Балеар аралдары

Википедия дан
Балдар аралдары‎»‎ барагынан багытталды)

Балеар аралдары - Жер Ортолук деңизинин батыш бөлүгүндөгү аралдардын тобу. Мальорка, Менорка аралдарынан жана Питиус архипелагынан турат.

Бул аралдар Испаниянын Бале-арес провинциясың түзөт. Аянты 5 миң к. ч%, калкы 510, 9 миң (1969). Админ. борбору жана негизги порту - Пальма. Жеринин бети ойдуңдуу жана дөңсөөлүү. Климаты жер ортолук деңиздин, жылдык жаан-чачыны 600 мм. Таш эмен, кызыл карагай, маквис, кодогой пальма жана гаррига бадалдагы өсөт. Балыкчылык өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.