Балаболуш Байгазы

Википедия дан

Байгазы Шоорук уулу, Балаболуш Байгазы (1880, Коңурөгүз айылы - 1935, Ош шаары) - Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү таанымал болуш.

1893-ж. чоң атасы Эрбото аны Керимбай болуштун сыноосунан өткөрөт. Ушундан соң Байгазы Коңурөгүз айылына ыстарчын болуп дайындалат.

1896-жылы, башкача айтканда 16 жашында Каракыр болуштугуна болуш болуп шайланып, 1914-жылга чейин эл бийлеген.

1929-ж. НКВД тарабынан камакка алынып, Ош шаарындагы абактан каза болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5