Баланын чачын алып, кыркын чыгаруу

Википедия дан

Баланын чачын алып, кыркын чыгаруу — төрөлгөнүнө 40 күн толгондо баланын «кыркын чыгарышат». Ал үчүн 40 кашык сууга туз татытып, баланын денесин чайкашат. Туз ымыркайдын денесин ар кандай илдеттен сактайт, денесин чыӊдайт. Баланын карын чачын кайчы менен алып, бут баспаган жерге коюшат. Илгери баланын кыркын айылдагы байбичелерди чакырып чыгарышып, балага бата сурашкан. 40 түстүү чүпөрөктөн курап көйнөк тигип, ичин (тигишин) сыртка каратып кийгизишкен экен. Бирок мүмкүн болсо баланын чачын таятасы жагы алып, кыркын таенелери чыгарган. Чач алган адам эл кадырлаган адам болушу керек болгон. Баланын ата-энеси ага бир жандык, же белек тартуулаган. Илгери белек-бечкек менен ал адамдын үйүнө барышса, азыр чакырып алдырышат. Баланын кыркын чыгаруудагы ырымдарда аймактык өзгөчөлүктөр бар. Мисалы, Таласта кырк май токоч жасап жети үйгө таратат, алар бир чымчымдан туз берет, баланы ошол туз татытылган сууга киринтишет. Жалал-Абадда дагы кырк токоч бышырышып, жыйырма үйгө таратышат. Калган жерлерде даярдалган сууга кырк кашык туздуу суу кошуп баланы киринтип, чачын алдырып, туугандарына чай беришет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.