Баладе суу каналы

Википедия дан
Баладе суу каналы, Фирдаус‎»‎ барагынан багытталды)

Баладе суу каналы же канаты, жана Фирдаус (фарсча: قنات жана قنات بلده فردوس – канат, суу түтүгү, жер алды менен казылган суу каналы, арык же гидротехникалык система), байыркы доорго (Сасаниддер дооруна) таандык жер алдындагы гидротехникалык система жана ошондой эле ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмегине катталган Иран каналдарынын бири болуп саналат. Анын басымдуу бир бөлүгү Фирдаус шаарына жакын жердеги айыл чарба жерлерин суу менен камсыздап турат. Баладе суу каналы өзүнө 15 суу түтүк, эки булак жана бир канча суу арыктарын камтыйт, акыркы жылдарда кургакчылыктын кесепетинен алардын бир канчасы кургап калган. Аталган суу түтүктүн тарыхы маалым эмес, бирок тарыхый жазууларга таянсак курулуштун тарыхый доору исламга чейин Сасанид дооруна таандык. Насер Хосроу өзүнүн сапар катында бул тарыхый курулуш тууралуу эскерген. Бул суу каналы болжолдуу 35 км жолду аралап Фирдаус аймагынын 2,382 гектар жерин суугарат. 400 жыл мурун бир катар Баладежан суулары ээсиз калган жана аталган суу түтүктүн 3000 жакын суу бутакчалары ээсиз калган. Бул доордо, Аббас шах Сефевид шейх Бахаи менен бирге Эсфахандан Машхад тарапты көздөй жөө зыяратка бараткан, Тун аймагына (азыркы Фирдаус аймагы) киргенде, Тун аймагынын ошол замандагы даанышмандары Шахтан аталган сууну коомдун төрт кабатына (Садаттар, уламалар, жакырлар жана Салихтер) бөлүп беришин суранышкан, Шах Аббас бул сууну коомдун төрт кабатына бөлүп беришин буйрук кылган. Ооз эки айтуулар боюнча Шейх Бахаи аталган сапарда Баладе суусун эки бирдей суу арыгына 8 күндө бир жолу бакчаны суугарып тургандай кылып бөлгөн. Бүткүл Баладе канатынын 27 нугу бар, бирок азыркы учурда алардын 16 гана ишке жарактуу, бул 16 суу каналдын ичинен 12 негизги жана 4 жардамчы суу каналы болуп эсептелет. Суунун агуусунун ылдамдыгын жана буулануусун азайтуу үчүн суу жер деңгээлинде агып, сууну кирдетүү жана ылайлатуу үчүн бир канча өлчөмдө топурак кошуп турат, анын себебинен канат суу жеткирүү түтүгү жабылып жер ичине суунун агымынын ылдамдыгы акырындайт. Сууну ылайлатып топурак кошкон адамды Ылайчы деп аташат. Бул суу каналы, Алия жана Сафали бакча айылдарынын жана Исламия шаарынын айыл чарба жерлерин суу менен камсыздап турат. Ошондой эле байыркы мезгилде, айыл чарба тармагынан башка, канаттын сууларын сактоо жана чогултуу жолу менен Фирдаус шаарын таза суу менен камсыздап турган. Эксперттердин изилдөөлөрү боюнча аталган канаттын суу жеткизүү каналдары 500 тонна балык өстүрүү потенциалыне ээ.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Фирдауси шаарындагы туризм”. Фирдаус мэриясынын расмий сайты.
  • “Облустагы жалгыз эки канат улуттук каттоо эстелигинде”. Хорасан газетасынын расмий сайты
  • “Иран канаты дүйнөлүк деңгээлде”
  • “Бүткүл дүйнөлүк мурастар уюмунун 40-жыйыны, Ирандын 11 суу түтүгү ЮНЕСКОго катталды”. Фарс информ агентствосу, 2016-жыл
  • “Иран суу түтүгү ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк уюмуна катталды”, Исканьюз, 2016-жыл
  • Хорасан Резави облусун изилдөөлөр
  • “Фирдаус суу жаныбарларын багуу бөлүгүнө айланып баратат”. Хорасан газетасы

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Баладе Фирдаус суусу», Тун расмий сайты,
  • «Канат» (Персче). Хорасан Резави облусунун билим берүү уюму

https://fa.wikipedia.org/wiki/%D9%82%D9%86%D8%A7%D8%AA_%D8%A8%D9%84%D8%AF%D9%87_%D9%81%D8%B1%D8%AF%D9%88%D8%B3