Бак тигүү

Википедия дан

Бак тигүү - бак-дарак көбөйтүүнүн негизги ыкмасы.

Бактын өсүп-өнүгүшү менен түшүмдүүлүгү көчөнү туура тигүүгө байланыштуу. Бак тигүү эрежеси бузулса, көчөт куурап калат. Көбүнчө бир жана эки жылдык көчөт тигилет. Ал көчөт керектүү узундукта, жоон, бутактуу (4-6 негизги бутак) жана тамыр системасы күчтүү болушу зарыл. Тигилүүчү жер терең айдалып, семиз болуу керек. Кыргызстанда Бак тигүү негизинен жазында, күзүндө жүргүзүлөт. Жазында отургузулуучу мөмө-жемиш багы үчүн чөнөктөр күзүндө, күздүгүнүкү тигүүгө 20-30 күн калганда казышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.