Баластан (телеканал)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Баластан
КТРК Баластан
Өлкө

Flag of Kyrgyzstan.svg Кыргызстан

Берүү чөлкөмү

Flag of Kyrgyzstan.svg Кыргызстан

Берүү убактысы

7:00 — 22:00

Берүү тилдери

Кыргызча, Орусча, Англисче

Борбордук башкаруу

Flag of Bishkek Kyrgyzstan.svg Бишкек

Каналдын багыты

Үй-бүлөлүк, балдар үчүн, көңүл ачуучу

Алгачкы берүү күнү

1-октябрь 2013

Ээси

КТРК

Жетекчиси

Илим Карыпбеков

Курамындагы каналдар

Кыргызстан КТРК
Кыргызстан Ала-Тоо 24
Кыргызстан Музыка
Кыргызстан Маданият
Кыргызстан Спорт

Дареги

Flag of Bishkek Kyrgyzstan.svg Бишкек Жаш Гвардия бульвары, 59

www.ktrk.kg/balastan

Баластан — мектеп жашына чейинки жана мектептин башталгыч ошондой эле ортоңку класстарында окуган балдарга арналган Кыргызстандагы эң алгачкы балдар каналы. Бул канал 2013-жылы 1-октябрда ачылып, программалардын контенти 6 саатка түзүлгөн. Таңкы саат 7:00дөн — 22:00гө чейинки убакытар алыгында 3 жолу кайталанып сунушталат.

Күн сайын кыргыз жана орус тилдериндеги (70% кыргыз, 30% орустилинде) таалим-тарбиялык мааниси бар, билим алуу жана таанып-билүү багытындагы программалар, ошондой эле кино, мультфильмдер көрсөтүлөт. “Баластан” каналы бир гана балдар үчүн эмес, ата-энелер үчүн да маанилүү маалымат булагы болуп саналат.

Берүүлөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Бирге окуйбуз — Коомдук биринчи канал, Кыргызстандагы Ага Хан фондунун демилгеси менен үй бүлөлүк “Бирге окуйбуз” шоу программасын көрсөтөт
  • Баарын билгим келет — көрсөтүүсүнүн максаты бала бакчадан баштап мектеп курака чейинки балдарды тура жолго үндөө, аң сезимин өстүрүү, пайдалуу жана кызыктуу маалыматтарды берүү. Балдардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, дүйнөгө болгон көз карашын туура калыптандыруу. «Баарын билгим келет» көрсөтүүсүнүн ичинде бир нече рубрикалар камтылган. Алсак, «Салам, жаш талант!», «Жаныбарым-жан досум», «Сону ныр», «Билип ал!», «Таттуутамак», «Балдар жанылыктары».

Баластан шоу — үй бүлөлүк оюн-зоок программасынын негизги максаты: кичинекей балдар тартынбай өз оюн эркин айтуу, алардын таанып-билүүсүн өстүрүү жана ата-эне менен баланын ортосундагы мамилени жакшыртуу, бүгүнкү күндөгү терс көрүнүштөрдү күлкү аркылуу балдарга түшүндүрүү. Негизинен бул долбоор жалпы көрөрмандарга жагымдуу маанай тартуулаган, юмор коштогон шаңдуу маанайдагы көрсөтүү.