Баку коммунасы

Википедия дан

Баку коммунасы - Бакуда жана Азербайжандын айрым аймактарындагы Совет бийлигинин (1918-ж. апрель июль ) өкмөтүнүн аталышы. Өкмөттүн курамы большевиктерден жана солчул эсерлерден түзүлүп, Эл комиссарлар Советинин төрагасы С. Г. Шаумян болгон. Азербайжанда Совет бийлигин орнотуу аракети алгач ийгиликсиз аяктап, Баку коммунасы түрк жана англис аскерлери тарабынан кыйратылган жана анын 26 жетекчиси (Baity комиссарлары С. Г. Шаумян, М. А. Азизбеков, П. А. Жапаридзе, И. Т. Фиолетов ж. б.) «Борбордук Каспий диктатурасы» өкмөтү тарабынан туткунга алынып, 1918-ж. 20-сентябрда Закаспийде атылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4