тажикстан, Жергетал району, Жергетал айылы–2000,Бишкек) – тарых илиминин доктору (1975), профессор (1978).

1962-жылы КМУнун тарых факультетин бүтүргөн.

1965–74-жылдары ошол эле университеттин тарых факультетинде окутуучу, доцент,

1974-жылдан Кыргызстан ИАнын Тарых институнда улук илимий кызматкер, Кыргыз мамлекетинин дене тарбия институнда кафедра башчысы, Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы институнун директорунун орун басары,

1983-жылдан КМУУда кафедра башчысы болуп эмгектенген.

450дөн ашык илимий эмгектин (а. и. 18 монография, 10 окуу китеби) автору.

Анын илимий эмгектери көчмөн кыргыздарды отурукташтыруу проблемаларын, Кыргызстан тарыхынын историографиясынын маселелерин, кыргыз элинин калыптанышын ж. б. изилдөөгө багытталган.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1991),

эл агартуу отличниги (1986).

Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз тарыхы: энциклопедия. Бишкек, 2003.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]