Баланын төрөлүшү

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Бир баласын курсагына көтөруп, бир баласын бооруна көтөруп, бирөөнү жетелеп турган аялдан өтөөрү жок
Кыдыр аке
Жаш жубайлардагы жагымдуу окуя баланын төрөлүшү. Ба¬ла төрөлгөндө киндигин кескен аял киндик эне болуп эсептелет. Баланын кийинки кулк-мүнөзү киндик энесине окшош болот деп айтышат.

Киндик эне[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз эли жарык дүйнөгө келген ымыркайды биринчи жерден алып, киндигин кесип, киндик канын жерге тамызып, ороп алууну өтө кастарлуу, сыймыктуу иш катары баалашкан. Баланын кулк-мүнөзү, кайраты киндик энесине жараша болот деген түшүнүк боюнча, киндик энени кайраттуу, үлгүлүү, алпейим, дили ак аялдардан тандашкан. Ошондуктан элде "жетемди эмес, жерден алганымды тартам" деген сөз айтылат. Киндик кесүүчү аспап катуу, сүрдүү болгон. Байыркы мезгилде кыргыз эли баланын киндигин муз менен кесип, муздай тунук, сууктай кайраттуу болсун деп ырымдашкан. "Кыргыз эли муз менен киндигин кескен тууштуу элбиз" деген сөз эмдигиче айтылат. Киндик кесүү ак бата айтуу менен коштолгон. Батанын касиети баланын киндик каны менен бирге рухуна кирип, батада айтылган сөздөй узун өмүрлүү, акылдуу, кайрымдуу, боорукер, элдик адам болуусун тилешкен. Алсак:

Быссымылда, менин колум эмес,
Батма, Зууранын колу.
Улуунун жашын берсин,
Жакшынын башын берсин.
Бакайдын өмүрүн берсин,
Эр Агыштын көңүлүн берсин.
Манастай билектуу бол.
Каныкейдей тилектуу бол.
Алмамбеттей улуу бол.
Аруукедей сулуу бол.
Билектүүдөн күчтүү бол.
Жалтырактан түстүү бол.
Аталуудан улуу бол,
Акылдуудан кундуу бол.
Энелүүдөн эрке бол,
Эл алдында серке бол.
Кызыл тилден таңдайлуу бол,
Ырыскыдан маңдайлуу бол.
Оомийин!

Киндик эне баланы биринчи көрүп, ата-энесине сүйүнчүлөгөн адам. Деги эле баланын 7 энеси болот. Алар: киндик эне, өз эне, чоң эне, таене, кайын эне, өкүл эне, аяш эне. Киндик эне булардын эң алгачкысы болуп, ал баланын өмүр бою урматтап, сыйлап жүрөр энеси. Азыркы мезгилде шартка жараша келин төрөт үйүндө төрөгөндүктөн балдардын киндик энеси врачтар болуп калды.
Бала төрөлөр замат киндигин кескенден кийин энесинин чачы менен баланын таңдайын сайгылап кустурган, анткени кокус бала чарайнанын суусун жутуп алса, кийин куспай жакшы торолгон. Ошондон кийин гана киндик эне сары май менен оозанткан, анан ага ат (ысым) коюшкан. Баланын атына белгилүү мазмун сыйдырылган. Ал наристенин келечек тагдырына, шайтан-шабырдан коргоосуна таасир тийгизет деп эсептешкен.

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.