Балгарт өрөөнү

Википедия дан
Балгарт, өрөөн‎»‎ барагынан багытталды)

Балгарт өрөөнү - Ички Теңир-Тоодо. Жетимбел, Жетим, Үч-Эмчек тоолору менен курчалган. Карасаз, Буркан жана Арчалы сууларынын төмөнкү агымында жайгашкан. Узундугу 82 км, эң жазы жери 7 км. Өрөөндүн деңиз деңгээл бийиктиги 2700-3400 м. Чыгышы тектирлүү; түштүгүндө шиленди жана бийик кашаттар менен Арчалы суусунун шиленди конустары, түндүгүндө мөңгү таштарынан пайда болгон дөңсөөлөр жатат. Борбор бөлүгү түзөң. Өрөөн гранит, кумдук, сланец тоо тектеринен түзүлгөн. Алардын үстүндө чополуу жана плейстоцендин шиленди катмарлары жатат. Түзүлүшү боюнча грабен-синклиналь.

Климаты континенттик. Кышы суук, январдын орточо температурасы -13...-14°С, жайы салкын, июлдуку 8-9°С. Жылдык жаан-чачыны 300-400 мм. Каракаман, Буркан тоолору мөңгүлүү. Жылуусуу, Арчалы, Жылаңач, Каракаман, Балгарт, Карасаз жана Буркан суулары кошулуп, Кичи Нарынды түзөт. Балгарт өрөөнүндө саз көп кездешет; жер астындагы сууларга бай.

Кыртышы кумдак боз топурактуу. Шалбаа жана талаа өсүмдүктөрү басымдуу. Жайыты топоним балык жана арт (ашуу) сөздөрүнөн түзүлгөн; «балыктуу суу ашуусу» маанисин туюндурат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан географиясы.Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору». Бишкек. 2004
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4