Мазмунга өтүү
Балад сүрөсү
- Меккеде түшүрүлгөн. 20 аяттан турат
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. Ушул шаарга (2) Меккеге ант!
- 2. Сен (о, Мухаммад) ушул шаарда жашайсың.
- 3. (Адам)-Атага жана урпактарга ант!
- 4. Биз инсанды машакатка жараттык. (3)
- 5. (Каапыр) инсан өзүнө эч кимдин күчү жетпейт деп ойлойбу?
- 6. Ал "эсепсиз мал-дүйнө короттум" дейт.
- 7. Ал өзүн эч ким көрбөй турат деп ойлойбу?
- 8. Биз ага эки көз бербедикпи?!
- 9. Тил жана эки эрин бербедикпи?!
- 10. Жана Биз аны эки жолго багыттадык (4) жакшы жана жаман
- 11. Ал (каапыр инсан) оор жолго жүрбөдү.
- 12. (О, Мухаммад) сен оор жол эмне экенин билбейсиң.
- 13. (Оор жол - бул) кул азат кылуу
- 14. же болбосо каатчылык күндө тамак-аш берүү-
- 15. тууганчылыгы бар жетимге.
- 16. Же чаңга буланган кедейге
- 17. Кийин (бул кайрымдуулукту жасаган) адам ыймандуулардан жана бири-бирин сабырга, ырайымдуулукка чакыруучулардан болсо,
- 18. Дал ошолор оң тарап ээлери!
- 19. Ал эми, Биздин аяттарыбызга каапыр болгондор сол тарап ээлери. (5)
- 20. Аларды ар жактан от каптап алган.