Мазмунга өтүү

Бакудагы март окуялары (1918)

Википедия — ачык энциклопедия
Бакудагы март окуялары (1918)
Дата

30-март 1918-жыл – 2-апрель 1918-жыл

Орун

Баку губерниясы, Закавказье комиссариаты

Натыйжа

Большевиктердин жана Ташнакцутюндун жеңиши
Мусават партиясы Бакуда бийлигин алдырган
Баку коммунасы түзүлгөн

Каршы тараптар
Большевиктер
Армян революциялык федерациясы
Мусават партиясы
Кавказдык жергиликтүү атчан аскерлер дивизиясы
Колбашчылар
Шаумян Степан Георгиевич Расулзаде Мамед Эмин
Тарап күчтөрү
Большевиктер 6000 жоокер, орус флотунункемелери
Ташнакцутюн 4000 элдик кошуун
10 000 жоокер жана элдик кошуундар
Жоготуулар
2500 армян улутундагы адамдар 3000–12000 азербайжандыктар жана башка мусулмандар

Бакудагы март окуялары(азерб. Mart hadisələri) — 1918-жылдын мартындагы Бакуда жана Баку губерниясынын башка конуштарында миңдеген адамдардын, негизинен мусулмандардын арасында курмандыктарга алып келген улуттар аралык кагылышуулар. Армениянын "Ташнакцутюн" партиясынын куралдуу бөлүктөрү мусулмандарга каршы талап-тоноолорду уюштурууда жана жүргүзүүдө активдүү роль ойногон.

Америкалык тарыхчы Майкл Смиттин маалыматы боюнча, 1915-жылдагы армян геноциди тууралуу маалыматтарды көтөрүп жана түрк армиясы тарабынан улантылып жаткан ырайымсыздыкты көргөн армян жоокерлери армян калкын коргоо үчүн Арменияга кайтып келишкен. Армян дашнактарынын согушчаул улутчулдугу алардын идеологиясынын негизин түзгөн. Чегинип жаткан аскерлер окуяларды өз түшүнүгүнө жараша баалап, өздөрүн түрк армиясы менен жергиликтүү мусулмандар ортосунда камалып калгандай сезишкен; мусулмандар алар тарабынан «бешинчи колонна» катары кабыл алынган. Биринчи дүйнөлүк согуш жылдарында негизинен Орусия империясына тарапташ болгон мусулман калкы эми өзүн-өзү коргоо үчүн куралдана баштап, түрк аскерлерин боштондук алып келүүчүлөр катары кабыл алышкан. Алгачкы кагылышуулар 1917-жылдын жай айларында башталган. Зомбулуктун борборуна көп улуттуу Баку шаары айланган, анда орус, армян жана азербайжан аскерлери топтолгон. Акырындап аймактагы башкы күч Баку кеңеши болуп, анда социал-демократтар жана ар түрдүү багыттагы эсерлер (орус, армян, грузин жана жөөт өкүлдөрү) негизги ролду ойногон. Мусулман калкынын кызыкчылыктарын Мусават партиясы коргогон, бирок ал Баку шаарынын бийлик органдарынынын иштерине дээрлик катыштырылган эмес. Куралдуу милиция мурдагы орус армиясынын бөлүктөрүнөн жана дашнактардын жетекчилигиндеги армян отряддарынан турган. Ушул шарттар март окуялары үчүн негиз түзгөн, анда Кеңешке баш ийген орус жана дашнак аскерлери Бакунун көчөлөрүн көзөмөлгө алууга аракет кылып, куралданган мусулман топтору менен куралдуу кагылышууга барган[1].

Бакудагы кагылышуулар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Март окуялары, мусулман тарабынын версиясы боюнча, Баку кеңеши азербайжандык миллионер Гаджи Зейналабдин Тагиевтин уулунун жаназасына ардактуу кароол катары келген чакан куралдуу азербайжан отрядын куралсыздандырып, кармап алгандан кийин башталган[1][2][3].

1918-жылдын 27-мартында «Эвелина» пароходу менен Ленкорань шаарынан Баку шаарына Бакунун мусулмандарынын улуттук комитети түзгөн Ленкорань атчан дивизионунун 50 офицеринен жана жоокерлеринен турган отряды генерал Талышинскийдин жетекчилиги алдында келген. Алар миллионер Тагиевдин уулу Ленкорань шаарында мусулмандар менен орус-армян бөлүктөрүнүн кагылышуусунда каза болгон Мамед Тагиевдин жаназасына катышуу үчүн келишкен. Баку кеңешинин жетекчилери аскерлерге 24 саат ичинде куралдарын тапшыруу талабын койгон ультиматум беришкен. 18-мартта дивизиондун жоокерлери куралдарын тапшырууга макул болушкан. Бирок шаардан чыгып кетүүгө аракет кылган азербайжан аскерлеринин куралсыздандырылышы шаардагы мусулман калкынын нааразычылыгын жараткан. Бул окуяны Тагиев мазактоо жана провокация катары кабыл алынган, анткени шаардагы башка этникалык жана партиялык куралдуу түзүмдөргө мындай талап коюлган эмес. 30-мартта шаардын ар кайсы жерлеринде баррикадалар курулуп, куралдарды кайтарып берүү же башка куралдуу түзүмдөрдү да куралсыздандыруу талабы менен башаламан митингдер башталган[1].

Иран консулу Везаре-Марагай М.С. март айындагы күндөрдөн кийин Бакудагы мусулман курмандыктарынын жанында

Башка версияны британ изилдөөчүсү Питер Хопкирк сунуштайт. Анын айтымында, Степан Шаумян большевиктер, армяндар жана мусулмандар ортосунда коалиция түзүүгө жетишкен. Мусулмандар британ армиясы куралдандырып жаткан армяндардын күчөшүнөн кооптонуп, өз диндештеринен жардам сурашкан. Кагылышуулар 30-мартта Баку портуна «Жапайы дивизиянын» куралдуу бөлүктөрү келгенден кийин башталган. Текшерүүгө жиберилген кызматкерлерге ок атылып, айрымдары өлтүрүлгөн. Кийин келген большевик күчтөрү бул бөлүктөрдү куралсыздандырган. Бирок кошумча бөлүктөрдүн келиши менен шаар согуш талаасына айланган[4][5].

Ошол эле күнү большевик Нариман Наримановдун үйүндө Баку кеңешинин жетекчиси Шаумян менен «Мусават» партиясынын лидери Мамед Эмин Расулзаде ортосунда сүйлөшүүлөр башталган. Тараптар конфискацияланган куралдарды кайтарып берүү боюнча дээрлик макулдашууга жетишкенде, Шемахы көчөсүндө Кызыл Армиянын атчан бөлүгүнө провокациялык ок атылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Большевиктер бул окуяга дароо азербайжандарды күнөөлөп, сүйлөшүүлөрдү токтотуп, аларга каршы активдүү согуш аракеттерин башташкан. Кийинчерээк Шаумян бул окуяны «Мусават» партиясын жок кылуу үчүн пайдаланганын мойнуна алган.

Курман болгондордун сөөгүн көчөдөн алып чыгуу

Армян улуттук комитети өз тарабынан армян калкын кагылышууга катышпоого чакырган. Бирок Ташнакцутюн партиясынын комитети башында бейтараптуулугун жарыялаганына карабастан, куралдуу кагылышуулар башталгандан кийин большевиктерди колдогон. Ошол эле учурда Анастас Микояндын маалыматы боюнча, айрым армян улуттук бөлүктөрү Кызыл Армиянын жеңиши айкын болгондон кийин гана согушка кошулган[6].

31-марттын кечинде «Мусават» партиясынын жетекчилиги Баку кеңешинин аткаруу комитетине ультиматумдун бардык шарттарын кабыл алганын билдирген. Эртеси күнү, 1-апрелде эртең менен Бакудагы азербайжан үйлөрүнө ак желектер илинген.

Баку кеңеши, «Ташнакцутюн» куралдуу түзүмдөрүнүн колдоосу менен мусулман кварталдарына чабуул баштаган. Бул райондорду бомбалоо үчүн учактар колдонулуп, Каспий флотилиясындагы эки кеме деңиз тараптан аткылаган. Басып алынган мусулман кварталдарында, негизинен аялдар менен балдаран турган тынч калкка каршы талап-тоноо жана өлтүрүүлөр болгон. Бул иштер негизинен армян куралдуу түзүмдөрү тарабынан жасалган. Начар куралданган жана уюштурулган мусулман күчтөрү бириккен большевик жана дашнак күчтөрүнө каршы тура албай, тынчтык сурашкан[6].

Бирок ультиматумдун шарттарын мусулмандар кабыл алынгандан кийин да дашнак куралдуу топтору шаардагы мусулман кварталдарында талап-тоноо, өрт коюу жана өлтүрүүлөрдү улантышкан деп белгилейт тарыхчы Питер Хопкирк.

1918-жылдын 2-апрелинде саат 11:00 Баку кеңешинин жетекчилиги расмий түрдө азербайжандар менен тынчтык келишимине макул болгон. Бирок ошого карабастан, азербайжан кварталдарында өлтүрүүлөр жана талап-тоноолор 5-апрелге чейин уланган. Натыйжада мусулман калкынын массалык түрдө шаардан көчүп кетиши башталган. Бакудагы британ вице-консулу майор Макдоннелдин айтымында, шаарда «бир дагы таасирдүү мусулман калбай калган»[6].

Степан Шаумян. Большевиктердин Баку кеңешинин лидери, улуту армян.

Степан Шаумян март окуяларын Закавказьедеги совет бийлигинин жеңиши катары баалаган.

Америкалык тарыхчы Тадеуш Свентоховскийдин айтымында, «өзүнүн энтузиазмында Шаумян, балким, 1905-жылы өзү падышалык бийликти армян-мусулман кыргындарынын жыйынтыктарын пайдаланган деп айыптаганын унутуп койгон. Ал, азербайжандардан айырмаланып, кандайдыр бир окшоштукту байкаганы күмөн».

Фируз Каземзаденин пикири боюнча, Баку кеңеши өзүнүн эң күчтүү атаандашы болгон Мусават партиясынын бийлигин жок кылуу максатында жарандык согушту атайылап козуткан. Бирок Баку кеңеши азербайжан улутчулдарына каршы күрөшүүдө Дашнакцутюн партиясынан жардам сураганда, жарандык согуш массалык кыргынга айланып, армяндар мусулмандарды алардын саясий көз карашына же социалдык абалына карабастан өлтүрө башташкан[5][7].

Большевиктер дашнак түзүмдөрү уюштурган антимусулмандык талап-тоноолорун токтото албаганын ачык моюнга алышкан; бул зомбулуктар жакынкы шаарлар менен айылдарга да жайылган. Ошол эле учурда Азербайжан компартиясынын жетекчиси Нуруллаев кийинчерээк белгилегендей, март окуялары учурунда революциялык ишмер жана Баку кеңешинин мүчөсү Мешади Азизбеков тарабынан «куткаруу комитеттери» түзүлүп, алардын жардамы менен миңдеген азербайжандардын өмүрү сакталып калынган жана Гаджи Зейналабдин Тагиевтин фабрикасын өрттөн жана талкалоодон корголуп калган[5].

Исмаилиянын имараты

Немис тарыхчысы Йорг Баберовски белгилегендей, 1918-жылдын апрель айынын ортосунда дашнак офицери Степан Лалаев жетектеген армян куралдуу тобу коммуна тарабынан берилген расмий көрсөтмөгө ылайык Шемаха аймагына кирген. Бул жерде болжол менен 30 миң тургун мыкаачылык менен өлтүрүлгөн же куулуп чыгарылган. Лалаевдин жоокерлери балдарды жана карыяларды өлтүрүп, аялдарды зордуктап, балкондордон ыргытышкан. Көптөгөн аялдар жана балдар шаардагы мечиттерге жашынышкан, бирок ал мечиттер өрттөлүп, баш калкалагандар тирүүлөй күйүп кеткен[5].

Ушуга окшош окуялар 1918-жылдын апрелинин аягында Куба уезди аймагында да болгон. Бул жакка Шаумян тарабынан жөнөтүлгөн дашнак отряды Амазасптын жетекчилиги алдында келген. Баберовскийдин маалыматы боюнча, бул отряд Куба шаарынын тургундарына каршы кандуу жазалоо жүргүзүп, уезддеги 122 айыл өрттөлгөн. Бир күндүн ичинде эле Куба шаарында 2000ге жакын адам өлтүрүлүп, шаардын борборундагы 150 үй кыйратылган. 2007-жылы Куба шаарында стадион куруу учурунда массалык көрүстөн табылган. Азербайжан окумуштууларынын изилдөөсүнө ылайык, ал жерден табылган сөөктөр 1918-жылдагы кыргында каза болгон ар кандай улуттагы жергиликтүү тургундарга таандык. Бүгүнкү күнгө чейин 400гө жакын сөөк табылган, алардын ичинде 50дөй бала жана 100гө жакын аял бар[8].

1918-жылдын март айындагы Базар көчөсү (азыркы Азербайжан проспектиси).

Степан Шаумяндын маалыматы боюнча, кагылышууларда эки тараптан тең 3000ге жакын адам каза болгон. Бул санды Ричард Пайпс, Тадеуш Свентоховский жана Одри Альтштадт да колдошот. Ал эми азербайжан булактары курмандыктардын санын 10 миңден 12 миңге чейин деп көрсөтүшөт. Жалпы курмандыктардын санын эске алганда, март окуялары Орусия революциясынын эң кандуу эпизоддорунун бири болгон.

Татар кварталындагы талап-тоноолордун кесепети

Тадеуш Свентоховскийдин айтымында, азербайжандардын аң-сезиминде Баку коммунасы март окуяларындагы кан төгүүнүн негизинде жаралган большевик-армян келишиминин оор символуна айланган. Бул окуялар мусулмандардын большевиктерден алыстоошуна алып келген. Кыргын тууралуу уккан соң Дагестан аймагынан куралдуу отряддар жардамга чыккан, бирок 10-апрелде большевиктер тарабынан токтотулган. 1918-жылдын июль айында Бакуда бийлик Центрокаспия диктатурасына өткөн, ал эми баку комиссарлары Красноводск шаарына качып барып, ошол жерде эсерлер тарабынан атылып өлтүрүлгөн. Бул режим да узакка созулган эмес, 1918-жылдын сентябрында Азербайжан Демократиялык Республикасы Баку үчүн болгон салгылаштан кийин шаарды өз көзөмөлүнө алган[8].

Америкалык тарыхчы Майкл Смиттин пикири боюнча, «Мусават» партиясы март окуяларын жаңы азербайжан улутунун түзүлүшү тууралуу мифти калыптандыруу үчүн пайдаланган[1].

Март окуяларын иликтөө

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1918-жылдын 15-июлунда Азербайжан Демократиялык Республикасынын Министрлер кеңешинин чечими менен өзгөчө тергөө комиссиясы түзүлгөн[9]. Бул комиссия «Европа согушу башталгандан бери бүткүл Закавказье аймагында мусулмандарга жана алардын мүлкүнө каршы жасалган зомбулуктарды иликтөө» максатында уюштурулган. Комиссия тарабынан чогултулган материалдар 1919-жылдын август айына карата 36 томду жана 3500 баракты түзгөн. Алардын ичинен 6 том, жалпысынан 740 барак, Баку шаары жана анын айланасындагы мусулман калкына каршы жасалган зомбулуктарды чагылдырган[10]. Бул материалдарда көптөгөн күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү камтылган, алардын арасында мусулмандар эмес адамдар жана чет элдиктер да болгон.

Бул маалыматтар Баку тобу тарабынан топтолгон. Анын курамына Баку округдук сотунун прокурорунун орун басары Клуге А. Е., сотко ишенимдүү адам Мамед Хан Текинский, адвокат А. А. Александрович, юрист А. А. Гаджи Ирзаев, Гянжа округдук сотунун прокурорунун орун басары Клоссовский Ч. Б. кирген. Мындан тышкары, сурак иштерине комиссиянын төрагасы Хасмамедов А. Б. өзү да көп учурда сот иштерине катышкан. Ушул материалдардын негизинде 1919-жылдын 24-июлунда Өзгөчө тергөө комиссиясынын токтому жарыяланган[9].

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]