Баланит, баланопостит

Википедия дан
Баланит.

Баланит, баланопоститжыныс мүчөсүнүн башынын тери катмары менен ички кабыгынын сезгениши. Баланопоститте жыныс мүчөсүнүн башынын тери катмары жана ички кабыкчасы калыңдап териси түйрүлбөй, кызарып, ириңдеп, жараланат (фимоз). Айрыкча жаш балдарда жыныс мүчөсүнүн башы кычышат, тырмоонун натыйжасында ириңдеп сезгенет. Кант оорусу менен ооруган адамдарда баланопостит көп жолугат. Фимозго өтүп кеткен баланопоститте жыныс мүчөсүнүн башы сезгенип, ириңдейт, жараланат, кээде заараны чыгарбай, шейшеби бекип, сезгенүү заара каналына, табарсыкка чейин кабылдайт. Баланопоститти дарылоодо себебин эске алуу, алгачкы мезгилде эртең менен жана жатарда фурациллин, марганцовка эритмеси менен жууп туруу керек. Өнөкөт баланопоститте операция жасалат. Алдын алууда эркектердин өздүк гигиенаны сактоосу зор мааниге ээ жана фимозду өз убагында дарылоо зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8