Балбай баатыр Эшкожо уулу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Балбай баатыр Эшкожо уулу (1813-1867) - кыргыздын 19-кылымдагы чыгаан баатырларынын бири, бугу уруусунан Орусиянын оторчулугуна каршы чыккан ишмер.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Балбай баатыр [1813, Ысык-Көл өрөөнү - 1867, Верный, сөөгү Сарыбулак (азыркы Балбай) айылына коюлган] бугу уруусунун белек уругундагы токой бутагынан чыккан беделдүү манап. Эл арасында айтылган маалыматтар б-ча Балбай эр жеткенден заманына ылайык, казактардын улуу жузунун жана коңшу кыргыз урууларынын жылкыларын тийип алууда жеке билек күчүнүн аркасы менен өзгөчөлөнүп, баатыр аталган. Ормон хандын заманында, анын уруулар арасында мал уурдоого, жылкы тийүүгө тыюу салган мыйзамдарын бузуп, саяк уруусунан жылкы тийип алгандыгы үчүн, Ормон хан тарабынан алты ай орго салынып жазаланат.

1855-ж. жазында бугу уруусу Ормон хандын бийлигинен баш тартып Боромбай менен бирдикте 1855-ж. Омскиде Россиянын букаралыгына өтүү жөнүндө бугу уруусунун атынан ант кармаган. Ошол мезгилден тартып, бугу менен сарыбагыш урууларынын ортосунда чыр-чатак күч алып, андагы чабыштардын биринде Ормон ханды Балбай катуу жарадар кылып, ал ошондон каза тапкан.

Ормон хандын өлүмүнөн кийин эки уруунун чабышы, уруулук согушка айланып, 1855-жылдан 1860-жылга чейин созулган. Бул уруулук согушта Балбайдын кадырбаркы көтөрүлүп, бугу уруусунун саясий турмушуна жигердүү аралашкан төбөлдөрдүн бирине айланган.

Бугу уруусунун башкы манабы Боромбай Меңмурат уулу каза болгондон кийин (1858), орус өкмөтү тарабынан киргизилген «ага манаптык» бийлик үчүн талашта башында Качыбек Шераалы уулу турган Шапак, меңмурат уулдары бир тарап, аларга каршы башында Мурааталы Бирназар уулу, Тилекмат Жылкыайдар уулу турган бирназар уулдары экинчи тарапты түзүп, белек уругунун манаптарынын арасында күрөш курч мүнөздө өткөн. Балбай шапак, меңмурат уулдарын колдоп, Бирназар тукумдарынын таламын талашкан салмаке, шыкмамат жана саяк уруктарына каршы куралдуу күч колдонгонго чейин барган. Бул чабышта саяктардан бир киши өлүп, үчөө колго түшөт. Чабыштын аягы орус бийликтери тарабынан текшерилип, токтотулат. Балбайды «ага манап» болуп шайланган (1860) Качыбек Шераалы уулунун кийлигишүүсү менен орус администрациясы жазадан куткарат.

Көп узабай эле Качыбек Шераалынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу (1862) Шапак жана Меңмурат уулдарынын ортосунда бийлик талашуу башталат. Бул жолку күрөштө Балбай жактаган Шапак тукуму жеңилип,1863-ж. Меңмурат тукумунан Сарымбек Сасыке уулу «ага манап» болуп шайланат.

Сарымбек манап менен Балбайдын ортосундагы мамиле кескин начарлап, Сарымбек Балбайды орус бийликтерине жамандай баштайт. Балбай баатыр буга жооп иретинде орус-кытай чегара бөлүү учурунда Кытай мамлекетине өтүп, бугу урууларынын эски конушу Текеске көчүп кетет. Ал жерден орустардын бийлигин тааныгысы келбей Текести жайлап жүрүшкөн казак төбөлдөрү Дурали султан, Саурун жана Сабатар молдолорго кошулат.

Балбай баатыр 1864-ж. Чыгыш Түркстандагы кытай бийлигине каршы чыккан дунган-таранчылардын козголоңуна катышкан жана Текестеги калмактарга жортуул уюштуруп, алардын Сүмбөдөгү бутпарастык кечилканасын талкалап, жылкысына тийип, айылдарын талкалаган.

1867-жылдын май айында орус өкмөтүнүн чалгындоо иштерин жетектеген, полковник В. А. Полторацкийдин кошууну Текеске экспедицияга келген. Ал жерден орустардын бийлигине моюн сунбай жүрүшкөн кыргыз-казак айылдары бар экендигин угуп, курчоого алган.

Натыйжада, кыргыз казак урууларынын башчылары, анын ичинде Балбай баатыр да каршылык көрсөтүүсүз эле колго түшкөн. Туткундар Верный чебине жеткирилип, камакка алынат.

Балбай 1867-жылдын май айынан сентябрга чейин Верный (Алматы) түрмөсүндө жатып, сентябрь айында көз жумган. Туугандары анын сөөгүн бир жылдан кийин Ысык-Көл калаасындагы Сары-Булакка (азыркы Балбай айылы) алып келип, жерге биришет.

Эстутум[оңдоо | булагын оңдоо]

Балбай баатырдын эрдиктерин биз сыймыктануу менен айтышыбыз керек. Балбай жөнүндө Кубанычбек Маликовдун «Балбай» поэмасы (1940) жана Эрнис Турсуновдун «Балбай жана анын доору» тарыхый романы (1992) жаралган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. - ISBN 5-89750-028-2. – 288 бет.
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы редактор Асанов Ү. А. К 97.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]