Баланы бешикке бөлөө каадасы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Баланы бешикке салуу ырымы кыргыздарда кадимки чоң той менен коштолот. Ымыркайдын киндиги түшүп, төрөлгөнүнө жети күн болгондон баштап бешикке салынат. Бешик наристени бакканга, таза кармаганга, уктатканга бир топ ыңгайлуу. Салт боюнча бешикти төрөлгөн наристенин таенеси алып келет. Ал эми наристенин бешикке салынган күнүн бешик тою дешет.

Илгертен эле бешик тою берилүүчү күнү нан бышырылып, мал союлуп, айыл-апа, куда-сөөк, тууган-уруктар, тааныштар чыкырылган. Жентек делип сары май омурулуп, досторконго жер-жемиштер, боорсоктор, таттуулар төгүлгөн. Кур кол келбей белек- бечкектерин ала келишкен коноктор наристени алкашып, бешигине боорсок, таттуу, мөмө-чөмөлөрдү чачышкан. Ошол салт бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет. Баланы бешикке көптү көрүп, көп жашаган, көп төрөгөн, дөөлөттүү байбичеге салдырышат. Эгер ымыркай кыз болсо – бешикке кайчы, сөйкө, шуру, эркек болсо – чүкө, камчы салынат. Оң-сол чүкөлөрдү бешикке салып, аны баш жагынан көтөрүп «бар бол», «оң бол» деп эңкейткенде чүкөлөр күлтүккө түшүп кетет. Баланы бөлөөрдүн алдында алгач бешикке ар кандай оорулар, жин-шайтандар жашынып калбасын деп арча менен бешиктин ичи-сыртын аласташат. Анан: «Шайтандар кач, кач, кач, ээси келди!»-деп алып барып жаткырышып, «Бешик апа, бек карма! Умай эне, уйку бер!» деп таңат. Бөлөп жаткан учурда ыйлаак болбосун деп оозуна боорсок тиштеп алат. Жуурканы, куржуну, кабы, баштыгы болуп жети нерсени бешикке жаап, төрөгөн энесине карматат. Ал көтөрүп алып төрдөн эшикке, эшиктен төрдү көздөй жүгүнөт. Байбичелер алкап, баталарын беришет. Анан байбичелердин эң улуусу бешикти минип алып, камчылана теминет. «Ой, кайда жөнөдүң? Кайда барасың?»-деп сураганда: «Мекеге баратам»,-деп жооп берет.

Мына ушул бешикке салуу ырымы делет.

Булак: kloop.kg